Сапар Исаков: Бизди коллапстан кудай чоң сактады

Сапар Исаков: Бизди коллапстан кудай чоң сактады

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Жогорку Кеңештеги сөзүндө Бишкек ЖЭБиндеги техникалык кырсык анын эски бөлүгүндө болгонун, ал эми анын жаңы курулган бөлүгү баш калааны чоң коллапстан сактап калганын билдирди. Бишкек Жылуулук электр борборунда январдын ызгаар суугунда чыккан авариядан улам үйлөргө жылуулук жетпей, шаар жашоочулары үч күн бою үшүп жүдөп чыгышты.

Бишкек ЖЭБиндеги техникалык кырсык Сапар Исаковдун өкмөтүнүн отставкасы тууралуу маселени кырынан койду. Жылуулук борборунда авария эмнеден чыкканы так айтылбай, кырсыктын себебин Башпрокуратура менен УКМК иликтеп бүтө элек. Жогорку Кеңеште депутаттар кышка даярдык начар болгондугу үчүн өкмөтттүн отставкасын талап кылышууда.