Жакындарыңызга кандай белек камдадыңыз?

Жаңы жылда белек берүү көп жерде салтка айланган
Image caption Жаңы жылда белек берүү көп жерде салтка айланган

Жаңы Жыл айрым жумуштарды коё туруп, алдын ала камдануу менен башка майрамдардан айырмаланат. Жакындарга белек сатып алуу жагымдуу убаралануунун бири. Бирок белек тандоо кээде өтө эле кыйын болуп кетет. Кимге кандай белек беребиз, түрдүү адамдардын пикирине жараша жыйынтык чыгарабыз.

Кандай белек албайлы жакпай койбойт же кеминде жакканын билдирүүгө аракет кылабыз.

Анткени бирөөнүн көңүл буруусуна татыктуу болуунун өзү жагымдуу. Ал эми кутучанын ичиндегини көргөнгө чейин, саналуу секунддарда элеп-желеп аласың.

Белек кылган киши кем эмес толкунданат.

Белек менталитетке, адамдын өскөн чөйрөсүнө, кызыкчылыктарына жараша берилет. Кыргыздарда айрыкча жашы өтүп калган адамдарга белек тандоо кыйынчылыгын белгилешет.

Image caption Белектин кымбат болушу зарыл эмес, азыркы шартта ар кандай капчыкка ылайык белек табууга болот

Эне, кайра бала, көп бир туугандын бири катары бир топ адамга белек камдаган бишкектик Нуржамал баарынын табитин билип алганга аракет кылат:

“Мисалы, менин апамын жашы сексенде. Ар бир майрамда ага белек бергим келет. Карып калган адамга жылуу-жумшак нерселерди бересиң. Ал балким жакшынакай, жарашыктуу кийим болушу мүмкүн”.

Ал балдарга таттууларды, акыл-эс өстүргөн кызыктуу оюнчуктарды даярдаган. Балдарга белек алуу өтө оор болбосо керек. Ал эми орто жаштагы адамдаргачы?

“Мисалы, менин орто жаштагы бир туугандарым бар, бири 50дө, экинчиси 45те дегендей. Алардын кызыкчылыгы ар кандай. Мен ошого жараша белек тандайм. Бирөөсүнө китеп алам. Экинчиси үйдүн ичин кооздогон устачылыкка кызыккандыктан ошого жараша курал, шаймандарды берсем болот. Ал эми 29-30 жаштардагы балама технологиянын заманына ылайык, кандайдыр бир техника же гаджет белек кылам”, - деди маектешибиз Нуржамал.

Баса айрым кыргызстандык социалдык тармактын колдонуучулары Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин китеп белек кылалы деген чакырыгын колдоого алып жатышат. Нурбаев китеп эң сонун белек, аны берүү китеп окуу маданиятына салым кошуу да болот деп эсептейт.

Image caption Өз колуңуз менен жасаган белек көп адамды кайдыгер калтырбайт

“Өнүккөн өлкөлөрдө китепти өтө көп окуса бизде абдан аз. Ошондуктан айрыкча балдарга китептерди белек кылыш керек. Мен мисалы, балдарымы дүкөнгө ээрчитип барып эки китеп тандатам, өзүм бирди сатып берем, анткени өзү тандаган китептерди жоопкерчилик менен окуйт. Бүткөндө аны чогуу талкуулайбыз. Атама дагы бир китеп белек кылдым. Келинчегим азыр балдарды тарбиялоо, алардын психологиясына кызыгып жаткандыктан “Үч жаштан кийин кеч” деген китепти окуп жатат”, - деди Нурбаев.

Белек саткан интернет дүкөндүн менеджери Андрей эркектерге балык уулаган кайырмактын жаңы түрлөрү, балдарга үйдүн ичине жайгаштырчу спорттук шаймандарды көп алып жатышканын айтты.

“Ал эми майдараак белектерден жүгөрү бадыракты, таттуу кебезди үйдө жасай турган машиналарды сатып алышууда. Балдарга кандайдыр бир кубаныч тартуулагысы келсе керек. Ошондой эле дайыма пайдалуу буюмдарды алууга умтулушат, мисалы, ден соолукту чыңдоого байланыштуу шаймандар”, - деди Би-Би-Сиге Андрей.

Белек тандоодо чет жерде жашагандардан да идея уурдасак болчудай.

Төрт жылдан бери Австрияда жашаган Рашананын айтымында, “мага эч нерсенин кереги жок” деген адам дагы дүкөнгө киргенде кучагын толтуруп чыгат. Түрдүү интернет дүкөндөр да бар

“Мен Жаңы Жылды баладай эле күтөм. Австрияда ар бир үй-бүлөнүн салты болот. Ата-энебиз мени, жолдошуму, кайними ээрчитип атайын бир күн шопингге барабыз. Ар ким каалаганын тандайт, бирок майрам күнү кечки тамактан кийин гана алабыз. Мисалы, мен интернет дүкөнүнө сертификат алдым, каалаган нерселерди сатып ала берем. Ар кимдин кызыкчылыгына жараша белек бериш керек. Мисалы, ата-энебиз саякаттаганды жакшы көргөндүктөн Францияга жолдомо бердик. Кайним илимий фантастикалык жанрды жакшы көргөндүктөн ошондой китептерге сертификат белек кылдык”, - деди Рашана.

Айтмакчы, сөзсүз эле кымбат белектерди берем деп санаага батуунун кереги жок. Дүкөн менен базар козу карындай жайнаган учурда ар ким капчыгына жараша белектерди таба алаары бышык. Ал эми аны издөөгө кеткен убактыңызды жакыныңыздан кубанычы сөз жок актайт.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар