"Фейк" жаңылыктардан кантип арылууга болот?

Facebook Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Би-Би-Си "Жалган жаңылыктардан арылуу" өнөктүгүн баштады. Анын алкагында жалган жаңылыктар эмне себептен тез тарап жатканын, анын кесепетин жана медиа сабаттуулук тууралуу кеңири маалыматтарды сунуштайбыз.

Facebook коомдук сайты колдонуучулары арасында сурамжылоо жүргүзүп, кандай маалымат каражаттары ишенимдүү экенин аныктамак болду.

Коомдук сайттар жалган, фейк маалыматтарды таратуучу катары сынга алынып келүүдө. Кеңири тараган интернет желесинде коомдук сайттар эч кандай чындыкка коошпогон маалыматтарды таратып жиберүүдө чоң роль ойноп жатканына сын-пикирлер көп айтылып жатат.

Келечегинде колдонуучулардын жаңылыктар тизмесинде ишенимдүү маалымат булактарынын кабарлары көбүрөөк чыгат деп айтылат Facebook Inc компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг тараткан билдирүүдө.

"Азыркы биз жашап жаткан доордо сенсация жана дезинформация, поляризация [көз караш] артынан түшүү күч алды", -деп жазды Цукерберг. Forbes журналынын белгилөөсүндө Марк Цукербергдин каржылык абалы 73 млрд доллардан жогору.

Image caption Азыркы учурда Facebook тармагындагы билдирүүлөрдүн 5 пайызын жаңылыктар түзөт. Келечегинде бул үлүш 4 пайызга чейин кыскарат.

Кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу үчүн өткөрүлө турган Facebook сурамжылоосуна коомдук сайтта катталган колдонуучулар катышып, кайсыл маалымат булагына ишенерин айтып беришет.

Биринчи сурамжылоо ушул аптада башталды.

"Цукерберг тарабынан айтылган ишенимдүүлүк ченемин аныктоо ыкмасы идеалдан алыс. Айталы, көпчүлүк кишилер ишенген айрым ММКлар журналистикалык стандарттарды сактай бербейт", - деп жазды америкалык Slate интернет басылмасы.

Азыркы учурда Facebook тармагындагы билдирүүлөрдүн 5 пайызын жаңылыктар түзөт. Келечегинде бул үлүш 4 пайызга чейин кыскарат. Анткени колдонуучулардын баракчаларында алардын жакындарынан келген билдирүүлөр көбүрөөк көрүнүп турат.

"Социалдык тармактардын келечеги кандай болот? Анткени элдин калың катмары маалыматтарды ушул жактан алып жатат. Алардын арасында текшерилгени, текшерилбегени бар. Улуттук кызыкчылыкка каршы чыккан маалыматтар тарайт. Өкмөт социалдык тармактарды ЖМКлардын катарында караган же болбосо чектеген мыйзам долбоорлорун сунушташы керек",- деди демилгечилердин бири КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов.

Учурда өлкөнүн Юстиция министрлиги "Интернетти көзөмөлдөө боюнча" мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Депутаттар ушул мыйзамга сунуш берип жаткан учурда коомдук сайттардын маселесин козгошту.

"Юстиция министрлиги мыйзамды жакшыртуу жаатында иштеп жатат. Жакын арада интернет-сайттардын ишмердүүлүгүнө багытталган мыйзам парламентке келет. Учурда долбоор мекемелер арасында макулдашуудан өтүп жатат", - деди министр орун басары Равшан Абдуллаев.

"Социалдык тармактарды башкаруу дүйнөлүк деңгээлде жүрүшү керек. Кыргызстанда отуруп алып эч ким цензура кыла албайт. Эгерде ошол демилге ишке ашып калса, социалдык тармактарда айткан же жазган пикири үчүн жоопко тартылган жагдайлар көбөйөт. Мындай учурларды көрүп эле жатпайбызбы. Мыйзам буга негиз болсо, анадан бетер доого жыгуу, сотко берүү көбөйөт", - деди Би-Би-Сиге укук коргоочу Азиза Абдурасулова.

Коомдук сайттарды жөнгө салуу тууралуу парламентте айтылган пикир интернет колдонуучулардын арасында катуу талкууга түштү. Кыргызстанда соңку жылдары интернеттеги коомдук сайттардын колдоонучулар саны өсүүдө дейт адистер.

"Өсүш аябай жакшы. Өзгөчө мобилдик интернеттин өнүгүшү абдан жогору. Жакында эле кыргыз интернетинин инфографикасы чыгарылды. Ал жерде 4 млн. 300 миң киши мобилдик интернет аркылуу маалымат алары, андан сырткары 367 миң киши компьютер аркылуу интернетке чыгары белгилүү болду. Бул өлкөбүздүн атууладарынын 78% интернетти активдүү колдонот дегенди билдирет",-дейт "Биздин Мурас" коомдук фондунун жетекчиси Ч. Сааданбеков.

Айрымдар депутаттардын коомдук сайттарды чектөө сунушун сөз эркиндигин чектөө катары кабыл алууда. Бирок демилгечилер коомду бөлүп-жарган ар кандай радикалдуу пикирлерге бөгөт коюп, башамалан абалды жөнгө салуу керек деп түшүндүрүүдө.

Тектеш темалар