Жаза аткаруу кызматы: Текебаевдин оорусу жок

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дээрлик он жарым айдан бери камакта
Image caption "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дээрлик он жарым айдан бери камакта

Жаза аткаруу кызматы Өмүрбек Текебаевге байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарынан үч кат алды. Бул тууралуу Би-Би-Сиге мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы Александр Никсдорф билдирди.

"Текебаевдин абалы жакшы"

“Каттар бүгүн келип түшкөн. Жетекчиликке жете элек. Алардын бири Текебаевди “Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасына” көрсөтүү боюнча. Жетекчилик катты алганда кандай чечим кылат, күтө турабыз”, - деген Никсдорф Текебаевдин саламаттыгында буга чейин кооптуу эч нерсе жок болчу деди.

Ал абактан бүгүн да алган маалыматка ылайык, Текебаевдин оорусу жок, тек гана текшерүүдөн өтүүнү сурап жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттары камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаевди абактан ооруканага которуу боюнча 11-январда кол чогултуп жатышкан.

Image caption Өмүрбек Текебаев 2017-жылы февралдын аягында кармалган

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев кол койгондордун арасында. Ал 31-декабрда Текебаев отурган абакка кирип чыккан. Масалиев Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, түшүп жаткан экен деди.

“Онго чейин депутат кол койду окшойт. Анын ичинде бир гана “Ата Мекендин” депутаттары эмес. Мен катардагы депутат катары кол коюп бердим. 31-декабрда Текебаев кан басымы туруктуу болбой көтөрүлүп, түшүп кетип жатканын айтты. Бир текшерүүдөн өтсөм болот эле деген. Күзөт менен кошобу, иши кылып дарыгерлерге көрсөтүш керек деп ойлоп жатам. Мыйзамда мындай учурлар каралган. Соттун чечими чыгып, күчүнө киргенден кийин аны алып барууда кооптуу жагдай жаралбайт”, - деди Масалиев Би-Би-Сиге.

Кармалуу шарты

Ал эми акыркылардан болуп 9-январда кезиккен саясатчы Феликс Кулов Текебаев такыр сыртка чыкпай турган бөлмөдө, жалгыз экенин айткан. Ал мунун себеби Текебаевге коркунуч болгондуктан Жаза аткаруу кызматы менен өзүнүн ортосундагы чечим болсо керек деген.

Ага чейин мурдагы президент Роза Отунбаева кирип, Текебаевдин абалы жана маанайы жакшы экенин айткан.

Ал эми Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова сейилдөөчү жай дээрлик жок болгондуктан Текебаев чыкпайт деди.

“Сейилдей албайт, сейилдей турган жер жок, кечке бир жерде отурат. Сыртка бизге гана чыгат да, кайра эле кирип кетет. Жабык бөлмөдө отурат да. Ден соолугу жөнүндө эч нерсе билбейм, башка соттук иштерге байланыштуу бир айдан бери бара элекмин”, - деди Би-Би-Сиге Чынара Жакупбекова.

Никсдорфтун айтымында, Текебаевдин жанында дагы бир киши бар. Анын кылмыш чөйрөсүнө тиешеси жок, жол кырсыгына байланыштуу жазасын өтөп жаткан болушу мүмкүн.

Никсдорф Текебаев өткөн жылы аталган ооруканадан көзөмөлдөн өткөнүн, депутаттар атайын бир ооруга байланыштуу эмес, дагы текшерилүүсүн өтүнүп жатканын айтты.

Image caption Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту 2017-жылы июнда башталган

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиялашы Дүйшөнкул Чотонов сегиз жылдан эркинен ажыратылган.

Мунапыс колдонулгандыктан жаза аткаруу мөөнөтү 4,5 жыл болмокчу.

Экөөнө “Мегаком” компаниясынын жетекчилигине кошуу убадасы менен орус жаранынан бир миллион доллар пара алган деген айып тагылды. Өздөрү муну төгүндөп, саясий негизде соттолдук дешет.

Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандаты ноябрда алынган, ал Бишкектеги 47-абакта кармалууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар