Жылдын чуулгандуу камоолору менен соттук иштери

Тарапташтары 2016-жылы камалгандарды коргоп бир катар акцияларга чыгып, президентке кайрылышкан
Image caption Тарапташтары 2016-жылы камалгандарды коргоп бир катар акцияларга чыгып, президентке кайрылышкан

Депутат Аида Салянованын үстүнөн сот шаардык сотто уланды. Салянова менен Алмамбет Шыкмаматов камалбаган менен мандаттары алынышы мүмкүн. “Саясий туткундарды коргоо комитети” аталган топтун эсебинде, 25 саясий ишмер камакта. Жалпы кылмыш козголгон саясатчылар 50гө чукулдады дешти.

Комитет алардын дээрлик баары саясий куугунтуктун курмандыктары деп эсептейт.

Human Rights Watch жана Amnesty International эл аралык уюмдары үн катып, сунуштарын берди.

Алдыңкылары 2016-жылы камалып, сот өкүмү чыкса, Текебаев, Исаев жана башкалары өтүп бараткан жылы түрмөгө алынды. Тартип коргоо органдары, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алар коррупция өңдүү оор кылмыштарга айыпталгандыктан камалды дешет.

“Ата Мекен” партиясынан депутат Аида Салянованын соту шаардык сотто каралууда. Партиялашы Алмамбет Шыкмаматовду райондук сот “кызматынан пайдаланган”, “кылмышка шериктеш болгон” деп таап, беш миллион сом доого жыкты.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Текебаев жарыш сөздү экинчи күн сүйлөп жатат

Жыл аягында Human Rights Watch уюму президентке кайрылып, аны шайлоо учурунда берген адам укуктарын сактоо жана демократияны өнүктүрүү боюнча убадаларына турууга чакырды.

Ал эми адам укуктарын коргоо боюнча дагы бир уюм Amnesty International бийликти сындаган журналисттер менен медиага кысым болуп жатканын белгиледи. Эмесе кеп башынан болсун.

Камоолор 2016-жылы башталды

2016-жылы бийликке оппозиция катары чыккан “Элдик парламент” уюмунун мүчөлөрүнөн бешөө камалган. Алар Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Тойгонбек Калматов жана Александр Гусев.

Биринчи май райондук соту 2-августта Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди 14 жылдан, Марат Султановду 10 жылга күчөтүлгөн режимге кескен. Тойгонбек Калматовду беш, Александр Гусевди алты жыл шарттуу эркинен ажыратууну өкүм кылган. 13-ноябрда Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды кароодон кийин бул чечимди күчүндө калтырды. Шарттуу мөөнөт алган Калматов менен Гусев сот залынан дароо бошотулду.

Марат Султановго кылмыш иши козголгондо тагылган 299-беренени Биринчи май райондук соту алып, калган беренелер менен соттогон болсо, Бишкек шаардык соту ал кылмышты кайра кошту. Бул “улуттар, расалар, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу” беренеси.

“Саясий туткундарды коргоо комитетинин” башчысы Сапар Аргымбаев соттук иштер мыйзам бузуулар менен каралып келатат дейт:

“Башталганда ишеним жаратпаган күбөлөрдү таап, арасына өздөрүнүн агенттерин болсо да кошуп, билинип калбасын деп жабык өттү. Тергөөнүн эч кандай далили жок болгон үчүн да жабык кылышты”.

Ал эми Жогорку Сот иш жашы жете электерге, жеке жашоого жана мамлекеттик сырга байланыштуу болсо сот жабык өтөөрүн Би-Би-Сиге айткан.

“Элдик парламент” өткөн жылы жаз айларында жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевдин отставкасын талап кылган жана башка сындарды айткандан кийин бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган. Бир жылдай соттук териштирүү жүргөндөн кийин 2017-жылы өкүм чыкты.

Image caption "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандаттан ажыроодон коркпой турганын айткан

2016-жылы мартта ошондой эле оппозициячылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов Аксыда чек ара боюнча өткөн митингден кийин камалган.

Асанов менен Кадыровго 2017-жылы апрелде райондук соттун өкүмү чыгып, 12 жылдан эркинен ажыратылган. Аны аткаруу 2016-жылдын 24-мартынан тарта саналат. Алар “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” жана “кылмыш жасоого даярданган” деп соттолууда.

Бектур Асанов сот өкүмү чыкканда “Бул бийликтин бизге карата саясий буйругу. Биз тазабыз, бир дагы факты далилденген жок. Жеңиш биз тарапта болот” деген.

Алмазбек Атамбаев акыркы маалымат жыйынында Би-Би-Синин камактагы саясатчылар тууралуу суроосуна жооп берип жатып, айрым соттук иштер мамлекеттик сырга байланыштуу жабык деди.

“Ар бир соттогу ишке катышсаңар болот. Эми кээ бирөөсүндө мамлекеттик сыр бар, аларга силдерди киргизбейт. Бирок баары бир соттун чечими чыкканда көрөсүңөр. Эгерде кандайдыр бир жөн эле камалган адам болсо, ошо сот, ишти козгогон прокуратура, УКМК, керек болсо президент Атамбаев – биз жоопкерчиликке дайыма даярбыз”, - деген эле Атамбаев.

Жогорудагы комитет 25 киши бийликке каршы болгон үчүн гана камалды деп келет. Алар президентке чейин кайрылуу жасап, былтыртан бери бир нече жолу каршылык акцияларын уюштурду.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев болсо камалгандардын ар биринин жагдайы башка деген пикирде.

“Бул өзүнчө чоң маселе. Биздин кээ бир саясатчылар парламентке келе албай, бийликтен четтеп калгандан кийин бийликке келиштин амалын ойлоп, күч менен эле басып алсак эмне болот дегендер да бар, чынын айтыш керек. Бирок сот адилет журүп жатабы деген маселе турат. “Судья ким” деген суроо бар да. Ошондуктан коомчулукта саясий чечим болуп кеткен жокпу, “өзүм менен ала кетем” дегенге туура келип калган жокпу деген күдүк ой калууда”, - деди Молдалиев.

Мындан сырткары 2016-жылы июнда мурдагы мамлекеттик катчы, “Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгулов камакка алынган. Ушул иш боюнча, Сарыгулов менен маегинин жашыруун тартылган видеосу тараган энергетика боюнча адис Эрнест Карыбеков да камалган. Быйыл апрелде чыккан соттун өкүмүнө ылайык, Карыбеков 20 жылга, Сарыгулов төрт жылга кесилип, Сарыгулов калган жазасын шарттуу өтөө чечими менен бошотулган. Алар “мамлекетке чыккынчылык кылуу”, “кылмышты жашыруу” беренелери менен соттолду.

Сапар Аргымбаев камалган саясатчылардын жакындарына да басым болгон учурлар бар экенин белгиледи:

“Саясий куугунтукка кабылып камалгандардын балдары да жумуштан алынды, жакындары басмырланган учурлар болду. Айрымдарынын үй-бүлөсү каражат жагынан кыйналып жатышат. Эл балким башында кылмыш деп ишенген чыгаар, бирок азыр баары бул бийликтин амалы экенин түшүнүп калды”.

Парламенттеги негизги оппозицияны сотко жетелеген мамиле

Адвокаттар Өмүрбек Текебаевге сот өкүмү боюнча эл аралык уюмдарга кайрылууга даярданууда.

Текебаевдин иши өтүп бараткан жылдын резонанс жараткан окуяларынан болду.

2016-жылы оппозициялык маанайга оогон Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 2017-жылы февралдын аягында камакка алынды.

Анын партиялашы, мурдагы элчи жана өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. Экөө тең мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн тартипте сегиз жылдан эркинен ажыратылды, кийин үч жылга чейин мамлекеттик кызматка келбесин деген чечим чыкты. Иш Жогорку Сотко чейин жетип, өкүм өзгөргөн жок.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Мурдагы депутат Садыр Жапаров тергөө абагында кекиртеги кесилген, аны көзү кылганы айтылды

Бирок эл аралык уюмдар бул иш боюнча пикирин айтпады.

Бул иш дагы Атамбаевдин оппоненттерине каршы куугунтугу экенин Текебаев өзү баш болуп айтып келатат. Алар күнөөсүз экенин далилдейбиз дейт.

“Кыргыз мамлекети адам укуктары боюнча мүчө болгон бардык уюмдарга кайрылабыз. Мыйзамда жана эл аралык укукта каралган бардык механизмдерди пайдаланабыз. Бул иш Өмүрбек Чиркешовичтен саясий өч алуу, саясий репрессия экенин далилдейбиз”, - деген эле Би-Би-Сиге “Ата мекен” фракциясынын азыркы лидери Алмамбет Шыкмаматов.

Анткиче Шыкмаматовдун өзүнүн үстүнөн да соттун чечими чыгып калды. Ал күнөөлүү деп табылып, беш миллион сомдук айыпка жыгылды. “Ата мекендин” көрүнүктүү өкүлдөрүнүн дагы бири, мурдагы баш прокурор Аида Салянова да “кызматынан кыянат пайдалануу” боюнча соттолууда.

Мурдагы “атамекенчи” Өмүрбек Абдрахманов Текебаевдин иши боюнча айыптоонун негизги күбөсү:

“Менин билдирүүм УКМКныкы менен туура келеби келбейби ишим жок. Мен болгон фактыны айттым, кандай бүтүм чыгарышты өздөрү билет. Чынында “Мегакомду” толугу менен сатабыз деп москвалыктардан бир миллион доллар алган. Мен ага күбө болгом”.

Эксперттер Абдарахманов канча жылдан бери айтып келгенине карабай Текебаев Атамбаевге каршы позицияны алгандан кийин гана иш козголгонун иштин саясий мотиви бар экенин көрсөтөрүн белгилешет.

Москвалык эксперт Аркадий Дубнов да ушундай ойдо:

“Мурдагы убактылуу өкмөттүн Атамбаевге каршы биригүү аракети себеп болду. Андан сырткары жети жыл мурда болгон кылмыштын элементи бар окуяны так ошо учурда таап чыгуу Текебаевге каршы чабуул жөн жерден эмес деген шектенүүнү жаратты”.

Текебаев менен Чотонов “Мегаком” компаниясынын жетекчилигине кошуу убадасы менен орус жараны Леонид Маевскийден бир млн доллар пара алууга айыпталууда.

“Ата Мекендин” юристтерине өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы кабарланды. Текебаевдин адвокаттары кысым болуп жатканын айтып келет.

Жергиликтүү адвокат Икрамидин Айткулов Кыргызстанда чынында жактоо кыйын, бирок оппозиционерге адвокат болуу мурдагыдай опурталдуу эмес деген ойдо:

“Кыргызстанда өзүңдү гана эмес, негизи бирөөнү жактоо кыйын. Адвокаттардын шарты оор. Бирок оппозициячыларды жактоо улуттар аралык иштерде адвокаттык кылуудагыдай оор эмес. Ош окуясына байланыштуу иштерде адвокаттарга кандай гана чабуулдар болду. Оппозициячыны коргогондо сага кол салуу болбойт. Аларды коргоо азыр мурункудай оор болбой калды. Мурда лицензиябызды алганга чейин барчу”.

Текебаев менен Чотоновдун жаза аткаруусу мунапысты эске алганда 4,5 жылга кыскарды.

Чуулгандуу кылмыш иштери

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Карганбек Самаков

Жыл аягында териштирүүсү эки жыл мурда башталган экс-депутат Карганбек Самаков камакка алынып, он бир жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Ага эки мунапыс колдонулуп, жаза мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылат. Айыл чарба жерлерин турак-жай жерлерине мыйзамсыз айландырган делген бул иштен жалпы он бир киши өттү. Мурунку премьер-министрлер Искендербек Айдаралиев, Игорь Чудинов беш миллион сомдон айыпка жыгылды. Самаковдун баласы баш болгон беш киши сегиз жылдан кесилди.

2017-жылдын дагы бир эсте калган камоосу 25-мартта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун камакка алынуусу. Ал 11 жарым жылга эркинен ажыратылды. Жапаров "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" жана "ээнбаштык" беренелери боюнча мурда Сарууда кылган митингге байланыштуу айыпталууда.

Жазда өткөн Жапаровду колдоо митингине катышкан он эки киши кармалып, алардын үстүнөн да сот жүрдү.

Жапаров убактылуу кармоо жайында кекиртеги кесилген жерден табылып, ага өзү барганы айтылды.

“Кыргызстан” фракциясынан депутат Канатбек Исаев шайлоо алдында камакка алынды. Ал “кылмышка даярдануу”, “башамандык”, “бийликти күч менен басып алуу” деген оор кылмыштарга шектелип, иши тергелүүдө. Исаевге андан мурда “коррупция” боюнча иш козголуп, соту жүрүп келатат.

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын мурдагы лидери, депутат Өмүрбек Бабановго улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Алмазбек Атамбаев Би-Би-Синин камактагы саясатчылар тууралуу суроосуна берген жообунун уландысында мындай деди:

“Эгерде мурункудай “кылганыңды кыла бер” деп койсок, алты жылдын ичинде Кыргызстан жок болмок. Тизгиндеп атып Кыргызстанды ордуна тургуздук. Мен ушундай суроолорго таң калам да. Мүмкүн мен билгендей билбейсиңер. Таратылган акчага керек болсо курал-жарак сатып алып 15-октябрда баштайбыз деп атса, биз эмне кылышыбыз керек? Орден беришибиз керекпи Исаевге же Бабановго?”.

Акыркы маалымат жыйынында Атамбаев Бабановдун келечеги бар болчу, бирок шайлоо алдында башка элдин башчысына чуркап, этникалык кастыкты козгоп өзүнө өзү кылды деп айтты.

Политолог Орозбек Молдалиев Атамбаев акыркы сөзүндө Бабановдун келечегин аныктап койгону туура эмес болду деди:

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

“Айрым нерселер билинбей кулак сыртынан кетип жатат. Чынында “мен ажыдаар болгон жокмун” деген менен ажыдар экени көрүнүп эле турат. Эми кеткен кишинин өйдө-төмөнүн айтпай эле коёлу. Бирок, мисалы, Бабановго иш козголду. Бирок соттук териштирүү боло элек да. Атамбаев болсо “өзүнүн келечегин өзү бүтүрдү” деп азыр эле жыйынтыгын чыгарып жатат. Балким сот актап салат”.

Алмазбек Атамбаев ушул эле жыйында эски саясатчыларды өзү менен кошо ала кетип жатканын белгилеп, эми алар Кыргызстанда саясий атмосфера түзө албайт деп ишенимдүү айтты.

Молдалиев бирөөнүн келечегин кесип салдым деген жакшы эмес билдирүү болду дейт:

“Таасирди көрсөтүш үчүн сөзсүз эле Жогорку Кеңешке келиш, сөзсүз президент болуш милдет эмес. Коомдук пикир деген болот, элдин арасында кадыр-барктуу адамдар бар. Алар коомдук пикирге, элге таасирин тийгизе алат. Болгондо да азыр 21-кылым. Мисалы, камалган Текебаев, мурда соттолгон Келдибеков жана башка соту жүрүп жаткандарды келечеги жок деп эч ким айта албайт. Бул бир гана кудайдын иши”.

Камалгандарды колдогон топтор президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Эксперттер Жээнбековдун келиши менен саясатчыларга мамиле күтүлгөндөй жеңилдебегенин белгилешти.

Атамбаев Жээнбеков керек учурда жумшак эмес деген журналисттерге. Ал эми Жээнбеков Атамбаевдин жолун улантаарын айтып келди.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар