Жолдошбаев: Жогорку Кеңешке жөө келген депутаттардан уялам

Камчыбек Жолдошбаев - "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Камчыбек Жолдошбаев - "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты

Депутат Камчыбек Жолдошбаев парламент жыйынында унаасы жок, коомдук транспорт менен жүргөн кесиптештери жана жардамчыларынан уяла турганын айтты.

Жөө жүргөн депутаттар Жолдошбаевдин сөзүнө терикпей турганын айткан менен, бул билдирүү социалдык желелерде кызуу талкууга жем таштап, депутаттын дарегине сын жаады.

Тилинен жаңылдыбы?

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев бүгүнкү парламент жыйынында эл өкүлдөрүнүн жана алардын жардамчыларынын маршрутка менен жүргөнүнөн уяла турганын айтып, кызматтык автоунаалардан баш тартуу маселесин жабык талкуулоону сунуштады.

"Депутаттардын жардамчысы, кызматтык унаалары боюнча биз залдан прессаны чыгарып, өзүбүзчө сүйлөшүп алсак. Себеби, ушул жерге келе жатканда кээ бир депутат кыздарыбыз, келиндерибиз, балдарыбыз коомдук транспорттон түшүп, жөө басып келе жатканын көрүп уялам", - деди Жолдошбаев.

Ал кызматтык машинелерден айрым депутаттар баш тартканы менен, ал унааларды башкалар колдонуп, баары бир бюджеттен акча коротулуп жатканын да кошумчалады.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодон соң Жогорку Кеңештеги айрым фракциялар кызматтык унаадан, айдоочудан, кызматтык үйдөн баш тартып, жардамчыларын кыскарткан.

Жолдошбаевдин билдирүүсүнөн кийин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу коомдук транспортто каттаган депутаттардын атын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анда Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, Альфия Самигулинанын атын жазып, Дастан Жумабеков да төрагалык кызматка келгенге чейин троллейбус, кичи автобустар менен жумушка келип жүргөнүн кошумчалаган.

"Айрыкча Карамат Орозова эженин машруткадагы окуялары өзүнчө эле анекдот. Төрагалык кызматка келгенге чейин Дастанбек Жумабеков дагы коомдук транспортто жүрөөрүн, Ош базардан азык-түлүктү арзаныраак баада сатып алып жүргөнүн өзү мага айткан. Бул эл өкүлдөрү коомдук транспортто жүргөнүнө сыймыктанат деп ишендирип кете алам", -деп жазды Ибраим Нуракун уулу.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу

Жөө жүрөт делген депутаттардын бири Карамат Орозова депутат болуп коомдук транспортто жүрүү уят эмес көрүнүш деп эсептейт.

"Депутат болгонго чейин, андан кийин деле коомдук транспортто жүрөбүз. Ал уят иш эмес. Чындыгында эркек депутаттарда көбүрөөк мүмкүнчүлүк бар экен. Алардын машинасы бар. Анан биз жумуштан чыкканда алар машинасына отуруп кетет дагы, биз маршртука менен кетебиз. Ал жигит чындап уялганын, жигитчилдик сезимин эле айтты. Мүмкүнчүлүгү жок, муктаж болгон адамдарга бербейлиби деген оюн эле айтты", - деген депутат.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Камчыбек Жолдошбаевдин билдирүүсүнөн кийин социалдык желелерде депутатка карата сындаган пикирлер жаады

Жыл сайын элден чогулган салык эсебинен Жогорку Кеңешке 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт.

Ар бир депутат маянадан тышкары, ай сайын автоунаасынын майына он жарым миң сом, тетиктерине 2000 сом, аймактарга чыкканы үчүн 4500 сом стипендия, кагаз-дептерге 2000 сом жана телефондук байланышка 2500 сом кошумча каражат алат.

Ар бир депутатка ай сайын өлкө ичиндеги сапарларга жети миң сомдон, жылына бир жолу чет өлкөга сапарга барганга 60 миң сомдон акча бөлүнөт.

"Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борбору парламент бюджетинин ачыктыгы боюнча 2012-жылы байкоо жүргүзүп, Жогорку Кеңештин ар бир депутатына жылына 120 миң доллар чыгымдаларын эсептеп чыккан.

Тектеш темалар