ЖЭБге коротулган 386 млн доллар тууралуу эмне билебиз?

Өкмөт мүчөлөрүнүн акыркы айтканы боюнча эң суук күндөрү Бишкектин жылуулуксуз калышына ЖЭБдин эски системасы күнөөлүү. Өкмөт өкүлдөрү борбордун өткөн жылы ишке берилген жаңы бөлүгүнө такыр сөз тийгизген жок. Аны салуу үчүн кредитке алынган 386 млн доллардын сарпталышы боюнча маалыматты ачык-айкын чыгарбай жатышат.

Бишкек жылуулук электр борборунун жаңыланган бөлүгү зыяндуу түтүн чыгарбайт дейт өкмөт
Image caption Бишкек жылуулук электр борборунун жаңыланган бөлүгү зыяндуу түтүн чыгарбайт дейт өкмөт

ЖЭБди жаңылоо үчүн кредит алуу боюнча Кытай менен келишимди Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышы 2013-жылы ратификациялаган. Алар көп талкуулаган менен өкмөткө макулдугун беришкен.

Модернизация 2014-жылы апрелде башталган. 2017-жылы бүтүп, мурдагы президент 30-августта расмий ачкан.

Модернизацияны Кытайдын “Эксимбанкынан” эки пайыз менен кредит алып, кытайлык TBEA компаниясы жасады.

Келишимге банктын өкүлү менен мурдагы каржы министри Ольга Лаврова кол койгон.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 386 млн долларды кыргызстандыктар 493,5 млн доллар кылып төлөйт. Бул кредит 25 жылга алынган, льготалык мөөнөтү 11 жыл.

Каржы министрлиги акча алар аркылуу өтпөгөнүн билдирди. Аны бөлүштүрүп, иштетүүгө “Электр станциялары” ачык акционердик коому менен "Улуттук энергохолдинг" жоопкерчиликтүү.

Бирок бул экөөнөн маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

"Энергохолдинг" ал учурда Энергетика жана өндүрүш министрлиги болчу.

2013-2014-жылдары министр болуп турган Осмонбек Артыкбаев “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун алдында быйылкыдай абалды эске алып ЖЭБди тез жаңылоо тапшырмасы турган дейт:

“Ошол учурда сунушу менен келген беш компаниянын ичинен шарты жакшы, баасы арзан компания менен иш кылышкан. Өкмөт арзан кредитти Кытай менен сүйлөшүп тапкан. Ал эми алардын шарты боюнча Кытай кредитти өздөрүнүн компаниясына гана бермек. ААК баарын изилдеп көрүп, ушундай чечим кабыл алган. Мен аны өтө туура деп эсептейм”.

Расмийлердин айтымында, ЖЭБдин эски бөлүгү насостон казандарга жетиштүү суу келбей калганда тоңуп калган
Image caption Расмийлердин айтымында, ЖЭБдин эски бөлүгү насостон казандарга жетиштүү суу келбей калганда тоңуп калган

TBEA менен иштешүү меморандуму жана Кытай банкы менен келишим ведомстволор аралык комиссиянын кароосунан кийин гана кабыл алынып, кол коюлган. Ага Каржы министрлигинен тарта агенттиктерге чейин бир катар мамлекеттик органдар кирген.

Каржы министрлиги келишимге кол коюу менен сырткы карызды көбөйтүүгө макул богон. Келишимди колдогон себебин министрлик азыр 2017-жылы Орусия 240 млн доллар кырызды кечкени менен түшүндүрүүдө, бирок Кытайдан карыз алуу боюнча келишимге 2013-жылы сентябрда кол коюлган.

Тышкы карыз 2017-жылдын 30-ноябрына карата 4 млрд 15,2 млн доллар же 280 млрд 21 млн сом. Мунун ичинде “Эксимбанк” берген кредит да, орустардан карыз да бар. Мамлекеттик Дума карызды кечүү келишимин ратификациялай элек. Ал эми Кытайдан алган насыялар сырткы карыздын 40 пайыздан ашыгын түзүп, 1,6 млрд долларга жетти.

Өкмөт Кытай компаниясы менен каршылыктарга карабай иштешти

Ведомстволор аралык комиссияга кирген Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги ал учурда өз укуктарына тиешелүү жагын териштиргенин айтты.

“Директорубуздун ошол учурдагы орун басары Миргүл Мырзагелдиевна ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү катары келишимди кароо учурунда тариф боюнча өз пикирин билдирген. Ал ошол учурдагы электр энергиясы жана жылуулуктун тарифи менен бул кредитти төлөй албайбыз деген”, - деди агенттиктин басма сөз катчысы Айнура Касымова.

Келишим талкууланып жатканда айрым депутаттар да кредит жеңилдетилген эмес деп, мөөнөтүн жактырышпай аны алууга каршы чыгышкан.

ЖЭБдин жаңы блогун 200 кытай адиси карайт Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption ЖЭБдин жаңы блогун 200 кытай адиси карайт

Ал эми эсептөө палатасы 2015-жылы ЖЭБди модернизациялоодо алдын ала финансылык эсептөөлөрү жок экенин таап, өкмөткө эскертүү берген.

Андагы аудиттин отчетунда компания тендерсиз тандалганын, “КР мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамы” тендер өткөрүүнү милдеттендирерин белгилеген.

Ушул эле отчетте мурунку чекиликтер да жоюлбаганы жазылган. Мисалы, Бишкек ЖЭБи ремонтко кетчү тетиктердин баасын көрсөтүш керек деген эскертме алса, аны ишке ашырбай келген.

Баса, ЖЭБ ремонтуна эле мамлекеттик бюджеттен 2016-жылы 472 млн сом алган, 2017-жылы 408 млн сом берилмек. Депутаттар бул жерде да коррупция жатат дешүүдө.

Эсептөө палатасы көргөн кемчиликтер

Аудиттен кийин эмне болгону белгисиз. Анткени 2015-жылкы мыйзам бузуулар жоюлуп жоюлбаганы азыр жүргүзүлүп жаткан аудитте белгилүү болот.

Эсептөө палатасынын 2015-жылдагы отчетунан алынды:

  • Бул насыя боюнча берилген материалдардан улам, Коомдун (ачык акционердик коом) каражаты жоктугуна байланыштуу , ЖЭБди модернизациялоо боюнча толук кандуу техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) иштелип чыккан эместиги билинген. Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо маселеси төрт компания менен иштелип чыккан, анын ичинен үч компания тарабынан ТЭНдин алдын ала долбоорлору жана баалары берилген. Конкреттүү финансылык сунуштар жана аларды алуу жолдору, ТВЕА компаниясы тарабынан гана берилген. Ошондой эле, бул компания Кыргыз Республикасындагы КЭР Элчилигинин алдындагы соода-экономика боюнча кеңешчинин кеңсеси тарабынан сунушталган. Эксимбанк тарабынан насыялык каражаттарды берүү үчүн негизги шарт болуп, кытай компанияларынын бири менен кол коюлган контракттын болушу эсептелген... Долбоордун 386 млн. АКШ доллары суммасындагы наркы, жылуулук станцияларын курулуу боюнча дүйнөлүк баа менен ТВЕА компаниясы сунуштаган бааны салыштыруу менен аныкталган”.
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Бишкек ЖЭБдин жетекчилиги жылытуу борборундагы авария насостон болгонун айтты.

Эсептөө палатасы ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү, ошол учурдагы ЖЭБдин директор орун басары Осмонбек Бакиев менен агенттиктин директор орун басары Миргүл Айдарованын TBEA компаниясына карата сынына жана компания койгон баасын негиздеп бербегенине карабай келишимге кол коюлганын белгилеген.

Аудит ар бир позиция боюнча деталдуу эсеп жана смета болбогонун кошумчалаган:

  • Жабдуулардын жана материалдардын наркы 164,6 млн доллар
  • Курулуш иштери боюнча чыгымдар 66,7 млн доллар
  • Куроо жана ишке киргизүү иштери боюнча чыгымдар 64,2 млн доллар
  • Башка чыгымдар, анын ичинде, административдик чыгымдар 19,2 млн доллар
  • Көзөмөлдөөгө кеткен чыгымдар 7,4 млн доллар
  • Персоналдарды жана техникалык механизмдерди ташууга кеткен чыгымдар 12,4 млн доллар
  • Системаны ишке киргизүүнүн чыгымдары 8,1 млн доллар
  • Демонтажга кеткен чыгымдар 18,3 млн доллар
  • Жабдуунун калган бөлүгүнүн ишин жакшы камсыздоого корогон чыгымдар 9,1 млн доллар. Бардыгы 386 млн доллар.
Премьер-министрдин айтымында, кыркы аварияда насостордон ылай чыккан
Image caption Премьер-министрдин айтымында, кыркы аварияда насостордон ылай чыккан

Ошондой эле эрежеге ылайык курулуш ишке киргизилгенден тарта бир жыл толук иштетилгенде гана буюртма берген тарап кабыл алышы керек.

Бирок өкмөт өкүлдөрү менен Кытай компаниясы бардык эсептер, сметалар жана экономикалык-техникалык негиздемелер болгон деп жатат.

