Ички иштер министрин алмаштыруу жөнүндө кептер кайра козголду

Ички иштер министри Улан Исраилов отставкасы тууралуу кептер өткөн жылдан бери келатат Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Ички иштер министри Улан Исраилов отставкасы тууралуу кептер өткөн жылдан бери келатат

Cоциалдык тармактарда кийинки ички иштер министри ким болоору талкууланып, президент менен прмьер эки башка кадрды жылдыраарын айтышууда. Ал тапта жаңы президент келгенден бери эле премьер-министр экөөнүн таасир талашуусу тууралуу сөздөр тыйылбай келүүдө.

Азыркы ички иштер министри кызматтан кетээри тууралуу сөздөр басылмаларда жыл этегинде пайда болду.

"Жок териден тон бычып..."

Айрым “Фейсбук” колдонуучулары болсо президент менен премьер-министр ички иштер министрлигине өз кишилерин даярдап жатканын жазышууда.

Анда азыркы министрдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахмановдун аты аталууда. Министрдин орун басарын президенттин, ал эми шаар милициясынын башчысын премьер-министрдин кишиси деп аташкан.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов кызматтан кетүүнү министр чечпей турганын, отставкасы тууралуу сөз кылуу туура эмес болоорун билдирди.

“Ошондой такталбаган маалыматтар чыгып жатканы чындык. Бирок кетишти же кетпешти министрибиз өзү чечпейт. Өкмөт министрди алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алса, анда алмашуусу мүмкүн. Бирок ал биздин министр үчүн трагедия эмес. Анткени ал өз милдеттерин кыска убакыттын ичинде аткарууга жетишти деп ойлойбуз”, - деди Би-Би-Сиге Бакыт Сейитов.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жаңы президент шайлангандан тарта таасир кимдин колунда болот деген суроо коомдо тынчый элек

Шаардык башкармалыктын башчысы Сталбек Рахмановго байланышууга аракет кылганыбызда, мындай маалыматты комментарийсиз калтыруу туура болоорун айтышты.

Анын үстүнө дайындалгандан тарта эле министр Улан Исраиловдун компитенттүүлүгү тууралуу сындар ээрчип келди. Бир жылдан ашык убакыттан бери иштеп келаткан министр реформаларды жасады деп эсептейт Бакыт Сейитов:

“Атайын алты кызматты түздү, анын кийин сапаттуу иш алып баруусун көзөмөлдөдү. Акыркы оор кылмыштардын ачылышынын башында өзү турду. Милиция кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылууга көңүл буруп, ушу тапта Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Бишкекте аларга үйлөр салынып жатат”.

ИИМ премьер-министрге баш ийеби же президенткеби?

Ал эми байкоочулар президент менен премьер-министрдин кадр дайындоону талашуусу орун аларын, президент кызматка киришкенден кийин эле ал байкалганын айтышкан.

“Жаңы шайланган президент менен өкмөттүн ортосунда конфликт пайда болот. Президентте мурдагыдай эле күч түзүмдөрү калып жатат, ал УКМК менен Башкы прокуратура. Ал кимдин колунда болсо, Кыргызстанда бийлик ошол адамда болот. Бирок президенттик Жээнбековдун колуна өткөн менен азыр ал жерлерде Атамбаевдин кишилери отурат. Ошондуктан алардын орду кандай болот деп жатам. Мына ушул нерселер Жээнбеков менен өкмөттүн ортосундагы чатакка алып келиши мүмкүн”, - деген эле Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков өкмөт башчынын Конституциядагы жаңы укуктары тууралуу маекте.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Өкмөт башчы Сапар Исаков президент менен тирешпей турганын айткан

Ал эми премьер-министр Сапар Исаков Би-Би-Синин суроосуна жооп берип жатып, өнөктөштөр менен иштешүү үчүн мамлекеттин бийлик бутактарынын бир пикирде болушу зарыл деген. Ал ошол эле маалымат жыйынында Сооронбай Жээнбековду ага катары көрүп, талаш-тартышка барбайм деген.

“Сооронбай Шариповичти мен абдан сыйлайм. Бул киши биздин президентибиз. Ал абдан кыраакы адам. Орусча айтканда “мудрый” киши. Көп нерсени түшүнөт, абдан тажрыйбалуу адам. Эч качан аша чаппайт. Аны мен көп жылдан бери билем. Сооронбай Шарипович менин атам менен түштүктө чогуу иштеген”, - деди Исаков журналисттерге.

Мыйзамга ылайык, ички иштер министрлигине талапкерди өкмөт башчы сунуштайт. Президентке УКМК, коргоо карайт.

“Негизи ички иштер министрлигине президент кийлигишпеш керек. Конституцияда президент коргоону, коопсуздукту тескеген органдардын башчылары менен орун басарларын дайындайт жана кызматтан алат деп так көрсөтүлүп турат. Ошондуктан Конституция боюнча алганда, ички иштер министрин дайындоо бул жака кирбейт, аны өкмөт башчы сунушташ керек”, - деди Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.

Азыркы ички иштер министри Улан Исраилов 2016-жылдын ноябрь айында кызматка киришкен. Ал учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болчу деген маалымат бар.

Ал эми социалдык тармактарда аты аталып жаткан Сүйүнбек Өмүрзаков Кара-Кулжадан, Сталбек Рахманов Нарындан экенине көңүл бурулууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар