Бабановдун ордуна ким депутат болот?

Бабанов: Мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен, толук бойдон кетип жатканымды жарыялайм
Image caption Бабанов: Мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен, толук бойдон кетип жатканымды жарыялайм

Президенттик шайлоодо жеңилген Өмүрбек Бабанов жаңы жыл алдында саясаттан кетип жатканын жарыялап, ал түгүл Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатын да тапшырарын билдирген.

Бабановдун ордуна "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча Абдыбек Дүйшалиев парламентке депутат болуп келери каңкууланууда. Бирок "Республика-Ата Журт" фракция лидерлери азырынча бул маалыматты тастыкташа элек.

БШК: Бабановдон арыз түшө элек

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Боршакойкомго Бабановдон мандатын тапшырганы боюнча расмий арызы түшө электигин Би-Би-Сиге билдирди.

"Депутатты мандатынан ажыратуу үчүн беш-алты негиз болуш керек. Мисалы, жеке арыз менен кайрылуу; бир сессиянын ичинде 30 календардык жумушчу күндү калтыруусу; туруктуу жашаган жерин өзгөртүп, өлкө аймагына чыгып кетсе; башка өлкөнун жарандыгын алса, соттун айыптоочу өкүмү күчүнө кирсе мандаттан ажыратууга негиз болот",-деп түшүндүрдү Бекматов.

"Бабанов боюнча айтсам, ал кишиден арыз келип түшкөндө гана депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин караганга болот",- деп кошумчалады БШК өкүлү.

Абдыбек Дүйшалиевдин талапкерлиги талкууда

"Республика-Ата Журт" фракциясынан парламенттик шайлоо алдында түзүлгөн партиялык тизмеси боюнча бош кала турган депутаттык орунга Абдыбек Дүйшалиев келери күтүлөт.

Бирок аталган фракциянын лидерлери азырынча бул маалыматты тастыктай элек.

Сүрөттүн автордук укугу Asanaliev
Image caption Бабанов буга чейин "Республика-Ата Журт" фракция башчылыгынан да өз ыктыяры менен кеткен

Ошентсе да Өмүрбек Бабановдун парламенттеги кабылдамасынан Абдыбек Дүйшалиевдин депутат болуп калуу мүмкүнчүлүгүн четке кагышкан жок.

"Борбордук шайлоо комиссиясынан тизме боюнча маалымат беришип, ага ылайык кийинки кезек Абдыбек Дүйшалиевде", - дешти фракциядан.

2015-жылы 3-сентябрда БШК тарабынан бекитилген "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча Абдыбек Дүйшалиевде 73-орунду ээлеген.

Дүйшалиев 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору болуп эмгектенгени менен белгилүү.

Бабанов: Чечим мен үчүн жеңил болгон жок

Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кете турганын 30-декабрда жарыялаган.

"...Мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен, толук бойдон кетип жатканымды жарыялайм. Мындай чечим мен үчүн жеңил болгон жок, бирок азыркы кырдаалда жападан-жалгыз туура чечим болду деп эсептейм", - деп жазды "Фейсбук" баракчасында Бабанов.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Бабанов президенттик шайлоо жарышындa Жээнбековдун негизги атаандашы болду

4-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Өмүрбек Бабанов былтыр 15-октябрьда өткөн президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек.

"Бийликке келем деген олигархтар үчүн сабак"

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Өмүрбек Бабановдун саясаттан чегиниши бийликке келем деген өлкөдөгү башка бай адамдар үчүн мындан ары сабак болорун белгилейт.

"Эгер сен бизнесмен болуп саясатка да аралашам десең бийлик тарап оппонет болсо, сага ар турдүү басым көрсөтүп, өзгөчө бийлик тараптын колунда мажбурлоочу институттар болгондуктан, мисалы, прокуратура, финполиция, милиция, УКМК, булар аркылуу басым көрсөтүп же кылмыш иштерин козгоп, чарчатып "же бизнесинди кыл же саясатт шүк отуруп бер дегендей жазылбаган эреже болуп калды", - деди саясат талдоочу.

Ал белгилегендей, кыргыз саясатында жаңы калыптанып жаткан бул маданият боюнча эми бизнес менен шугулдан, бирок саясий амбициялуу адамдар мындан ары ишкерлигин таштап же үндөбөй бийлик эрежеси менен ойногон саясатчы болуу тандоосуна келиш керек болуп калды.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар