Батма Казакбаева: Иттен калпакты чечип алууга үлгүрбөй калдым

итке калпак кийгизди Сүрөттүн автордук укугу Social media

Би-Би-Си "итке калпак кийгизди" деген чуулгандуу окуянын уюштуучуларынын бири Батма Казакбаева менен окуянын чоо-жайын талкуулайт.

Бишкектеги соода борборлорунун биринде өткөн иш чарада итке "Кыргызстан" деген жазуусу бар калпакты кийгизип чыккан кыздын окуясы дале талаштуу талкуунун чордонунда.

Уюштуруучуларга катаал чара колдонуп, жоопко тартууну талап кылгандардын да катары калың. Алардын бири атайын кызматтарга да арыз менен кайрылды.

Б. Казакбаева: Дуу болуп аткан иш чара 22-декабрь күнү өткөн. Кечээ кечке милиция бизди суракка алып, түшүнүк жаздык. Итти жетелеп чыккан кызды да чакырды. Бирок мен ал кызды көргөн жокмун. Жакында бул боюнча иш козголот, азырынча чет өлкөгө чыкпай тургула деп милдеттендирди. Бул кароосуз калган ит-мышыктарга жай ачуу үчүн уюуштурулган кайрымдуулук иш чарасы болчу. Муну атайын фонд бар экен. Ошолор уюштурган. Биз соода борбору аларга имараттын ичинен аянтчаны, аппаратураны жана байгесин камсыздап бермекпиз. Ошондуктан алар эмне кийгизип чыгарат, кандай кастюм кийгизет дегенге биз карамак эмеспиз. Бул алардын жоопкерчилигинде болчу.

Би-Би-Си: Бул боюнча абдан көп кишилер кыжырданып, аябай катуу сын айтып аткан учурда «бул эч нерсе эмес, бул конкурс» деген пикириңизди жарыялап талашты ого бетер күчөтүп жиберген жоксузбу?

Б. Казакбаева: Ооба, абдан эле күчөтүп алдык. Иш чара өтүп жаткан учурда мен ошол аянтка барып калсам, калпак менен кастюмду кийип турган ит подиумдун ортсунда турган экен. Мен көрүп дароо эле ушунун айынан бирдин ичинен чыкпасак экен дедим. Бирокалар элдин алдына чыгып кеткен сөн мен эч нерсе кыла албай калдым. Кеч болуп калды. Бирок байкасам жашы-карысы дебей кол чаап, коштоп, сүрөткө түшүп жатышты. Мен демек жакшы эле болду го деген ойдо калгам. Бирок андай болгон жок.

Би-Би-Си: Экинчи тарап дагы бар деп калдыңыз, иттти жетелеп чыккан кыз бугүн кандай ойдо болду экен? Сиздер ал кыз менен сүйлөштүңүздөрбү?

Б. Казакбаева: Ал кыз онунчу класста билим алып жаткан окуучу кыз. Ал буга чейин чет жактарда далай сынактарга катышып, байге алып жүргөн экен. Бирок ал сынактарда калпак кийгизип же кийгизбей жүргөнүн тактай элекмин. Ал да абдан басымга кабылган экен. Үйүнөн чыга албай, кыйналып жаткан учуру.

Би-Би-Си: Сиздерди өз алдынча эле жазалап салуу чакырыгы менен чыккандар да интернетте ачык байкалууда. Сиз кооптонуп жатасызбы?

Б. Казакбаева: Ооба, мен кечээ күнү милицияда жүргөнүмдө калпакчан он бештей киши келип, кайда, эмне кылып жүрөт деп сурап кетишиптир. Менин бөлүмүмдө иштеген кыздар да коркуп калышыптыр аябай. Мен да үч күндөн бери коркуп, кайда барсам да жаныма сакчы алып жүрүп атам.

Би-Би-Си: Мындан кандай сабак алдыңыздар?

Б. Казакбаева: Мындан ары боло турган иш чараларды ийне жибине чейин талдай урган болдук. Кечирим сурайм.

Тектеш темалар