Жол эрежесин бузгандарды жазага тартуунун жаңы ыкмасы

Жол эрежесин бузган айдоочулар топтогон баллына жараша жоопко тартылат. Жол кырсыктарын азайтуу максатында киргизилип жаткан бул системаны ишке ашыруу үчүн өкмөт атайын комиссия түздү.

Сүрөттүн автордук укугу Mederbek Niyazaliyev
Image caption Баткендин Лейлек районунда болгон унаа кырсыгы.

Баллдык системанын ишке ашыруу канчалык реалдуу? Мындай ыкма жол кырсыктарынын кыскарта алабы?

Жол эрежесин бузууларды каттаган автоматташтырылган система ушул жылдын жаз айларында ишке кирет деп пландалып жатат. Өкмөт башчы Сапар Исаков жол коопсузудугуна байланышкан комиссиянын жыйынында сүйлөп жатып, бул жаңы ыкма жол кырсыктарынын азайышына жана коррупцияны жоюуга багытталганын белгиледи:

«Азыркы учурда «Таза Коом» программасынын алкагында КР өкмөтү тарабынан иштелип жаткан программалык камсыздоо ЖККББга жол эрежесин бузган жарандардын айдоочулук күбөлүгүн албай коюга мүмкүндүк түзөт. Айдоочулук күбөлүктү алуу ведомстводогу эң чоң коррупциялык фактор болуп эсептелет. Планшетте камтылган маалыматтар базасына протоколдорду киргизүү тутуму жөнгө салынгандан кийин ЖККББ кызматкери айдоочу күбөлүктү албай, мыйзам бузууну гана каттоого алат. Ар бир мыйзам бузуу боюнча унаа айдоочуларга балл берилет. Жаза берүү дагы мына ошол алынган баллдардын негизинде жүрөт», - деп түшүндүрдү Сапар Исаков.

Маалыматтарда айтылгандай, айдоочу ар бир жол эрежесин бузган сайын айып баллдарына кириптер боло берет. Жол эрежесин бузуунун оор же жеңилдигине жараша топтолгон балл жүзгө жеткенде, жаран айдоочулук күбөлүгүнөн айрылат. Кайра алуу үчүн экзамен апшырышы керек. Эгерде сынактан ийгиликтүү өтсө гана айдоочулук күбөлүк кайра берилет.

Мындан сырткары, жол кырсыктарын азайтуу максатында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына кошумча 169 кызмат орду берилди.

"Президент, өкмөт башчы, ЖК депутаттарынын талабы абдан чоң болуп жатат. Бирок кызматкерлердин жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздигине байланыштуу көптөгөн жол тилкелеринде жол коопсуздугу тийиштүү түрдө камсыздалган эмес эле. Эми жаңы берилген 169 кызматтык орунду жер-жерлерге бөлүп, тапшырмаларды бердик. Буга кошумча, кечээтен бери унааларды туш келди токтоткон фактылары боюнча дөңгөлөктөргө атайын кулпу салуу, эвакуациялоо жана аларды аайып төлөөчү жайларга жеткирүү боюнча иштер башталды", - дейт Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев.

Image caption Кырсыктын дээрлик чоң бөлүгү унааны катуу ылдамдык менен айдоо дейт жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызмат

Баллдык системанын ишке ашыруу канчалык реалдуу?

Өкмөттүн мындай аракетин кубаттагандар менен катар эле, азыркы шарт менен алганда муну майнапсыз аракет катары баалагандар дагы жок эмес.

"Өкмөт биринчи кезекте, ар бир унааны каттоодон өткөрүп алуусу керек. Ага чейин баллдык эсептөөнү киргизүү мүмкүн эмес. Мисалы, көпчүлүк айдоочу ишеним кат менен жүрөт. Бирөө жол эрежесин бузса, ал мурунку унаа ээсине жазылып калат. Бул жакынкы он жылда ишке ашпайт",-айдоочулардын бири өзүн Талгат деп тааныштырган бишекетик тургун.

"Бул кабарды уктум. Туура эмес эле аракет. СССРдин учурунда "эскертүү талону" деген бар болчу. Үч жолу эскертүү берет, андан кийин экзаментапшырып калышат эле. Азыр аны ишке ашыра алышпайт. Унаа көп, кимге катталганы белгисиз, тартип жок",-деди өзүн Улан деп тааныштырган айдоочу.

Жол эрежесин бузгандардын 100 баллдык системасы буга чейин Грузияда ийгиликтүү ишке ашкан. Жакында эде жарыяланган көз карандысыз иликтөөдө Бишкек шаарында айдоочулардын 48 пайызы жол эрежесин билбейт, 70 пайыз айдоочулар кайгуул милициясынын кызматкерлерине пара беришет деп айтылган. Соңку жылдарда Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарынын көп катталганы коомчулукту да, бийликти да тынчсыздандырган көйгөгө айланды.

Тектеш темалар