Экстремизмге айыпталган келин элден колдоо сурады
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Экстремизмге айыпталган келин элден колдоо сурады

Диний китептерди окуп, пикир жазып койгону үчүн күйөөсү экөө кошо экстремизм боюнча айыпталып жатканын билдирген беш балалуу келин Бишкекте баласын жана кайын энесин ээрчитип, диний коомчулуктан колдоо сурап борбордук мечиттин алдына кайрадан чыкты.

Милиция анын күйөөсү "Хизбат-тахрир" партиясынын мүчөсү катары жоопко тартылып жатканын, ал эми арызданып жаткан келиндин да өзү кылмышка шектүү катары суралып жатканын билдирүүдө.

Диний коомчулуктан колдоо издеп чыккан келиндин аты-жөнү Зубаида. Анын күйөөсү үч айдан бери диний экстремизм боюнча кылмышка шектүү катары камакта отурат.