Д.Бекешов: кылмышкерлер орто жана чакан бизнести тооруп жатат

Депутат Дастан Бекешов уюшкан кылмыштуу топко каршы бизнес арызданбагандыктан, башка жолдор менен чара көрүш керек дейт Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Депутат Дастан Бекешов уюшкан кылмыштуу топко каршы бизнес арызданбагандыктан, башка жолдор менен чара көрүш керек дейт

Бизнеске уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү басым көрсөтүүдө. Мындай маалымат бүгүн Жогорку Кеңеште айтылды. Ал айрыкча Ысык-Көл кылаасында кенен жайылган дешет депутаттар. Бирок облустук ички иштер башкармалыгы мындай билдирүүгө каршы.

Социал-демократ депутат Дастан Бекешов ишкерлерге уюшкан кылмыштуу топтор кайрадан “салык” сала баштаганын парламенттен айтты.

Анын билдиришинче, көптөгөн бизнес кысымна кабылган менен милицияга арызданбайт.

“Мисалы, кафеси же мейманканасы барларга кылмышкерлер ачык эле айтышат. “Милицияга бара бер, кийин сүйлөшөбүз. Ал кетет, биз экөөбүз ушул жерде калабыз” деп коркутат. Аларды камаса, бир жылдан кийин кайра чыгат да”, - деди Бекешов Би-Би-Сиге.

Ал бир учурдагыдай чоң суммада “салык салуу” жок экенин, азыр ири бизнестерге эмес, уюшкан кылмыштуу топтор орто жана чакан бизнестерге тиши өтүп жатканын кошумчалады:

Image caption Депутат, мурдагы ишкер Элвира Сурабалдиева бизнести тартып алуу аракеттерин өз башынан өткөргөнүн айткан

“Ошол эле мейманкана болсо, “баланча кишилер бекер жатып турсун” деп жиберет. Кафеси болсо акысыз тамагын жейт же мончосуна түшүп кетет. Мындай учурларды ишкерлер мага мурда эле айтышчу, азыр да угуп жатабыз. Ал эми ишкер милицияга кайрылбайт, анткени натыйжасын көрүп жүрөт. Ошондуктан жакшыраак чара көрүш керек”.

Дастан Бекешов уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүүгө Улуттук коопсуздукту коргоо боюнча мамлекеттик комитетти да тартууну сунуштап жатат.

Ушул маселени депутат Элвира Сурабалдиева комитет жыйынында көтөрдү.

Ал Ысык-Көл районундагы Бостери айылында өрттөнгөн кафенин окуясынан улам, эл билбеген учурлар көп болушу мүмкүн деп, милицияны чара көрүүгө чакырууда.

“Ар бир ишкердин артында жумушчу орундар турат. Ар бири салык төлөп жатат. Салыктардан ошол эле Ички иштер министрлиги, депутаттар, мугалимдер, дарыгерлер акысын алышат. Ошондуктан ишкерлерге татыктуу, коопсуз шартты түзүп беришибиз керек”, - деди Сурабалдиева.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чакырыктары 7-январда Бостериде “Осьминог” кафеси толугу менен күйүп кеткенден кийин күчөдү.

Image caption Бостеридеги "Осьминог" кафесинин күлү сапырылып, өрт жанындагы эки мейманканага чейин өткөн

Кафенин кожоюндары мурда бирөөлөр акча талап кылганда бербей коюшкандан кийин бул окуя орун алганын айтышкан. Алар ошондой эле бир жыл мурда коркутуулар боюнча милицияга арызданганын, бирок кылмышкерлер көп өтпөй коё берилгенин билдирген.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болгондуктан өрттүн себеби белгисиз деди. Ал уюшкан кылмыштуулукка байланыштырылып жаткан соң, бул факторду көз жаздымда калтырбай, кошо иликтеп жатышканын кошумчалады.

Облустук милиция “Осьминог” кафесинин ээси бир жыл мурда арызданганын танбайт.

“Өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап акча талап кылганы чын. Андай факты бизде катталган, Аскат аттуу жабырлануучу 500 доллар талап кылып жатышканы боюнча арыз менен кайрылган. Анда эки адам кармалып, милициянын ыкчам каттоосунда турган кишилер болуп чыккан. Иши тергелип, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна жиберилген. Алар төрт жылдан шарттуу кесилген”, - деди Усубакунов Би-Би-Сиге.

Облустук милициянын өкүлү Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топ арышын кенен жайган деген айыптоолорго каршы. Ал Бостеридеги ушул окуядан кийин эле уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү баңгизат жана курал менен кармашканын кошумчалай кетти.

Усубакунов арыз менен кайрылган учурлардын баарына чара көрүлүп жатканын белгиледи.

Тектеш темалар