Кыскартуудан кийин 4880 кызматкери калчу министрлик

Койлор Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кыргызстандын мамлекеттик органдарында иштегендердин саны кеминде он пайызга кыскарууда. Айыл чарба, тамак- аш өндүрүшү жана мелиорация министрлиги кыскара турган 516 кызматкеринин тизмесин берди. Ошондо министрликте дагы 4880 кызматкер калууда.

Чоң мамлекеттик органдардын бири Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министрлиги.

Министрликте жети департамент, үч борбор, министрлик аппаратында 11 бөлүм бар.

Химиялоо, өсүмдүктөрдү коргоо, Суу чарбачылыгы жана мелиорация, Өсүмдүктөр карантини, Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспертизасы, Малдардын жайыты жана балык чарабсы, Айыл чарбаны механизациялоо жана энергия менен камсыз кылуу департаменттери.

Маалыматтык борбор, Каттоо жана ветеринардык дары-дармектер, жемдер жана кошулмалар үчүн сертификат

Мамлекеттик бюджеттен министрлик жылына 1 млрд 730 млн сом алат.

Райондук деңгээлде ар райондо орточо үчтөн киши жана райондор аралык, эки же үч райондо биригип дагы башка багытта үч-төрттөн адистер иштейт.

Министрлик кызматкерлеринин 80 пайызы же 4552 киши суу-чарба департаментинде. Каражаттын сексен пайызы да аларга жумшалат.

Беш миң төрт жүзгө чукул кишинин ар бири эмне иш кылат?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Катардагы кызматкерлердин кабинетине баш багып көрдүк.

Айыл чарба министрлигинин Дүйнөлүк соода уюму жана ЕАЭБ менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Мээрим Чекирова биз менен сүйлөшүүгө макул болду:

Чекирова: Биз негизинен мыйзамдарды ушул уюмдардын мыйзамдарына шайкеш келтирүү боюнча иштейбиз. Ишибиз он алты багытта. Бөлүмдөгү беш киши он алты башка бөлүмдүн жумушун кылып жатабыз. Министрликтеги башка бөлүмдөр, мисалы, башка ведомстволордон, өкмөттөн, Жогорку Кеңештен келген каттарга жооп берип, документтерди жасашса, биз башка өлкөлөр менен байланыштабыз.

Би-Би-Си: Ушу тапта эмне кылып жатасыз?

Чекирова: Мына бул документтегинин баары мага тийиштүү. "Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери, баа саясаты ж.б" деп турат. Мунун ар биринин алдында кылынчу канча жумуш бар.

Би-Би-Си: Башкача айтканда документ менен иштейсиздер, туурабы?

Чекирова: Ооба, биздин жумуш өзү ошондой да. Иш көп, жетишпей калабыз, анан биздин министрликти жоюш керек дегендерди түшүнбөйм. Мен эки жылдан бери иштейм, бир да жолу кечигип же жумушумду калтырган эмесмин. Эрте дегенде кечки сегиздерде кетем, жумуш көп болгондо түн ортосуна чейин калып калган күндөр болот.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Айыл чарба министрлигинде жети департамент, үч борбор жана борбордук аппаратында 11 бөлүм бар

Минстрлик анализден кийин 516 кишини кыскартып жатат. Борбордук аппараттагылар үчүн ишсиз калуу коркунучу жок. Кыскартылчулар жер жерлердеги адистер. Көпчүлүгү суу тармагынан, 455 киши ишинен кетиши мүмкүн. Ал эми аппарат былтыры гана он эки кишиге кыскартылып, азыр 84 киши иштеп жатканын жүйөө келтирет жетекчилик.

Министрликт жетекчилигинин айтымында, азыркы 5400гө жакын кишинин 20 пайызы кабинетте отурган кызматкерлер. Калганы жер жерлерде эл менен иштеген адистер, суу каналын же башка нерселерди караган техникалык кызматкерлер, инженерлер жана башка адистер.

Айыл чарба министрлигине эмнеге сын көп?

Жер элге таратылып берилгенден кийин министрликтин негизги милдети тармактын саясатын аныктоо болуп калды.

Багбан, айыл чарба тармагы боюнча адис Манас Саматов чет жерден айыл чарба техникаларын алып келет, багбандарга кеңеш берет. Ал дыйкандар министрликке дегеле муктаж болуп, иши түшкөнүн көргөн жокмун дейт.

Саматов министрликти түп тамыры менен жоюш керек деп эсептейт.

"Акыркы жылдардын эң ийгиликтүү долбоорлорунун бири кант кызылчасын өстүрүү болду. Ага министрликтин эч кандай жардамы тийген жок. Фермерлер коомчулугу өздөрү баарын жасап жатат. Акыркы үч жылда көптөгөн жаңы техникалар келди. Фермерлер өздөрү "талаа күндөрүн" өткөрүп жатышат. Мамлекет жок дегенде тоскоолдук кылбаса. Мисалы, дыйкандардын турмушуна тоскоолдук жараткан мыйзамдар бар. Чет жерден техника алып келем десең он эки пайыз бажы төлөмүн төлөшүң керек. Бизде кетмен жасап чыгарган түзүк устакана болбосо. Көчөт алып келип жатабыз, ага беш пайыз бажы төлөмүн төлөш керек экен. Анан кантип дыйкандарга жардам болсун?", - деди Саматов.

Айыл чарба министрлигинин дагы бир милдеттеринин бири айыл чарба коопсуздугун кароо.

Министрликтин статс-катчысы Максат Ташболотов Кыргызстан боюнча 400 миң дыйкан чарбасы болсо, төрттөн бири менен иштешкенге жетишерин айтууда.

Ал жер жерлерге барып иштегенде кадр жетишпей калат дейт:

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Айыл чарба министрлиги көп жылдардан бери кыскарып эле келатат. Саны такыр көбөйгөн жок. Бир жарым жыл мурда да эч бир министрликте оптимизация болгон эмес, бирок бизде болгон. Ошондо борбордук аппаратыбыздан он эки кишини кыскартканбыз. 2012-жылдагы кыскартуунун кесепети азыркыга чейин тийип келет. Жумуш көбөйөт, бирок албетте жүк баарына бирдей деп айтууга болбойт, бардык жерде ар кимге ар кандай жүк түшөт. Белгилеп кетчү нерсе, айлык маянабыз да башка министрликтерге салыштырмалуу төмөн".

Министрликте катардагы адистердин маянасы же эң төмөнкүсү 8-9 миң сом. Ал эми жетекчилердин айлыгы 30 миң сомдун тегереги.

Биринчи иретте курагы 65 жаштан өткөндөрдү кыскартуу тапшырмасы берилген. Бирок министрликтин өкүлү айткандай, бул жаштагылар аз экен.

Ал эми экономика илимдерини доктору Айылчы Сарыбаев мамлекетти өнүктүрүүнү айыл чарбадан башташ керек дейт. Ал жер реформа болгон менен агрардык сектор реформаланбаганын белгилеп, биринчи иретте ушул тармакты оптимизациялаш керектигин белгилеп жатат:

"Этектей жерлерди эле менчиктеп алып отурушат. Бул реформалоо эмес. Биз айыл чарба продукциясын товар катары өндүрүүгө жетишишибиз керек. Азыр бул он-он беш пайызды гана түзөт. Калганы өз курсагы үчүн гана өндүрөт. Товар катары сатууга жетиш үчүн аны уюштура билиш керек, механизмдерин иштетиш керек. Бул өтө зор иш. Бизге бирөөнүн жээни, таанышы болгону үчүн, эмгек китепчесине министр деп жазылып калыш үчүн келген министрлердин кереги жок".

Ал эми айыл чарба министрлиги заманбап талаптарга ылайыкташып, иш алып бара башташканын айтат. Алар кыскартуу жүргөн соң кесепети оор болуп, милдеттерди бири бирине ооштуруу кыйынчылыгы белгилешти.

Кеминде он пайыздык кыскартуу бардык тармактарда жүрөт. Демилгенин ээси өкмөт анализ жүрүп жатканын айтуу менен чектелип, жалпы кыскартуудан канча каражат үнөмдөп калышаарын же иштин натыйжасы кандай болуп өзгөрөөрү тууралуу маалыматты берген жок.

Премьер-министр Сапар Исаков буга чейин мамлекеттик кызматкерлерге кеткен каражатты үнөмдөш керек деген. Бирок чыгымдар азыркыга чейин эсептелбеген сыягы.

Тема боюнча башка макалалар