Алайда 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Алай району

Кыргызстандын Сейсмология институту Ош облусунун Алай районунун аймагында очогунда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.

"Алай районунун Бор-Дөбө, Нура, Икизяк, Иркештам айылдарында 4 балл, Кара-Киндик айылында - 3,5 балл жана Арча-Булак,Сары-Таш айылдарында - 3 балл сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок»,-деди Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Быйыл жаз айында эле Оштун Чоң-Алай районунда катуу жер титирөө каталган эле. Жер титирөөдөн Карамык, Шиве, Жекенди, Чулук, Кара-Тейит жана Кара-Мык айылдары жабыр тартып бир топ үйлөр жана имараттар авариялык абалга келген. (AbA)

Тектеш темалар