Кыргыз-өзбек чек арасы: муз ордунан жылды

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арадагы "Достук" өткөрмө бекетиндеги бир тараптуу киргизилген чектөөлөр алынды.

Бул жылы Кыргызстан батыштагы коңшусу Өзбекстан менен эгемендик жылдардан бери чыңалуу жаратып келе жаткан чек ара маселесин ачык талкуулоого жетишти.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сентябрдагы Бишкекке сапары учурунда эки өлкөнүн чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлду. Расмийлер чек аранын дээрлик 85 пайызы чечилди деп билдирүү жасады.

Жыл соңунда президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапары учурунда дагы чек ара тактоо маселеси активдүү уланары айтылды. Деген менен эксперттер чек аранын калган бөлүгү узак жылдардан бери тирешүүгө себеп болгон оор участкалар экенин айтууда.

Жээнбековдун алгачкы расмий иш сапары Өзбекстанга жасалды 

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Өзбекстанга барды.

"Өтүп бараткан жылы кыргыз-өзбек мамилесинде тагдыр өзгөрткөн тарыхый окуялар болду. Биздин өлкөлөр ортосунда чек ара боюнча келишимге кол коюлду. Бул мамлекеттик чек ара боюнча келишимге жеткен абдан чоң жетишкендик. Айрым чек өткөрмө бекеттериндеги чектөөлөрдүн алынганы биздин көп жарандары үчүн чоң кубаныч тартуулады. Өзгөчө чек ара тилкелеринде жашаган тургундар бул окуяларды көзүнө жаш алуу менен кабыл алышты",-деп белгилеген президент Сооронбай Жээнбеков Ташкенттеги жолугушууда.

"Кези келгенде бизде чек ара деген болбойт. Мен ошону абдан каалайм. Эгер биз бир жылда ушунча маселени чечкен болсок, Сооронбай Шарипович менен алдыда дагы көптөгөн маселелерди чечебиз",-деп белгилеген Шавкат Мирзиёев.

Ырас, быйылкы жылы Кыргызстан менен Өзбекстан алака-катнашында бир топ ийгиликтерге жетишти. Шавкат Мирзиёев президент болуп келгенден кийин мурдагы коңшуларына сыртын салып, чек ара жана суу маселелеринде катаал позицияны карманып келген Өзбекстандын саясаты өзгөрүүгө учурады.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сүйлөгөн сөзү

Соңку жолугушууда: "тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган бөлүгү боюнча тезинен алгылыктуу чечим табуу боюнча системалуу жана конструктивдүү ишин улантууну жана чек ара аймагында ишенимди ар тараптан бекемдөөнү макулдашты. Президенттер  кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында өткөрүү пункттарын толук форматта ишке киргизүү эки элдин тең кызыкчылыгы үчүн кызмат кыларын жана маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи",-деп айтылды расмий маалыматтарда.

Бирок чек араны тактоо ишинде орток пикир табылды деп айтууга али эрте.

Чек араны чечип кетүүгө умтулган Алмазбек Атамбаев

Ташкент менен Бишкек ортосундагы жылуу мамиле Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин түзүлө баштады. Маркум президент Ислам Каримовдун учурунда чек ара тактоо маселесин келгенде Өзбекстан дипломатиялык сүйлөшүүлөргө караганда, күчкө салып, бир тараптуу аракеттери менен Бишкектин шайын оодарып келген.

Сүрөттүн автордук укугу official

Атамбаевдин бийлиги учурунда Кыргызстан дагы өз позициясына катуу турду. Ошондуктан чек ара сүйлөшүүлөрү ордунан жылбай, чек арадагы чыр-чатактар маалы- маалы менен чыгып, чыңалуу болуп турду.

Президенттик мөөнөтү соңуна чыкканга чейин Алмазбек Атамбаев чек ара маселесин чечип кетүү үмүтүн билдирип келди. Кайрылууларында буга чейинки президенттерди айыптап, бир катар жер тилкелери, жолдор коңшуларга жөн эле, ал тургай ратификациясыз берилип кеткенин айтып келгени бар.

Өткөн жылдын декабрь айында Алмазбек Атамбаев Ташкентке иш сапары менен барган. Быйыл сентябрь башында Шавкат Мирзиёев Бишкекке расмий иш сапары менен келип, кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырымын бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлду. Кыргыз расмийлери мунун менен чек аранын дээрлик 85 пайызы чечилди деп билдирүү жасаган. Алмазбек Атамбаевдин президент катары соңку расмий иш сапары дагы Ташкентке жасалды.

Кыргыз-өзбек мамилесиндеги бул саясатты эми жаңы президент улантат. Бирок чек араны шыр чечүүгө эки тарап тең саясый эркин көрсөтө алабы?

Чек арадагы татаал тилкелер

Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламановдун айтымында, крыгыз-өзбек чек арасындагы калган он беш пайыз тактала элек тилке чек ара маселеси талкууланып келгенден бери эле эки тараптын позициялары келишпеген жерлер болгон.

"Сох анклавынын, өзгөчө анклавтын төмөн жагындагы жол салган аймактарды айтсак болот. Экинчичси, Шахимардан анклавынын тагдыры да белгисиз бойдон турат. Бул жерде дагы карама-каршылыктар абдан күчтүү. Үчүнчүсү, Гава-Сайдын аймагында 1950-жылдары 20 миң гектардын айланасында атайын чечим менен Кыргызстандан Өзбекстанга өткөрүлгөн жерлер бар. Бул жерлерди өткөрүүдө да бул иштер канчалык мыйзамдуу жасалганы ойлондура турган нерсе",-дейт Саламат Аламанов. 

Чек ара тактоодогу эң оор тилкелер - Сох анклавынын тегереги жана Кемпир-Абад суу сактагычы болушу мүмкүн.

"Негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүрөт бирок, кийинчерээк жердин аталышына карап эле Кемпир-Абад суу сактагычы деп жүрбөйбүзбү. Суу сактагычты курган мезгилде суу алдында калган аймактарыбыз үчүн биз Өбекстандан бир топ жерди алып, өзүбүзгө өткөрүп алган экенбиз. Бирок эми ошол кезде эле жерлерди алмашуу учурунда биз берген жер менен алган жерлердин айырмасы асман-жердей экен. Мындайча айтканда, кара топурактуу, түшүмдүү жерлерди берип, суу чыкпаган же аз жеткен, түшүмсүз жерлерди алган экенбиз. Ошондон улам айрым адистер кошуналарыбыз суу сактагычтан аябай чоң киреше алганын айтып, аны кайра кайтарып алуу керектигин айтып келе жатат. Мен да буга кошулам. Мен иштеп турган учурда да ушул позицияда иш алып барганбыз. Бир кезде СССР пахатага абдан муктаж болуп калган. Пахта кездеме токуй турган эле сырье эмес, ракетанын кыймылдаткычтарынын отунуна керек болгон. Ал эми ал пахатаны Өзбек ССРи өстүрө алмак. Пахта аянттарын кеңейтүү үчүн суу сактагычтар курула баштаган. Карап олтуруп, Кара дарыянын чоң куймаларынын төмөн жагында тосмо курууга ыңгайлуу деп кууш жерине тосмо курган. Бирок ал жерлер үчүн Өзбекстан бизге жер бере турган болгон. Сол жээк Түркистан тоо кыркасынын ылдый жагынан Сохко чейин канал курмак. Аны менен 100 миң гектар жерди сугаруу жеңилдеп, дагы он миң гектар жаңы сугат жер кошулмак. Оң жээгине да канал курулуп Фергена тоо кыркаларынын этегиндеги жерлерге суу жетмек. Бирок ошол маселелрдин көбү жасалбай, убакыттын өтүшү менен унутта калган. Качан гана биз чек ара маселесин тактап баштаганда бул оркоюп чыгып калды»,-деди Саламат Аламанов.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
ЖК Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасы боюнча келишимди талкуулады

Ал эми кыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров бул оор тилкелер боюнча орток пикир табылат деген ишенимде турат.

«Сохтун тегерегиндеги жерлер такталып, 1170 чакырымдын ичине кирди. Сох анклавынын айланасында дагы төрт-беш участок бар. Шахимардан, Таш-Дөбө, Чоң-Гара деген анклавы бар да, ушул маселелерди карайбыз. Анан биздин Барак эксклавы каралат. Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы жерлер боюнча дагы карайбыз. Буюруса булар боюнча алдынала сүйлөшүүлөр бар. Чечкенге жолдор бар, кийинки жолугушууларда ушуга токтолобуз. Албетте, бул маселе абдан оор. Чек ара маселеси дүйнөлүк практикада татаал маселе. Кээ бир өлкөлөрдүн бир чиркөөнү 100 жылдан бери талашып чече албай жаткан мисалдарын тапсак болот. Биз болсо эки мамлекеттин ортосундагы 1379 чакырым чек араны карап, 85 пайызын такташып бүттүк. Калган 15 пайызы 209 чакырымды түзөт".

Орто-Токой суу сактагычын тараптар биргелешип пайдаланат

Чек ара чатактарына себеп болуп келген маселелридн бири суу сактагычтардын тегерегиндеги маселелер эле. Өткөн жылы Кыргызстан өз менчигине өткөрүп алган Ала-Бука аймагындагы Орто-Токой суу сактагычын тараптар эми биргелешип пайдаланмак болду.

Сүрөттүн автордук укугу google

Жыл соңунда жетишилген бул келишимге ылайык суу сактагычты башкаруу укугу Кыргызстанга берилип, өзбек тарап суу сактагычты пайдаланганы үчүн чыгымдарын төлөп бермек болуп жатат.

"Келишимге ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. Тактап айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен Кыргызстанга өтөт. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө",-деп айтылды расмий билдирүүдө.

Өлкөнүн айыл чарба министри Нурбек Мурашев келишим ратификациялангандан кийин тейлөө тармагында иштеп, ошол жерде жашаган 44 өзбек жараны көчүрүлөрүн, топтолгон суу акысын төлөтүү чаралары көрүлөрүн, талаш маселелердин баары атайын комиссия тарабынан чечилерин билдирген.

Суу сактагычтын сыйымдуулугу - 165 млн куб/метр. Топтолгон суунун 92 пайызын Өзбекстан, ал эми 8 пайызын Кыргызстан пайдаланат.

Орто-Токой суу сактагычы кыргыз-өзбек чек ара тилкесининен 13 чакырым ичкериде Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Жалып аянты 850 гектарды түзөт. Учурунда аталган суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, узак убакыт ээлик кылуунун шарттары чечилбей келген эле.

Буга чейин суу сактагычты өзбек сакчылары кайтарып турган. Өткөн жылы жазында Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине Өзбекстан эки БТР жана эки КамАЗ киргизип, Кербен-Ала- Бука унаа жолунун жарым чакырым чамалуу тилкесине өзбек чек арачылары блок-пост коюп алган окуя катталган эле.

Серепчилер бул окуянын түпкү себебин дал ушул Орто-Токой суу сактагычына байланыштырганы бар. Себеби мындан мурун Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан өз менчигине алуу тууралуу чечим чыгарган.

Чек ара бекеттеринин ачылышы

Быйылкы жылы кыргыз-өзбек чек арасында чыр-чатак катталган жок. Айрым маалымат каражаттары Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы тоңгон муз ээрип баштады деп жазганында да чоң маани жатат. Чек арадагы чыр-чатактар он жылдап карпайым тургундардын башына түшкөн чоң мүшкүл болуп келди. Башкасын айтпаганда да Өзбекстан чек ара өтмөктөрүн бир тараптуу жаап салганы, тарыхый карым-катнашка чоң сокку болгон. Бир жагынан экономикалык дагы жоготуулар болду.

Күз айындагы Шавкат Мирзиёев Бишкекке сапарына улай эле Ош аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук"өткөрмө бекетиндеги бир тараптуу киргизилген чектөөлөр алынды. Бул чек аранын эки тарабындагы кишилерди тең болуп көрбөгөндөй кубанычка бөлөдү. Расмий өкүлдөрдүн катышуусунда чоң салтанат менен өткөн чек ара бекеттерин ачуу салтанатына чек аранын эки бетинен тең жүздөгөн кишилер жыйылып келген.

2012-жылы Ала-Бука аймагында болгон чек арадагы жаңжалдан кийин Ѳзбекстан «Достук» өткөрмө бекетин бир тараптуу жаап салган болчу.

2004-жылкы өкмөттөр аралык келишим боюнча өзбек-кыргыз чекарасында он беш өткөрмө бекетти көрсөтүлгөн. Алардын сегизи эл аралык, бешөө эки тараптуу жана экөө жеңилдетилген өткөрмө бекеттер. Кийин сегиз өткөрмө бекет гана иштеп калды.

2010-жылдан кийин Өзбекстан бир тараптуу жаап салган эле. Кыргызстан менен Өзбекстан 1378 чакырым чектешет. Буга чейин чек аранын 320 чакырым талаштуу деп саналып келген эле. Эми 209 чакырым такталбаган тилке калды. Чек ара аймактарындагы ок атышууга чейин жеткен тирешүүлөрдөн кийинки быйылкы бурулуш эки тараптын тең үстүнөн оор жүктү алып салгандай жеңилдетти окшойт.

Тектеш темалар