Жаңы Бажы кодексинен Кыргызстан жеңилдик сездиби?

Экономика министрлиги жаңы Бажы кодекси биримдик ичинде товарлардын эркин жүгүрүшүнө жол ачат дейт
Image caption Экономика министрлиги жаңы Бажы кодекси биримдик ичинде товарлардын эркин жүгүрүшүнө жол ачат дейт

Кыргызстандын Бажы кодекси жокко чыгып, Еразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси менен иштөөдө. Өкмөт жаңы мыйзам биримдикке мүчө өлкөлөр менен товар алмашууну жеңилдетерин айтты. Ал эми ишкерлер Жаңы жылдан бери бюрократия күчөдү дейт.

Убактысынан кечигип кала жаздап, чыр менен ратификацияланган бирдиктүү Бажы кодекси иштеп жатат.

Аны аткарууга тиешеси бар атка минерлерге сөгүш жарыяланып, өкмөттөгү ЕАЭБ боюнча бөлүмдүн баардык кызматкерлери жумуштан алынды.

Жаңы документ мүчө өлкөлөрдүн Бажы мыйзамынан сырткары буга чейин иштеп келаткан бажы тармагы боюнча 16 эл аралык келишимдерди да токтотту.

Кодекстеги негизги өзгөрүүлөрдүн бири – документтерди электрондоштуруу.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев биримдик ичинде товар эркин жүгүрүүдө дейт:

“Мурда кирген товарлардын декларациясын бажы кызматкерлери, товардын ээси жана айдоочу толтурчу. Азыр андай документтердин баары жокко чыкты. Ал эми тышкы чек арадан кирип жатканда маалымат бир жолу гана электрондук түрдө киргизилет. Ал маалымат бардык мамлекеттерге кетет. Төлөмдөрдү да адам албайт, автоматташтырылат”.

Бажы кызматкерлери төлөмдү колго албай, товарды тактоо менен гана чектелет.

Ал эми жалпы бажыдан алган Кыргызстандын үлүшү 1,9 пайыз боюнча калат.

Image caption Жаңы Бажы кодекси январдан тарта иштей баштады

Мындан сырткары жүктүн жылышын электрондук системадан көрүүгө мүмкүн болгондуктан, ал кайсы өлкөдөн киргени билинет.

Алдыңкы жылдарда жолдорго видеокамера орнотуп, унааларды андан көрүшөт.

Акенеев чек арада текшерүү үчүн кезек күткөндөр азайып, 20 тонналык унаалар 15-20 мүнөттө өтүп жатканын байкаган.

Ал эми экспорттук ишкананын башчысы Уран Ниязалиев жаңы жылдан бери чек арада бюрократия пайда болгонун айтууда:

“Жаңы кодекстен кийин чек арадан өттүк. Бюрократиялык жараяндар көбөйүп жатат. Кыргызстанга жабдуу алып келатканда анын коду туурабы деп арыз жаздырды. Аны мурда ордунда чечсе, мисалы Бишкекте, азыр борбордук Бажы кызматына жиберет экенсиң. Анын арызды кароого 90 күнү бар экен. Документте көрсөтүлгөн товар экенин тастыкташың керек. Бизге жабдууну бат орноштуруп, бат ишке киргизген жакшы да”.

Ниязалиев Кыргызстандын биримдиктин башка өлкөлөрү сыяктуу бири-бири менен жеке келишими жок болгондуктан айыл чарба продукцияларын экспорттоо дале жеңил эместигин кошумчалады.

Экономика министрлиги бажы төлөмдөрүн эки же андан ашык жол менен төлөгөө жол берилип, бажы жыйымдарын төлөө узартыларын маалымдаган.

Мамлекеттик Думанын КМШ боюнча комитетинин төрага орун басары Виктор Водолацкий ЕАЭБдин жаңы кодекси чек аралардагы ушак-айыңдарды жөнгө салат деген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан биримдикке киргени ички дүң продуктусу, экономикасы өскөнүн айткан. Ага ылайык, 2016-жылы республиканын ички дүң өнүмү ЕАЭБде эң алдыңкы болуп, 3,8 пайызга көбөйгөн. Ал ошондой эле жалпы соода жүгүртүүдө экспорттун өлчөмү көбөйгөнүн билдирген.

Анткен менен экономисттер экспорт бааларды алганда өсүштү көрсөтүшү ыктымал экенин, анткени баалар көтөрүлгөнүн белгилешет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар