Балдар үчүн сүйүнчү пулга эч ким кайрыла элек

Жаңы мыйзам иштеп калса көп балалуулардын баары жөлөкпул алат, бирок мыйзамдын тагдыры азыр белгисиз Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жаңы мыйзам иштеп калса көп балалуулардын баары жөлөкпул алат, бирок мыйзамдын тагдыры азыр белгисиз

Бала төрөлгөндө мамлекет берчү сүйүнчүнү эч ким ала элек. Социалдык өнүктүрүү министрлиги норма күчүнө киргенине бир гана апта болгондуктан эч ким кайрыла элек дейт. Ал тапта эл арасында бул ишке кирген жок деген чаташтыруулар бар.

Январдан тарта Кыргызстанда биринчи жолу төрөлгөн ар бир балага статусуна, ата-энесинин жашоо шартына карабай төрт миң сомдон сүйүнчү берилет.

Л. Мамытова: Жаңы мыйзам боюнча 30 миңдей бала жөлөк пул албай калат экен

Сүйүнчү акчаны көбөйтүү керекпи же майып балдардын жөлөк пулунбу?

“Мамлекеттик жөлөкпулдар тууралуу” мыйзамдын бул жаңы беренеси иштей баштаганына карабай, эч ким сүйүнчү ала элек.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, канча адам кайрылып же сүйүнчү алганы февралда белгилүү болот. Азырынча кайрылган киши жок.

4000 сом Кыргызстанда балдардын бир айлык жашоо минимуму.

Бишкектеги төрөт үйлөрүнө баш баксак, көпчүлүк энелер сүйүнчү токтотулду деп ойлошконун айтышты.

Кара-Балтадан келип көз жарган Зита Саралиева төрт миң сом баланын бир топ керектөөсүнө жарайт деген оюн бөлүштү:

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстанда бир баланын айлык керектөө минимуму 4078 сом деп эсептелген

“Баланын ороо-чулгоосуна, жалаягына, алгачкы кийим-кечесине жетип калмак. Төрт миң сом мен үчүн дурус эле акча. Төрт балам бар, берсе албетте алабыз. Бирок кайда барып кайрылыш керектигин билбейм, буга чейин бирөөнүн алганын укпадым”.

Мамлекеттин сүйүнчүсүн алыш үчүн үч документ керек. Баланын күбөлүгү, энесинин каттоосу менен паспорту жана үй-бүлө курамы тууралуу маалым кат.

Кыргызстанда күнүнө 400дүн тегерегинде бала жарык дүйнөгө келсе, жыл башынан бери 3200гө жакын бала төрөлдү десе болот.

Ал эми жылына өлкөдө 150 миңдин айланасында ымыркай жарык дүйнөгө келет. 2016-жылы 158 миңге жеткен.

Министрликтердин айтымында, быйылкы бюджеттен сүйүнчүгө каражат каралды.

Жаңы мыйзамдын башка бөлүктөрү апрелге чейин токтотулган. Анын себеби тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минстринин орун басары Лунара Мамытова айтып берген.

“Жаңы мыйзам толук күчүнө кирсе, азыр жөлөкпул алып жаткан 16 миңдей үй-бүлө же 30 миңдей бала акча албай калмак. Алар үч жаштан ашкан, бир же эки балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары. Бирок аз камсыз болгон, киши башына кирешеси 900 сомго жетпегендер. Ошого байланыштуу дагы бир талдайлы деп үч айга жалпы жөлөкпулдар боюнча мыйзамды токтотуп турууну сунуштаганбыз”, - деди Мамытова Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сүйүнчү пул тоолуу райондорго жараша катыш менен эсептелет

Азырынча 1998-жылы кабыл алынган мыйзам иштеп жатат. Ага ылайык, канча балалуу экенине карабай, кирешеси киши башына 900 сомго жетпесе, баласы 16 жашка чейин жөлөкпул алат.

Алардын саны 350 миңдин тегереги.

Кыргызстанда жакырлардын пайызы 2016-жылдын эсеби боюнча 25,4 пайызды түзөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров эски мыйзамды эле калтырып, айрым жерлерине өзгөртүү киргизиш керек деген ойдо:

“Жөлөкпул чегерүүдө пенсияны киреше катары эсептөөнү алып салыш керек. Ошондо балага жөлөкпул алгандардын саны өсөт. Даректүүлүк жакшырат. Азыр биометрикалык идентификация бар, ар бир жарандын медициналык камсыздоо номери бар. Алар аркылуу керек болсо адамды аралаштырбай, балдарга банк аркылуу түз жете турган кылса болот. Мыйзамга мына ушул сыяктуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жетиштүү болот деп эсептейм”.

Ал эми өткөн жылы президент кол койгон жаңы мыйзамга ылайык, сүйүнчү менен бирге үч жашка чейинки бардык балдарга айына 700 сомдон, көп балалууларга 16 жашка чейин 500 сомдон берилмек.

Жогоруда айтылган жүйөлөрдөн кийин сүйүнчү гана калды.

Мыйзам авторлорунун бири депутат Аида Касымалиева кабыл алынган мыйзамды токтотпой туруп, аз камсыз болгон жана бир-эки балалууларды да камтып кетсек болмок деген.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар