Иноятовдун отставкасы эмнеден кабар берет?

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын 1995-жылдан бери жетектеп келген Рустам Иноятовдун кызматтан кетиши өлкө ичинде да, сыртында да негизги жаңылык катары кабыл алынды.

Сүрөттүн автордук укугу BRENDAN SMIALOWSKI/AFP/Getty Images

Саясат талдоочулар Иноятов маркум Ислам Каримовдон кийинки эле бийликте эң көп кармалган таасирдүү фигуралардын бири эле деп баа берүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттары Иноятовдун ордуна Башкы прокурор Ихтиёр Абдуллаев дайындалганын жазышты.

Иноятов Улуттук коопсуздук кызматын бардык чөйрөгө таасир эткен, күчтүү структурага айлантып, Ислам Каримовдун тушунда түптөлгөн репрессиялык системанын борбордук түркүгү кылган. Режимди сындаган же башка ой жүгүрткөндүн баары мына ушул структуранын тегирмен ташынан өтүп турган.

"Улуттук коопсуздук кызматы сегиз аяк сыяктуу бардык мекемелерде тыңчылары бар эле. Алар керектүү учурда маалымат берип, башкаларды аңдып турган", -дейт Лондондогу чыгыш жана африкалык изилдөөлөр мектебинин илимий кызматкери Алишер Илхамов.

Эксперттин пикиринде, Иноятовдун отставкасы менен эле иш токтоп калбайт. Бүтүндөй структура реформа болуп, укуктары кыскарышы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу XS.UZ
Image caption Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын 1995-жылдан бери жетектеп келген Рустам Иноятовдун кызматтан кетиши өлкө ичинде да, сыртында да негизги жаңылык катары кабыл алынды.

«Бул жаңылык Ѳзбекстандын жаңы президенти менен УККнын башчысынын ортосунда келишкис күрөш жүрүп жатканы жөнүндө бизге жетип жаткан үзүл-кесил жаңылыктардын чын экенин ырастайт. Жакында эле декабрда президент Мирзиеев чоң трибунадан УККда реформа керек, бир мекеме Ѳзбекстанда бүт жашоону көзөмөлдөшү керек эмес деп бүтүн журтка жарыя айткан эле. Ушул саясый күрөштөн президент жеңип чыкты",-дейт Би-би-синин өзбек кызматынын продюсери Дилорам Ибрагимова.

Улуттук коопсуздук кызматы мамлекет ичиндеги мамлекет сыяктуу болуп калганы сынга алынып келген.

2016-жылы Каримов көз жумгандан кийин Рустам Иноятов президенттикке негизги талапкерлердин бири катары аталды. Бирок тыянагында анын оппоненти Шавкат Мирзиеев утуп кетти. Көптөгөн аналитиктер бийликке умтулган күчтөр ортосунда эч кандай күрөш болбогонуна таң калышкан. Көрсө талапкерлер арасында ич ара сүйлөшүү болгон экен. Бирок соңку окуялар күрөш көмүскөдө уланып келгенин каңкуулайт.

Мирзиеевдин каршылыкка учураган реформалары

Президент Мирзиеев бир катар реформаларды баштады. Жергиликтүү ММКлар бул реформалардын ишке ашуусуна Рустам Иноятов каршылык көрсөтүп келген деп жазышат. Маселен, бир катар Батыш өлкөлөрүнө визасыз режимдин киргизүү демилгеси белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Сүрөттүн автордук укугу PAVEL GOLOVKIN/AFP/Getty Images

Өзбек-тажик мамилелеринин жанданганын символдогон Дүйшөмбү жана Ташкент ортосундагы түз аба каттамын жандантуу идеясы Улуттук коопсуздук кызматынын каршылыганан улам үзгүлтүккө учураган.

УКК үчүн олуттуу сокку валюталык жөнгө салууну либералдаштыруу болду. Анткени УУК негизги каржылык кыймылдардын баарын көзөмөлдөп келген.

Эксперттер 2016-жылдын декабрында эле жарыяланган валюта реформасы УКК менен каршылашуудан улам чайналып, шыр кеткен эмес.

Мына ушул жагдайдалардан улам Шавкат Мирзиеев ачык элек Улуттук коопсуздук кызматын сынга алып, тармакты реформалоо тууралуу чакырыктарды жасады.

Жакында эле кайрылуусунда Мирзиеев чет элдеги элчилерди аңдыган "айрым кызматтардан кутулуу" керектигин айткан эле.

Бирок эми алдыда чыны менен эле Улуттук коопсуздук кызматы реформа болобу же мурдагы абалында калабы деген кооптонуулар дагы жок эмес. (AbA)