Ыйман, адеп жана маданият: "китеп окуу көп маселени чечет"

"Ыйман" фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков элдин руханий өнүгүүсү багытында алдыда да иштей беребиз дейт
Image caption "Ыйман" фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков элдин руханий өнүгүүсү багытында алдыда да иштей беребиз дейт

“Элибиз китеп окуганды үйрөнүп алса, көп нерсе өзүнөн өзү чечилет”, - деп ишенет “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков. Адеп державасын курушубуз керек деген Кадырбеков түкүрбөй, сөгүнбөй коюуга акча кетпей турганын белгилеп, “Ыйман, адеп жана маданият” жылы шылтоосу менен көргөн аракеттери тууралуу айтып берди.

Би-Би-Си андан адегенде бул жылдын идеясын жайылтуу үчүн аткарылган иштер тууралуу сурады.

Нуржигит Кадырбеков: Жыл башынан бери эң чоң иш чарабыз “Жүзүмө түкүрбө, мекендешим” деген акция болду. Биз адеп державасын куралы деген чакырык менен чыктык. Мисалы, Япониядай технология державасын, Россиядай курал-жарак державасын же Кытайдай космос, АКШдай финансы державасын куруш үчүн миллиарддаган доллар, өтө көп ресурс керек.

Бирок түкүрбөй коюш үчүн, сөгүнбөй коюш үчүн эч нерсенин кереги жок, болгону ыйман, адеп зарыл. Анын методикасын таптык. Түкүргөндү сыртынан жаман көрөбүз, кээде байкабай деле коёбуз. Бирок “түкүрбө, бул биздин мекенибиз” деп жумшак айтышыбыз керек экен. Эгер ачууга алдырса же айтканыңды жактырбаса акырын басып кетип калыш керек экен.

“Айткандын оозу жаман” дейт, бирок айтпагандын оозу жаман экен. Биз көп жерди кыдырдык, адамдар айып экенин билбеген үчүн түкүрөт экен. Бир дагы адам бизди жаман көрүп караган жок, баары туура кылып жатасыңар дешти.

Кыскача “Адеп олимпиадасы” дегенди баштадык. Китептерден бери, методикалардан бери даярдадык.

Кыргыздын залкар акын, жазуучуларынын жалаң ыйман, адеп тууралуу чыгармаларынан турган “Ыйман жарчылары” деген китеп чыгардык. Андан башка бир топ китеп жарык көрдү.

Сизге дагы бир жаңылыкты айтып коёюн, Жусуп Баласагындын жаңы котормосу чыкты, автору Кубанычбек Басылбеков. Баласагындын чагрмаларынын баары адеп, ыйман жөнүндө.

Андан сырткары индиялык, тамилдик улуу акын Валюверди котордук.

“Окурман улут” деген долбоор баштадык. Адамдардын китеп окуганы чындап эле адебине таасир этет экен.

“Интеллектуалдык инвестиция” деген долбоор менен бүт мектептерди кыдырып жатабыз. Айтор, адеп жылы деп атап коюу бизге жол ачты, дем берди, эл дагы түшүндү, ошону менен бир топ иш аткарылды.

Би-Би-Си: Бул аракет мамлекеттик деңгээлге чыкты деп айта аласызбы? Айрым байкоочулар аны көрө албаганын айтып, иш чабал жүргөнүн белгилешти.

Нуржигит Кадырбеков: Кечирип коюңуз, байкоочуларга айтаарым, байкап эле отура бербей, кылыш керек. Андай болбой калды, мындай болбой калды дегенден көрө көчөдө жок дегенде таштандыны алып кой, түкүрбө деп айтып кой.

ОшТВда ушул боюнча сүйлөп жатсам, бир көрөрман эже чалып, мамлекет жылда бир жылды атап коюп, эч нерсе жасабайт деди. Мамлекет деген ким? Ал сиз дагы, мен дагы.

Өзүбүз жетпеген жерлерге кинолорубуз жетип жатат. Кыска тасмаларды тарттык. Эң узун кинобуз ашып барса он төрт мүнөт. Алар ата-эне, достук, билим тууралуу. Элге аябай таасир этип жатат.

Би-Би-Си: Адеп, ыйман боюнча кайсы катмар менен көп иштешүү керек экен?

Нуржигит Кадырбеков: Алайда сүйлөп жатып, Алай эмнеси менен атагы чыккан десем Курманжан Датка, Алымбек Датка дешти. Араңарда аларды бүгүн эскергендер барбы десем унчугушкан жок. “Өткөнгө тапанча менен ок чыгарсаң, келечек сени замбирек менен атат” деп коёт. Өткөнгө таазим кылсаң келечегиң кең болот, бул далилденген.

Айылдарда салам айтуу жок болуп баратыптыр. Саламдашуу жоголсо адеп, кыргыздын наркы, насили кошо жоголот. Айылда тааныбаганга да салам берчүбүз. “Тааныбаган үйгө кудай конок болуп кирген”.

Эң көп жаштар менен иштеш керек. Анткени адам жети жашка чейин калыптанып бүтөт экен. Мисалы, бала бакчада, мектепте саламдашуу адебин сиңирип койсо, кийин ташта десең да таштай албайт.

Адам билим менен гана адептүү, кыйын же жакшы болуп кетет деген туура эмес. Адам биринчиден руханий, экинчиден интеллектуалдык, үчүнчүдөн физикалык жактан өнүгүш керек.

Би-Би-Си: Фонд “Ыйман” аталган менен бир эле диний багытта иш алып барбайт, бир топ китеп чыгардык деп жатасыз. Билишимче сиз да көп китеп окуйсуз. Жаштардын арасында китеп окууну кантип калыптандырса болот?

Нуржигит Кадырбеков: Мурдагы президент “Ыйман” деп атап койду, бирок биз диний эмес, баарына бирдей фондбуз.

Дүйнөдө өнүккөн элдер китепти көп окуйт. Японияда жылына бир киши орточо 20 китеп окуйт. Кыргызстанда балким, жарым китеп деле окубайбыз.

Ошондуктан "Китепкөй улут" деген долбоорду баштадык. Китеп окууга үндөп, дааватка чыгууга чейин баралы деп жатабыз. “Жакын жерде китепкана бар, барып китеп окуп келели” деп элди чакырабыз.

Китепканаларда жаштар менен талкуу кылабыз. Анан кадимкидей акча коюп, ким көп китеп окуса мынча сом деп кызыктыралы деп жатабыз.

Элибиз китеп окуганды үйрөнүп алса, көрөсүз, көп маселе өзүнөн өзү чечилет.

Албетте бир жыл менен ыйманды, адепти жана маданиятты калыптандыруу мүмкүн эмес, биз ишибизди уланта беребиз.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар