"Акылдуу шаар": Кыргызстанда видеокөзөмөлдү Huawei орнотот

Huawei Сүрөттүн автордук укугу David Becker/Getty Images
Image caption Huawei

Кыргызстандын өкмөтү 11-январда Huawei Technologies Co., Ltd компаниясы менен инвестициялык келишимге кол койду.

Ага ылайык, Huawei компаниясы Кыргызстанга дээрлик 60 миллион доллар инвестиция салат жана "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырат. Бирок долбоордун 100 пайыз ишке ашуусуна үч компания милдеттүү болду.

"Акылдуу шаар" долбоору өлкөдөгү жол кырсыктарынын санын кыскартуу, кылмыштардын бетин ачуу жана террордук коркунучтарды алдын алууга багытталган.

Долбоорго ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында, Бишкек - Ош, Бишкек - Чолпон-Ата жана борбор калаадан "Манас" эл аралык аба майданы көздөй кетүүчү чоң жолдорго видеокөзөмөл орнотулат.

Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg
Image caption 2018-жылдын 11-январында, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында Huawei компаниясы менен инвестициялык келишимге кол коюлду

Адистерди даярдоо жана программалык касыздоо жагын Beijing China Veterans Lingxin Capital Management компаниясы менен "Ака минералз энд майнинг" ишканасы моюнуна алган.

Аталган келишимге Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов кол койду. Инвестор катары жогоруда аталган үч компания чыгып, ал эми Кыргызстан тарабынан жоопкерчиликти өкмөт өзүнө алат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Кыргыз өкмөтү беш жылдын ичинде салынган инвестицияны кайтарып берүүгө тийиш.

"Акылдуу шаар" долбоору премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнүн негизги багыттарынын бири болуп жатат.

"Бул абдан мыкты компания. "Акылдуу Дубайды" кимдер жасады? Ушул Huawei компаниясы жасаган. Дубайдагы технология кандай болсо, биздин долбоор дагы ошондой болот деп расмий айта алам. Биздики Дубайданкийин жасалып жаткан соң айрым камералар, жабдуулар балким алардан дагы мыкты болушу мүмкүн. Ачык айтайын, "Акылдуу шаар" долбоору боюнча Кыргызстанда адис жок. Ошондуктан "Акылдуу шарды" курууда сөзсүз түрдө техникалык көзөмөл болсун деген талапты коюп жатам. Биз бул ишти аткарууга дүйнөлүк аброю бар IBM компаниясын тартып жатабыз. Муну эмне үчүн кылып жатабыз? Бизде кайсы бир компания бул сыяктуу чоң ишти баштаса, мындай кылып койду, тигиндей болуп жатат деген маселе сөзсүз чыгат. Ошондуктан бул абдан жакшы иш экенини мен үчүн да, башкасы үчүн да кепилдиги менен болсун деп жатам. Мындан сырткары биз бул долбоорду жана келишимди камсыздандырабыз",- деген Сапар Исаков.

Мындан алдын Кыргызстанда ушундай эле максаттагы "Коопсуз шаар" долбоору бир топ чуулгандуу окуяларга кабылып, арты соттук териштирүүлөргө чейин жеткен эле. Эми өкмөт "Таза коом" улуттук программасынын алкагында "Коопсуз шаар" долбоорун "Акылдуу шаарга" алмаштырып, аны тез арада ишке ашырууга бел байлап жатат.

Ушундай эле долбоорлор бир нече жыл мурун Тажикстанда 22 млн долларга, Казакстанда 25 млн долларга ишке ашырылган дейт эксперттер. (AT)

Тектеш темалар