Жабык чек арадан жабыккан экономика

Кыргыз экономикасы бул жылы Евразиялык экономикалык биримдикте биринчи кыйынчылыктарды баштан ѳткѳрдү. Казакстан чек араны жаап койгондуктан, бир жарым ай камоого кабылып, Эл аралык валюта фондусунун эсеби боюнча 200 млн доллардай зыян тартты. Ошол эле учурда башка коңшусу Ѳзбекстан менен көп жылдардан бери жабык болуп келген чек аралары ачылып, соода-экономикалык алакасы жанданды.

Казакстандын камалоосу

Image caption Кыргыз-казак чек арасында топтолгон автоунаалардын узундугу 13 чакырымга жетти.

Узап бараткан жылы кыргыз экономикасы үчүн Казакстан менен болгон чек арадагы бир жарым айга созулган камалоо эң чоң сыноо болуп калды. Президенттик шайлоонун так алдында казак президенти Назарбаев Кыргызстандагы президенттикке талапкерлердин бири, "Республика" партиясынын лидери Ѳмүрбек Бабановду кабыл алып сүйлөшүп батасын берип койгондон кийин, эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатат деген расмий Бишкектин дооматына калды. Экс-президент Атамбаевдин айыптаган кескин билдирүүлөрүнөн кийин Казакстан ага жооп катары чек араларда текшерүүнү күчөтүп, оор жүк ташыган автоунаалар көп күндөп өтө албай, бир нече километрге созулган колонналар пайда болду. Ошол убакта кыргыз экономикасы тарткан зыянды Эл аралык валюта корунун маалыматына таянып, кыргыз өкмөтү 200 миллион доллар деп билдирген.

Кыргызстан тарткан зыян мындан да көп болушу мүмкүн, бирок мындан башка расмий маалымат айтылбады. Ал ортодо Кыргызстандын өкмөтү Казакстан эркин соода эрежелерин бузуп, жасалма тоскоолдуктарды жасап жатат деп ЕАЭБке, Дүйнөлүк Соода уюмуна чейин арызданды. Бирок чек арадагы тоскоолдуктар Кыргызстанда жаңы президент шайланып, Сооронбай Жээнбеков ноябрдын этегинде Минскиде президент Назарбаев менен жолуккандан кийин гана алынды.

Ѳзбекстан менен жанданган мамилелер

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Президент А. Атамбаевдин Ташкентке расмий сапары 5-октябрда болду.

Ошол эле учурда Кыргызстандын башка коңшусу менен Ѳзбекстан менен көп жылдардан бери жабык болуп келген чек аралары ачылып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар жанданды. Ѳзбекстан президенти Мирзииевдин Бишкекке, андан кийин Атамбаевдин Ташкентке расмий сапарынын учурунда эки-тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү караган бир топ документтерге кол коюлду. Кийинки жылга сооданын көлөмүн 500 млн долларга чыгаруу пландары болуп жатат. Экономикалык маанидеги эң орчундуу маселелер катары Кытай-Кыргызстан-Ѳзбекстан темир жолун куруу, Камбар-Ата -1 ГЭСин биргелешип куруу жөнүндө чечимдерди айтсак болот.

25-26-декабрда Ташкентте Кытай-Кыргызстан-Ѳзбекстан темир жолун куруу боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү болду. Кыргызстандын транспорт министри Калилов Жамшитбек трансулуттук магистраль боюнча маршруттар такталып бүткөнүн билдирген.

Ал эми ГЭС маселесине келсек, Ѳзбекстан көп жылдар бою Кыргызстанда "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга таптакыр каршы болуп келсе, Мирзиевдин тушунда бул долбоорго өзү кошо катыша турган болуп жатат. Бул кандай шарттар менен ишке ашарын азыр айтуу эртелик кылат, Бишкекте бул маселенин үстүнөн иштер жаңы гана башталды.

"Биз суу маселелелери, электро станцияларды куруу боюнча боюнча абдан олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катышуусуз курулбайт деп айтты. Мен толугу менен макулмун. Каржы, ресурс кайсы жагынан гана болбосун биз активдүү колдоого даярбыз. «Камбар-Ата» бизге керек жана зарыл. Биз биргелешип курабыз",- деген өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Атамбаевдин Ташкентке болгон сапарында.

"Лигласс" чыры

Кыргыз өкмөтүнүн башка ГЭСти - "Жогорку-Нарын" ГЭсин курууга инвестор табуу аракети быйыл да текке кетти. Чехиялык "Лигласс" компаниясы менен болгон келишимдин арты чырга айланды.

LiglassTrading компаниясы Кыргызстанга убада кылган 37 млн долларды төлөй албай турганын билдирип, кошумча убакыт сурады. Кыргыз өкмөтү бул сунушту кабыл албай, келишимден чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу Inpo
Image caption "Лиглас" компаниясынын ээси Михаэл Смелик ар кандай каралоо жүрүп, ишине тоскоолдук жаратканын айтып, муну капилеттен чыккан иш (форс мажор) болду деп атады.

Кыргызстанда кээ бир саясатчылар жана активисттер да чехиялык компаниянын ишин казып иликтешип, кризисте турганын, жетиштүү акчасы жок экенин, күмөндүү келишим түзгөнү үчүн өкмөттү катуу сындашты. Коомдук ишмер Эдил Байсалов "Лигласстын" аракетин шылуундук деп атады.

"Жогорку Нарын" ГЭС каскадын курууну орусиялык "Русгидро" компаниясы 2012-жылы баштаган. Кийин компаниянын каражаты түгөнүп, курулуш токтоп, парламент келишимди жокко чыгарган эле.

«Мегаком» дагы сатылбай калды

Дагы бир ара жолдо калган экономикалык маселе - "Мегаком" уюк оператору катары белгилүү "Альфа-Телеком" компаниясын сатуу боюнча Ѳкмөттүн кезектеги аракети ишке ашпады. "Альфа Телеком" ишканасын орусиялык ишкер Елена Нагорная сатып алары сентябрда жарыя болгон. Бирок тараптар сатык шарттары боюнча мунасага келе албай, кыргыз өкмөтү сүйлөшүүнү токтотту.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргыз өкмөтү "Мегакомду" аукциондон сата албай койгондуктан, тикелей сатууну чечкен.

Кыргыз өкмөтү "Альфа телеком" компаниясын сатуу боюнча эл аралык ортомчу компаниялары менен кеңешип жатканын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси мурдакы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев билдирген:

"Мегакомду" сатууда эки негизги шарт бар. Биринчиси - баары мыйзам чегинде жасалат, экинчиси - ар бир кадамыбызды коомчулукка, Жогорку Кеңешке ачык-айкын жеткирип турабыз. Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр журүп жатат»,-деген Дүйшөнбек Зилалиев.

Өкмөт "Альфа Телекомду" 2015-жылдан бери эле сатууга аракет кылып келатат. Баардыгы үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпады. Акыры өкмөт компаниянын наркын 13 миллиард 500 миллион сомго чейин арзандатып, тикелей сатууга чыгарды.

«Кумтөр» түйүнүн чечүү аракеттери

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Д. Зилалиев: “Кумтөр” токтобош үчүн эки мөңгүнү көчүрөлү

Кыргызстандагы экономиканын локомотиви болгон "Кумтөр" долбоору жөнүндө "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдө бул жылы жылыштар болду. Кыргыз өкмөтү сентябрда мурда берген экологиялык доодон баш тартып, "Центерранын" экологиялык сунуштарын кабыл алды. Ал эми экономикалык жагы, тактап айтканда биргелешкен ишкана куруу боюнча маселе чечилген жок, эки тарап тең мунаса таба элек. Бирок Кыргыз өкмөтүнүн "Кумтөр" түйүнүн чечүүдө пландары өзгөрүп жатканын премьер-министр Сапар Исаков өзүнүн ишмердигинин жүз күндүк жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында ачыктады.

Премьер-министр «Центерра» компаниясынын башчысы Скот Перри менен соңку жолугушууда "Кумтөр" компаниясынын 100 пайызын алуу жөнүндө сунуш болуп калганын, өкмөт бул сунушту эксперттер менен карап талкуулап жатканын айтты. Ток этер жери, "Центерра" башка жакта, Монголия менен Түркиядагы кендерди дагы алып иштетип жатканын, ошондуктан бул компанияда Кыргызстандын үлүшүн сактап калуу маанилүү маселе болуп жатканын баса белгиледи.

"Кумтөр" кенинин иштешине сегиз эле жыл калды. Сегиз жылдан кийин "Кумтөр" кени жабылат. А "Центеррада" башка жаңы кендер ачылып иштеп баштады. Мына "Томсон Крик" иштеп баштады. Кудай буюрса, биз андан дивиденддерди алып баштайбыз "Кумтөрдөй" кылып",-деди премьер-министр.

"Кумтөр" долбоорун 2012-жылы парламенттик, мамлекеттик комиссия текшерип чыгып, буга чейинки келишимдердин баары коррупция болгон, ошол себептүү мамлекетке эбегейсиз экономикалык жана экологиялык зыян келди деп бүтүм чыгарган. Ошондон кийин Өкмөт "Кумтөр" долбоорун кайра карап, "Центерра" менен биргелешкен ишкана түзүү керек деген сунушту талкуулап баштаган. Бирок мындан мурдакы эки өкмөт тең бул маселеде "Центерра" менен мунаса таба алган эмес.

Тектеш темалар