Бишкек ЖЭБтеги авариянын себептерин УКМК текшерип жатат

Бишкек ТЭЦ Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек ЖЭБтеги авария боюнча текшерүү ишин баштады. Ѳкмөт жылуулук борборундагы авариянын себептери жоюлганын билдирген менен шаардагы үйлөргө жылуулук тийиштүү сапатта жетпей, шаардык тургундар үшүп чыгып жатканына үч күн болду.

"ЖЭБти текшерүү контртеррористтик иш чаралардын алкагында болуп жатат. Жыйынтыгын текшерүү бүткөндө кабарлайбыз",-деди Би-Би-Сиге УКМКнын басма cөз катчысы Рахат Сулайманов.

ТЭЦтеги авария Бишкекке катуу суук келген 26-январда болду. Ошол түнү Электр жылуулук борборунун эски казан агрегаттарры бузулуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулуктун сапаты төмөндөп кеткен.

Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg
Image caption Ѳкмөт ТЭЦтеги аварияны жоюу боюнча ыкчам штаб түзүп, жылуулук менен камсыздоону кыска мөөнөттө калыбына келтирүү үчүн чукул чараларды көрүүнү тапшырган.

Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев тармактуу суунун температурасы +84 градустан +62 ге чейин төмөндөгөнүн билдирген.

Ѳкмөт ЖЭБтеги аварияны жоюу боюнча ыкчам штаб түзүп, жылуулук менен камсыздоону кыска мөөнөттө калыбына келтирүү үчүн чукул чараларды көрүүнү тапшырган.

Мектептер жана бала-бакчалар жабылып, кыска убакытка каникул жарыяланды. Ооруканаларга жылыткычтар жана жылуу жууркандар жеткирилип, оорулууларга кам көрүлүп жатканын саламаттык сактоо министри билдирди.

27-январда Бишкек шаарынын мэри сегиз-тогуз саат ичинде авариянын себептери жоюлуп, жылуулук калыбына келет деген.

28-январда Ѳкмөт ЖЭБте кошумча казан агрегаты ишке киргизилип, жылуулук тийиштүү деңгээлде калыбына келе баштаганын билдирген. Бирок 29-январга караган түнү шаардагы көп кабаттуу үйлөрдө батареялар муздак болуп, жашоочулар үшүп чыгышканын коомдук сайттарга жазып жатышат. ТЭЦтин так суук күчөгөн убакта бузулуп калышына нааразы болгон шаардыктар Ѳкмөттүн жоопкерчилигин кароону талап кылышууда.

Ѳкмөт Бишкек ЖЭБ жарым жыл мурда эле бир нече млн долларга модернизациядан өткөнүн, агрегат казандары жаңыланганын, кубаттуулугу жогорулаганын жарыялап, мактанып отчет берген. Бирок жаңылануудан өткөн жылуулук борбору биринчи кыштын сыноосунан өтпөй, бузулуп калды.