Кыргызстан: сасык тумоого байланыштуу кырдаал

Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасына бир күндө 260тан ашык бейтап кайрылса, анын жүзгө жакыны сасык тумоого чалдыккандар. Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасына бир күндө 260тан ашык бейтап кайрылса, анын жүзгө жакыны сасык тумоого чалдыккандар.

Бул жылы штамм H3N2 сасык тумоосу активдүү болуп жатат. Аны австралиялык сасык тумоо деп аташкан себеби - дал ушул эпидемия жакында эле бул өлкөнү каптап өттү. 2017-жылдагы Австралиядагы сасык тумоо сезону соңку он жылдагы эң оор мүнөздө болду. Кыргызстанда дагы учурда грипп күчөгөн мезгили.

Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасына бир күндө 260тан ашык бейтап кайрылса, анын жүзгө жакыны сасык тумоого чалдыккандар.

Муну да окуңуз:

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Ийнесиз эмдөө ыкмасы

Грипп же сасык тумоо сезондук мүнөзгө ээ болгон үчүн учурда аны менен ооругандар көп. Анын үстүнө учурдагы кыш чилдеде аба ырайы салыштырмалуу жылуу болууда. Бирок өткөнкү жылдын бул мезгили менен быйылкыны салыштырганда аталган илдетке чалдыккандар саны көп деле айырмаланбайт.

"Биздин инфекциялык ооруканага сасык тумоо менен оор абалда келгендер аз эмес. Алардын басымдуу бөлүгү он төрт жашка чейинки балдар. Оору өтүшүп кеткенде келбей, сасык тумоонун белгилери байкалганда дароо дарыгерлерге кайрылыш керек. Эгерде адамдын дене табы 38-39дан түшпөй жатса, бул - дарыгерге баруунун биринчи себеби",- дейт инфекциялык оорукананын амбулатордук кеңеш берүү бөлүмүнүн башчысы Халида Азимбаева.

Дарыгерлердин айтымында, сасык тумоо менен көп учурда балдар ооруйт. Бул алардын организминде ооруга каршы турган иммунитеттин жоктугуна байланыштуу болот.

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Инфекциялык оорукананын амбулатордук кеңеш берүү бөлүмүнүн башчысы Халида Азимбаева

2016-жылдын башында чочко тумоосу деп аталган А (H1N1) ылаңы Кыргызстанда текшерилген алтымыштан ашык адамда катталып, бул көпчүлүктү кыйла чочуткан. Быйыл болсо Кыргызстанда австралиялык, мексикалык сасык тумоо жайылууда деген кептер айтылып жүрөт. Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасынын дарыгерлери мындай сөздөр чындыкка коошпойт деп билдирди.

Сасык тумоону аденовирустар, парагрипп вирустары, риновирустар жана башка вирустар, бактериялар чакырат. Аталган оору жылдын жылуу мезгилинде сейрек учурап, суук учурда эл арасында массалык көп таралат. Оорунун булагы — оорулуу киши болуп эсептелет.

Кантип алдын алабыз?

Вирусту жуктуруп алууга жакын болгон балдарды жана кары адамдарды абайлоо керек.

Ысык жерден муздакка чыкканда же тескерисинче киргенде этияттык зарыл. Сасык тумоонун вирусу суукта жакшы өрчүгөндүктөн суукка калың кийинип чыгып, үшүп калбагандай болгула. Бирок тердебегенге аракет кылуу зарыл. Бала тердеп кетсе дароо кургакташ керек.

Үйдү такай шамалдатып тургула. Адамдар көп топтолгон жерден качкыла. Тескерисинче өзүңүз ооруп жаткан болсоңуз да адамдарга жакын барбаңыз. Жеке гигиенаны сакташ керек, маска тагынуу кажет. Эң негизгиси иммунитетти көтөрүш керек.

Тумоолоп калганда качан, кандай дары ичиш керек?

Эл арасында антибиотикти ичүү адаты бар. Ал вируска жардам бербейт. Сасык тумоо иммунитеттин алсыздыгынан келип чыккандыктан аны күчтөндүрүү эң маанилүү. Ал үчүн С витаминдүу азыктарды, жашылча-жемишти көп жеш керек. Суюктукту көп ичүү зарыл.

Бүгүнкү күндөгү сасык тумоонун бардык түрлөрүнөн коргой турган мыкты жол - вакцинация. Бирок сасык тумоонун вирусу ар дайым өзгөрүп жана алмашып тургандыктан, анын артынан такай көзөмөл керек.