Борбор Азияны бириктирген жана бөлүп-жарган суулар

Суу Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Дүйнөдө барган сайын суу ресурстары үчүн күрөш курчуй берери көп айтылып келет. Кыргызстан үчүн суу көп маселелерди чечүүдө саясий стратегиялык курал катары мааниси зор экени бышык.

2017-жылы Кыргызстан коңшусу Өзбекстан менен чечише албай келген суу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тарап Орто-Токой суу сактагычы боюнча макулдашууга жетишти. Арийне, Борбор Азияда суу ресурстарын бөлүштүрүү талаштуу көйгөй катары кала берүүдө.

Ал ортодо 2017-жылы БУУ Борбор Азиядагы суу бөлүштүрүү маселеси боюнча сунуштама конвенциясын иштеп чыгып, чөлкөмдөгү мамлекеттерге жөнөттү. Былтыр суу бөлүштүрүүдө кандай жетишкендиктер жана кандай кемчиликтер болду? Cуу бөлүштүрүүдө дүйнөлүк тажрыйба кандай жолдо келатат?

Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер 1993-жылдан бери суу бөлүштүрүү маселесин оңураак чече албай келди. Советтер Союзу тарагандан тарта суу башындагы Кыргызстан, Тажикстан менен суу этегиндеги Казакстан жана Өзбекстан ортосунда суу маселесине байланыштуу талаш-талкуу, түшүнбөстүктөр чыкты. Буга Кыргызстан менен Тажикстан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө, ал эми Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстарын ирригациялык максатта гана колдонууга кызыкдар болуп жатканы себеп.

Орто-Токой суу сактагычы боюнча мунаса табылды

2017-жылы кыргыз-өзбек алакасы жакшырып, чек ара жана суу бөлүштүрүү жаатында чоң жылыштар болду. Алардын эң негизгиси - эки тарап Орто-Токой суу сактагычын мамлекеттер аралык биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашууга жетишти.

"Келишимге ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. Тактап айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен Кыргызстанга өтөт. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө",-деп жазды парламенттин расмий сайты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Өлкөнүн айыл чарба министри Нурбек Мурашев келишим ратификациялангандан кийин ошол жерде жашаган 44 өзбек жараны көчүрүлөрүн, топтолгон суу акысын төлөтүү чаралары көрүлөрүн, талаш маселелердин баары атайын комиссия тарабынан чечилерин билдирген.

Орто-Токой суу сактагычынын сыйымдуулугу - 165 млн куб/метр. Топтолгон суунун 92 пайызын Өзбекстан, ал эми 8 пайызын Кыргызстан пайдаланат.

"Келишим ратификациялангандан кийин өзбек тарап жылына 16-20 млн сом өлчөмүндө каражат же жалпы чыгымдын 92 пайызын бөлөт. Кыргыз тарап үчүн жаӊы 60 жумушчу орун ачылмакчы",-деп айтылды расмий маалыматта.

Орто-Токой суу сактагычы кыргыз-өзбек чек ара тилкесининен 13 чакырым ичкериде Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Учурунда аталган суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, узак убакыт ээлик кылуунун шарттары чечилбей келген эле. Буга чейин суу сактагычты өзбек сакчылары кайтарып турган.

2016-жылы жазында Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине Өзбекстан эки БТР жана эки "КамАЗ" киргизип, Кербен-Ала-Бука унаа жолунун жарым чакырым чамалуу тилкесине өзбек чек арачылары блок-пост коюп алган окуя катталган эле.

Image caption Кыргыз-өзбек чек арасы

Серепчилер бул окуянын түпкү себебин дал ушул Орто-Токой суу сактагычына байланыштырганы бар. Себеби мындан мурун Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан өз менчигине алуу тууралуу чечим чыгарган.

Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламановдун айтымында, Кемпир-Абад суу сактагычы дагы оор маселелердин бири.

"Негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүрөт, бирок кийинчерээк жердин аталышына карап эле Кемпир-Абад суу сактагычы деп жүрбөйбүзбү. Суу сактагычты курган мезгилде суу алдында калган аймактарыбыз үчүн биз Өзбекстандан бир топ жерди алып, өзүбүзгө өткөрүп алган экенбиз. Бирок эми ошол кезде эле жерлерди алмашуу учурунда биз берген жер менен алган жерлердин айырмасы асман-жердей экен. Мындайча айтканда, кара топурактуу, түшүмдүү жерлерди берип, суу чыкпаган же аз жеткен, түшүмсүз жерлерди алган экенбиз. Ошондон улам айрым адистер кошуналарыбыз суу сактагычтан аябай чоң киреше алганын айтып, аны кайра кайтарып алуу керектигин айтып келе жатат. Мен да буга кошулам. Мен иштеп турган учурда да ушул позицияда иш алып барганбыз. Бир кезде СССР пахтага абдан муктаж болуп калган. Пахта кездеме токуй турган эле сырье эмес, ракетанын кыймылдаткычтарынын отунуна керек болгон. Ал эми ал пахтаны Өзбек ССРи өстүрө алмак. Пахта аянттарын кеңейтүү үчүн суу сактагычтар курула баштаган. Карап олтуруп, Кара дарыянын чоң куймаларынын төмөн жагында тосмо курууга ыңгайлуу деп кууш жерине тосмо курган. Бирок ал жерлер үчүн Өзбекстан бизге жер бере турган болгон. Сол жээк Түркистан тоо кыркасынын ылдый жагынан Сохко чейин канал курмак. Аны менен 100 миң гектар жерди сугаруу жеңилдеп, дагы он миң гектар жаңы сугат жер кошулмак. Оң жээгине да канал курулуп Фергана тоо кыркаларынын этегиндеги жерлерге суу жетмек. Бирок ошол маселелердин көбү жасалбай, убакыттын өтүшү менен унутта калган»,-деди Саламат Аламанов.

Image caption Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов

Суу бөлүштүрүүдөгү чыңалган кырдаал Шавкат Мирзиёев президент болуп келгенден кийин жакшыра баштады. Талаштуу көйгөйлөр боюнча тараптар орток пикир табылганын дагы айтып жатышат.

"Биз суу маселелелери, электро станцияларды куруу боюнча боюнча абдан олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катышуусуз курулбайт деп айтты. Мен толугу менен макулмун",- деген өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Атамбаевдин Ташкентке болгон сапарында.

БУУнун суу боюнча сунуштама конвенциясы

Ал ортодо 2017-жылы БириккенУлуттар Уюму Борбор Азиядагы суу бөлүштүрүү маселеси боюнча сунуштама конвенция иштеп чыкты.

Аталган конвенциянын долбоору Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнө жөнөтүлгөн.

Конвенция долбоорун БУУнун Борбор Азия өлкөлөрү үчүн превентивдик дипломатия боюнча аймактык борбору иштеп чыкты. Борбордун директору Мирлан Мамыров конвенция долбоору аймактагы төрт өлкөнүн тышкы иштер министрликтерине жолдонгонун билдирди.

"Конвенциянын долбоору биздин борбор тарабынан дүйнөлүк деңгээлдеги кеңешчилерди тартуу менен иштелип чыкты. Алар буга чейинки суу ресурстарын башкаруу боюнча регионалдык жана глобалдык жолугушуулардагы мамлекеттер айткан бардык сунуш, комментарийлерди эске алышты. Конвенция долбоорунда Сыр-дарыя жана Аму-дарыя бассейндери тууралуу сөз болот ",- деди БУУнун өкүлү Мирлан Мамыров.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"Дүйнө чабыт": Таза суу таңкыстыгы

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги БУУ жөнөткөн документ иликтенип жатканын кабарлаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров Борбор Азиядагы суу бөлүштүрүү саясатын кайра карап чыгууга мезгили келгенин белгиледи.

"Кыргыз мамлекетинен чыккан суу Өзбекстандын жана Казакстандын айдоо талааларына кетип жатканы анык. Ал Союз учурунда түзүлгөн келишимдер менен бөлүштүрүлүп, иштеп келе жатат. Мен ойлойм, ал бөлүштүрүүлөрдү дагы мамлекет аралык деңгээлде карап чыгыш керек. Бүгүнкү күндө ал канчалык реалдуу бөлүштүрүлүп жатат, канчалык айдоо талаалары көбөйдү же азайды, мына ушулардын баарын эске алып, кайра карап чыкса болот деген ойдоймун", - деди депутат Мирлан Бакиров.

Чынында Советтер Союзу учурунда Борбор Азия мамлекеттери чөлкөмдөгү суу жана энергетикалык ресурстарды бирге пайдаланып келишкен. Союз ыдырагандан кийин абал өзгөрүп, аймактагы мамлекеттер өздөрүнүн ресурстарын коңшу мамлекеттерге сатып калды. Ал эми кыргызстандык адистер чөлкөмдөгү суу бөлуштүрүү саясаты азыркы турушунда Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт деген пикирде.

"Токтогул Кыргызстанга жылына болжолдуу түрдө 150 миллион доллар чыгым алып келет. Ошонуну эсебинен Өзбекстан эле жылына 800 миллион доллар пайда табат. Анткени алар Казакстан менен бир миллион 300 миң гектар жерди сугарышат. А бизде сугарылбайт, сугара турган дагы алардын территориясындай жер жок", - деди Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун директору Дүйшөн Маматканов.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Жердеги калктын бештен бири же 1,5 млрд. адам таза сууга зар. Сууга таңсык адамдардын саны 2025-жылы 3 миллиардга жетерин адистер белгилейт. Алардын эспетөөлөрүндө бүгүнкү күнү бир тонна буудай өстүрүү үчүн 1,5 миң кубометр суу, ал эми бир тонна пахта өндүрүүгө 10 миң кубометр суу сарпталат. Бул себептүү сууну товар катары эсептөө мезгил талабы дешет адистер.

Суу бөлүштүрүүдөгү эл аралык тажрыйба

Кыргызстан Суу бөлүштүрүү маселесин кайра карап чыгууну көп жылдардан бери талап кылып келет. Бишкек жана Дүйшөмбү Советтер Союзунда калыптанган суу бөлүштүрүү принциптери коңшу мамлекеттердин пайдасына чечилгенин белгилөөдө. Бирок Казакстан менен Өзбекстан бул маселени кайра кароого макул болбой, сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурап келгенин адистеп маалымдап келет.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Индиянын түндүгүндө суу тартыш жерде инженерлер жасалма мөңгүлөрдү курууда.

"Эгерде биз суу бөлүштүрүүнү кайра карап чыгып, биздин кызыкчылыктарды ортого салып, өзүбүзгө тиешелүү болгон суунун көлөмүн ала турган болсок, анда алардын жерлери суудан кур калат. Ал эми биз калыптанып калган бөлүштүрүү принциптери биздин өнүгүүбүзгө тоскоолдук жаратып жатканын айтып келебиз. Биз дагы жаңы жерлерди өздөштүрүшүбүз керек. Бир эсептөөлөр боюнча биздин айдоо аянттарыбызды эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Экинчи эсептөөлөргө таянсак, биздин айдоо аянттарыбыз 2,5 млн гектарга чейин жетиши керек. Биздин адистердин эсептөөсү боюнча Нарын дарыясынын агымынын эки пайызын гана пайдаланабыз. Калгандардын баары төмөнкү мамлекеттерге агып кетет", -деди Саламат Аламанов.

Кыргызстанда 18 чоң жана 200гө жакын чакан суу сактагычтар курулган. Ошондой эле 400гө жакын көлмөлөр бар. Алардын көбү коңшу мамлекеттердин кызыкчылыгында кызмат кылууда. Ал эми көлмөлөр ички муктаждыктарды камсыз кылат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Чынара Эсенгул: Борбордук Азияда суу жана чек ара маселеси бир топ чырмалышкан

Эл аралык адистер суу ресурстарды туура бөлүштүрүүдө суу сактагычтардын ролу чоң экенин жана бир натыйжалуу модель бар деп айтуу катачылык болоорун белгилешүүдө.

"Ар башка чөлкөмдөгү дарыялар бир-биринен айырмаланып турат. Ал себептен бир модел бар деп айтуу болбойт. Ал эми жалпы сууларды натыйжалуу пайдалануу маданияты тууралуу сөз кыла турган болсок - Европа өлкөлөрүнүн көбү буга чейин суу ресурстарын жана айлана чөйрөсүн талкалап алышкан. Бирок азыр алар суу бөлүштүргөндө бир гана квота эмес, экологияны дагы эске алып, канча суу кайсы мамлекетке кетип жатканын жана эң негизгиси канча суу дарыяда калышы керектигин карашат. Себеби суунун баарын эки мамлекет квота менен бөлүшүп алса, айлана-чөйрө, фауна бүт жок болот. Учурда эң алдыңкы өлкөлөр жылда канча жаан-чачын, кар жааганын эсептеп, андан кийин гана суу бөлүштүрөт. Бул моделди Австралия өтө жакшы өздөштүргөн. Алар Европадан айырмаланып, айлана-чөйрөсүн алдын ала коргоп калышкан. Борбор Азия чөлкөмүндө болсо климатка жараша айрым жылдары суу мол болот. Башка жылдары тартыш болуп калат. Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө орто жана чакан суу сактагычтарды куруп, ошол эле учурда жаңы технологияларга, күндүн энергиясын жана шамалдык кубатын пайдаланууга чакырмакмын", -деди Эл аралык чек арасыз дарыялар коалициясынын өкүлү Евгений Симонов.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Ууну тазалоочулар

Жергиликтүү адистер болсо бул технологияны Кыргызстанда колдонуу үчүн тиешелүү усулдар бар экенин белгилеп, бирок суунун деңгээлине байкоо жүргүзгөн торчолордун көбү иштебей калганын маалымдашууда.

Дүйнөлүк жана жергиликтүү адистер чөлкөмдөгү суу Борбор Азия мамлекеттерине жетиштүү экенин баса белгилешүүдө. Түпкү максат - аймактагы суу ресурстарды натыйжалуу, үнөмдүү жана туура пайдалануунун туура жолун табышта турат.

2017-жылы Кыргызстан менен Өзбекстан жетишкен келишимдер дал ушул чоң көйгөйдү чечүү жолундагы маанилүү кадам болуп калды.

Тема боюнча башка макалалар