Жылдын башкы окуясы - президенттик шайлоо

Шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековду КСДП партиясы президенттикке көрсөткөн Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековду КСДП партиясы президенттикке көрсөткөн

2017-жылы Кыргызстандын саясатындагы эн башкы окуя - 15-октябрда өткөн президенттик шайлоо болду. Талдоочулар бир ооздон бул жолку шайлоо өтө курч атаандаштыкта өткөнүн белгилешти.

Негизги күрөш эки- бийлик талапкери Сооронбай Жээнбеков жана "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун ортосунда жүрүп, шайлоодо биринчиси жеңишке жетишти.

Бийлик менен байлыктын күрөшү, эң курч атаандаштык

Шайлоого бул жолу да талапкерлер көп болуп, президент болууну каалагандар саны 40 тан ашып, бирок шайлоого чейин ал сан эленип отуруп, реалдуу талапкерлер саны ондон араң ашты.

Бийликтеги КСДП партиясы президенттик шайлоого премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү. Ал эми оппозиция президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер сүрөп чыгара алган жок. Жеке амбиция, ич ара ажырым, регионалдык трайбализм, орток идеянын жоктугу бийликке каршы топтордун бир күчкө биригишин мүмкүн кылбады.

Бирок Атамбаевдин бийлигине лоялдуу оппозиция болуп келген "Республика" партиясынын лидери, өлкөдөгү эң бай адамдардын бири Өмүрбек Бабанов президенттик дымагын ачыктап, бийлик талапкеринин негизги атаандашы боло алды.

Ал атаандашты талдоочулар бийлик менен байлыктын күрөшү деп сыпатташты.

Бул шайлоонун эң кызыгы, биринчи жолу акыркы убакытка чейин ким жеңерин эч ким билген жок. Буга чейинки шайлоолордо бийликтин талапкери жеңери эч кандай шек туудурчу эмес.

Жээнбековдун жениши, Бабановдун жаңылыш стратегиясы

30-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялады. Сооронбай Жээнбековго шайлоого катышкан шайлоочулардын 54.22%, ал эми Өмүрбек Бабанов үчүн 33.49%ы добуш бергени такталды.

Аналитиктер Бабановдун Жээнбековдон жеңилген себептерин дароо талдоого алып, Акипресс агенттиги Бабановдун жыдыганынын себеби анын атаандашынын административдик ресурстун эсебинен күчтүү болгондугунда эле эмес деп жазды.

"Анын жеңилгенинин негизги себеби анын өзүндө, анын жаңылыш стратегиясында жатат. Ɵнөктүктүн ийгиликтүү фандрайзинги, жигердүү команда жана агрессивдүү тактика анын жеңип чыга тургандай күчү бар экенин көрсөтүп койду. Бул перспектива бийликти да, бизнес элитаны да чочутуп койду. Бизнес элита Бабановду президент катары көргүсү келбеген пассивдүү формадан активдүү аракеттерге өтүп, Президенттин айланасына бирикти. Балким, Бабанов ийкемдүүрөк жана бир аз алсыз көрүнгөн болсо, башкача болмок беле", -делди.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бабанов шайлоочулары менен жолугушуу учурунда

Ошол эле учурда Бабановдун Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге барып жолугуп, батасын алганы кыргыз элинин ичинде карама-каршы реакцияны туудурду.

Атамбаев өзү баштап коңшу өлкөнүн бийлиги менен олигархтарын эгемен өлкөнүн шайлоосуна кийлигишип жатат деп айыптап, мамлекеттик ММКлардын пропагандасы аны ого бетер көбүртүп-жабыртып, Бабановду жаманатты кылуу өнөктүгүнө айланып кетти.

"Мен Назарбаевдин Бабанов менен жолуккандагы "Кыргызстанда жаш адам президент болсо жакшы болот" деп айткан сөзүн колдойм. Бирок бизде президенттикке эң улуу талапкер Назарбаевдин 20 жашка кичүү. А мен андан 16 жашка кичүүмүн. Ошондо жаш президент кимге керек? Бизгеби же Казакстангабы?" - деген эле Атамбаев.

Жыйынтыгында кырдаал чыңалып, кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөп, ишкерлер Казакстан аркылуу айлап товар ташып өтө алышпай убара тартышты. 10-октябрдан тарта башталган чек ара көйгөйү 3-декабрдан тарта гана чечилип, казак тарап унааларды өткөрүүнү тездете баштады.

Шайлоо-2017: Саясий каралоо күч болду

Өткөн президенттик шайлоого мүнөздүү дагы бир көрүнүш - талапкерлердин шайлоо штабдары өз адамын үгүттөө менен чектелбестен каршылаштарына карата кара пиар менен да көмүскө алектенгендей болду.

Шайлоо алдында мурда чыкпай калган гезиттер жанданып, жаңы онлайн басылмалар ак-кара пиарга платформа болду.

Социалдык желелердеги ушактар - өткөн шайлоонун тренди болду.

"Президенттик шайлоолордун өзгөчөлүгү бул фейк ушактар социалдык желелер аркылуу таркатылып, аны эксперттер илип алып, кыргыз тилдүү басылмалар басып аткандыгында. "Ушактар" жаңы технологиялар аркылуу жакшы өнүм алып атканын моюнга алыш керек. Кыргыз коомчулугунда ушактарга өзгөчө ишенүү бар", - деген эле шайлоого чейин саясат талдоочу Денис Бердаков.

Сүрөттүн автордук укугу Ушактар - өткөн шайлоонун тренди болду
Image caption Social media

Үгүт маалында социалдык желелерде кайсы бир талапкердин беделине шек келтирген буйрутма пост, анимация, комментарийлер байма-бай байкалып турду. Каралоо куралы катары фейк аккуанттар, бир жактуу макалалар, бирин-бири келекелеген демотиватор сүрөттөр да колдонулуп жатты.

Талапкерлердин тегин сүрүштүрүү, жакын адамдары кайсы улуттан экенин тактоо, жеке жашоосун чукулоо жүрдү.

Отунбаева: Биометрика чоң жетишкендик

Шайлоо маалында жарандык "Акыйтка шайлоо үчүн" убактылуу кыймылына чогулуп, шайлоонун жүрүшүнө көз салып жатты.

Кыймыл бул шайлоодо админ ресурс менен добуш сатып алуу эң башкы коркунучтар болгонун күн алдын айтып, эскерди.

Экс-президент Роза Отунбаева шайлоого саналуу күндөр калганда соңку 26 жылда Кыргызстанда президенттик жана парламенттик ири шайлоолорду баарын кошкондо 12-жолу шайлоо өткөнү жатканын белгилеп, ага карата кемчиликтер менен кошо жетишкендиктер да болуп жатканын санактап өттү.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption "Президент Атамбаевге айтышыбыз керек, биометриканы киргизгени чоң жетишкендик болду"

"Мен ойлоп атам биз өсүп атабыз, үйрөнүп атабыз. Биздин эле кошуналар мындай нерселерди билишпейт, таанышпайт. Бул шайлоого даярдык жакшы эле деңгээлде болду. Президент Атамбаевге айтышыбыз керек, биометриканы киргизгени чоң жетишкендик болду. Бул нерсе ошол эле өнүккөн өлкөлөрдүн баарында жок. Айрымдары дагы деле добуштарды кол менен эсептеп келишет. Биз болсо ал нерселерге жетише алдык. Карусель өңдүү көптөгөн мыйзам бузуулардан арылып атабыз",- деди Роза Отунбаева 13-октябрдагы маалымат жыйынында.

Ошентип быйыл эгемен Кыргызстан тарыхында бешинчи президент болуп 54 жаштагы Сооронбай Жээнбеков шайланып, анын расмий кызматка киришүү аземи - инаугурациясы 24-ноябрда Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында өттү.

Бабановдун тагдыры эмне болору кызык?

Шайлоодо жеңилген Өмүрбек Бабанов Жээнбековду президенттик кызматка кириши менен Кыргызстандан алыста туруп куттуктады.

4-ноябрда Башкы прокуратура Бабанов Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуу маалында конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштап жана улут аралык кастыкты козуткан деп ага каршы кылмыш ишин козгогон.

Шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов 13-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен өз арызы менен кеткен .

Бирок азырынча ал депутаттык мандатынан ажыратыла элек.

Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption "Эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупция менен күрөштү сенден баштайм"

КТРКда 4-октябрда өткөн президенттик кызматка талапкерлердин теледебаты Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековдун кайым айтышуулары менен коштолгон.

Сооронбай Жээнбеков Бабановдун коррупция менен күрөш тууралуу суроосун катуу алып:

"Коррупция менен күрөшпөйсүң дейсиң. Коррупция менен мен күрөшөм, сен күрөшө албайсың. Мен сенин эмнеге батканыңды жакшы билем. Менин сага 25 суроом бар. Эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупция менен күрөштү сенден баштайм. 2005-жылдан баштап кимдин кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ким уурдаганын жакшы билем", - деген болчу.

Андан бери Жээнбековдун Бабановго көңүлү канчалык жылуу тартты айтыш кыйын болуп турат.

"Жээнбеков үчүн бул маселе баш оору да болушу мүмкүн. Анткени Бабановду отургузуа турган болсо, бул анын башкаруусундагы биринчи саясий туткун болуп калат. Жаңы президент болсо андай образды каалабаса керек", -деди саясат талдоочу Медет Түлегенов.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар