Л. Мамытова: Жаңы мыйзам боюнча 30 миңдей бала жөлөк пул албай калат экен

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга быйыл июлда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Документ 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек. Анда жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү каралган
Image caption "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга быйыл июлда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Анда жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү каралган

Өкмөттүн "Кыргыз Республикасындагы мамлекетик жөлөк пулдар жөнүндө" КР Мыйзамынын күчүнө кирүү мөөнөтүн жылдыруу сунушу менен чыгышы кызуу талкууга жем таштады.

Буга чейин иштеп келген мыйзамга өзгөтүүлөр кирип, ал 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет деп айтылып келген. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, 3-16 жашка чейинки үч же андан ашуун балдары бар үй-бүлөлөр ай сайын жөлөк пул алмак. Бирок анда жөлөк пул үчүнчү жана андан кийинки балдарга төлөнөт деп көрсөтүлгөн.

Буга каршы Нарын облусунда үч ирет нааразылык акциялары да өттү. Би-Би-Си өкмөттүн мындай демилгесине эмне себеп болду? деген суроо менен Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытовага кайрылды.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Лунара Мамытова Нарында нааразылыкка чыккандар менен жолуккан

Л. Мамытова: Жөлөк пул мыйзамынын күчүнө киришин үч айга же 1-апрелге чейин жылдыруу боюнча Жогорку Кенешке киргиздик. Биз буга чейин кандай болот, канча бала кирбей калат деп анализ кылып чыктык. Алдын ала биздин эсеп боюнча, эгер 2018-жылдан тартып мыйзам күчүнө кирсе 30 миң бала жашаган 16 миңдей үй-бүлө жөлөк пул ала тургандардын тизмесинен чыгып калат экен. Булар буга чейин алып келгендер экен. Негизинен алар 3 жаштан жогору 1-2 балалуулар болуп калып атат. Алар жалпысынан алганда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. Ошого байланыштуу дагы талдап, башка бир механимздерди табабызбы деген ойдо үч ай мөөнөттү белгилеп жатабыз. Бирок сүйүнчү пул боюнча өзгөртүү болбойт деп сунуштап жатабыз.

Би-Би-Си: Буга чейин Нарын шаарында каршы чыккан энелерге сиз барып жолугуп келдиңиз. Алар менен бир пикирге келе алдыңыздарбы?

Image caption Нарын облусунда үч ирет нааразылык акциялары өттү

Л. Мамытова: Ооба, декабрь айынын башында Нарында бир жумалап жүрдүк. Айыл өкмөттөрү, жарандар, социалдык кызматкерлер менен да жолугуп, түшүндүрүү иштерин өткөрдүк. Эл менен жолукканда бир эле жөлөк пул эмес, майыптарга берилчү акчаны көбөйтсөңүздөр деген сыяктуу талаптар да болду. Жөлөк пул боюнча учурда акча алып жаткан 1-2 балалуулар кирбей калып жатат. Муну кандай чечип бересиздер? Биз ушул жөлөк пул менен гана жашап жатабыз деп өз нааразычылыктарын билдирди. Мыйзамда үч нерсе каралган. Биринчиси сүйүнчү. Бул боюнча эч кандай каршылык жок.

Экинчи, төрөлгөндөн үч жашка чейин дегенге да эч кандай каршылык жок.

Үчүнчү, үй-бүлөлүк көмөк деген жөлөк пулдун түрү боюнча 3-баладан баштап дегенге нааразычылыктар көп болду. Бул боюнча 1-2 балалуулар, жалгыз бой энелер же майыптар кирбей калып жатат деп нааразычылык чыкты.

Image caption Л. Мамытова: Үч айга жылдырып, өкмөт дагы кошумча консультацияларды өткөрүшү керек болуп жатат

Би-Би-Си: Учурда бул боюнча эл арасында эки божомол айтылып жатканы белгилүү. Биринчиси, өкмөттө каражат жоктуганан токтоп жатат дешсе, экинчиси, мыйзамдын чийкилигинен деген пикир айтылууда? Кайсынысы ынанымдуу?

Л. Мамытова: Үч айга жылдырып, өкмөт дагы кошумча консультацияларды өткөрүшү керек болуп жатат. Мыйзамдын консепциясы негизинен абдан жакшы каралган эле. Балдарды инвестициялоо деп, ар бир балага каралган. Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр гана алып жатса, жаңы мыйзам менен баардык балдарга берилмек. Бирок үчүнчү түрүн эл туура эмес түшүнүп, ар бир балага берилет. Биз д алабыз деп келишкен. Качан гана түшүндүрө келгенде, каап, эки балалуулар албай калат турбайбызбы деп жатышат. Эми депутаттар жана жарандык коом менен тыгыз байланышта болуп жаңы бир мыйзам сунушташыбыз керек болуп калат. Натыйжада үч айга деп сунуштап киргизип жатабыз.

Би-Би-Си: Мындан саналуу күн мурун Социалдык өнүктүрүү министрилигинин жөлөк пулдар боюнча адиси, мыйзам абдан жакшы жазылганын айтып, нааразылыкка чыккандар жөн гана түшүнбөй жатышат деп билдирди эле?

Л. Мамытова: Мыйзамга каршы чыккандар менен колдогондор да болот экен. Чынында колдогондор да абдан көп. Мисалы жаңы мыйзам күчүнө кирет дегенде дарыгерлер, мугалимдер чын эле биз да жөлөк пул алабызбы деп таң калып, айтсаңар эле барып дароо алабыз деп эле даяр турушкан.

Би-Би-Си: Азыркы иштеп жаткан мыйзам менен жаңы мыйзам долбоорун алсак, каражат жагынан аябай эле чон айырма чыгып жатат. Бул мыйзам өзүн актап иштеп кете алабы?

Л. Мамытова: Жөлөк пул алчулардын саны ай сайын өсүп жатат. Бул маселени биз жалгыз эле карабайбыз. Өкмөт коллегиалдуу орган болгондуктан баары карап, макулдугун же каршылыгын билдиргенден кийин корутунду чыгарган. Биз ага макул болушубуз керек. Бул маселеде каржы министирлиги да макулдугун берген.

Тема боюнча башка макалалар