Акчанын изин табууга ишенич жок

ЖЭБдин үчтөн бирине жетпеген бөлүгүнө 386 млн доллар кандай сарпталганын парламенттик комиссия изилдемей болду.

Башкы прокуратура болсо “шалаакылык” беренеси менен иш козгоду. Айрым депутаттар коррупция беренеси менен 386 млн доллар акчанын изин кошо иликтегиле деди.

“Бир жумадан бери карапайым эле деле билип калды. Эмне үчүн коррупция беренеси менен иш козгобойсуздар? “Шалаакылык” менен эртең бул беренеге өтө алабайсыздар”, - деди “Республика-Ата-Журт фракциясынан депутат Курманкул Зулушев.

Бирок эл өкүлдөрү Башкы прокуратураны көндүрө алган жок.

“Чогулган материалдардын жыйынтыгы менен биз Кылмыш жаза кодексинин 316-беренесинин (шалаакылык) белгисин көрдүк. Муну менен токтоп калбайт, балким тергөөнүн жүрүшүндө беренелер өзгөрүшү мүмкүн”, - деп жооп берди депутаттарга башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев.

Ал эми айрым активисттер азыркыга чейин ачык чыгарлбагандан кийин 386 млн доллардын дайыны табылышына ишенбейт.

Smart Business Solutions Central Asia консалтинг компаниясынын директорунун орун басары Марат Мүсүралиев модернизациялоого келген ар бир жабдыктын баасы ачык чыгарылбагандан кийин 386 млн доллардын дайыны тууралуу айтуу кыйын дейт.

Ал көбүрөөк экологиялык жагына көңүл бурууда:

Депутат Дастан Бекешовдун айтымында ЖЭБдеги көйгөйлөр башкаруучу органдардын көптүгүнөн чыгат Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Депутат Дастан Бекешовдун айтымында ЖЭБдеги көйгөйлөр башкаруучу органдардын көптүгүнөн чыгат

“Кытай компаниясы менен келишимге кол коюлган жылы “Кыргызгазды” да “Газпромго” бир долларга сатуу боюнча макулдашышкан. Бул жерде өкмөттүн кадамынын ыраатуулугу жок. Эгер газ менен камсыз болуп жатса, эмнеге кайра көмүр менен иштөөнү да тандады. Экөө бири-бирине каршы келет. Азыркы заманда дүйнөдө арзанына эмес, биринчи иретте экологиялык жактан зыянсыздыгына көңүл бурушат”.

Кытайдын “Өнүктүрүү банкы” менен Экспорттук-импорттук (Эксимбанк) банкы “кир долбоорлорго” көп каражат бөлүп жатканын дүйнөлүк басылмалар жазган. Анткени азыркы тапта финансылык уюмдар экологиялык долбоорлорго артыкчылык берет.

Ал эми энергетик Николай Кравцов ЖЭБдин иштеп чыккан продукциясы менен ага кеткен чыгымды алганда 386 млн доллар чыгып жатканын белгиледи. Өкмөттүн берген маалыматында бир мВт электр энергиясын чыгарууга 1287 доллар кетет.

"Мындай блокту салууга канча кетерин оңой эле экспертиза менен эсептеп койсо болот. Андай орган жана адистер бардык мамлекеттерде бар. Аны кол менен эсептеп боолголой албайбыз", - деди Кравцов Би-Би-Сиге.

Кытай компаниясы тууралуу

TBEA компаниясы маалымат каражаттарына Бишкек ЖЭБин бардык эрежеге ылайык курганын айтып келет Сүрөттүн автордук укугу Screenshot
Image caption TBEA компаниясы маалымат каражаттарына Бишкек ЖЭБин бардык эрежеге ылайык курганын айтып келет

Кытайдын Tebian Electric Apparatus Stock co. ltd. же TBEA компаниясы расмий сайтында 60тан ашык өлкөгө энергетика тармагына тиешелүү ири жабдыктарды жеткирерин жазган.

Ал Кытайда 14 өндүрүш паркы, чет жерде эки базасы бар экенин көрсөткөн.

Долбоорлорунан Тажикистандагы ЖЭБ, Пакистандагы фотоэлектрдик станция, Кыргызстандагы Датка-Кемин электр линиясын көрсөткөн. Ал эми Бишкек ЖЭБиндеги жумушу тууралуу маалымат жок.

Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин компания жетекчисине 2015-жылы “Даңк” медалын ыйгарганын жазган.

2017-жылы августта ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЖЭБдеги иштин жүрүшү тууралуу жетекчилик менен жолугуп, абдан ыраазы экенин билдирди деп белгилеген.

Ушул эле TBEA компаниясы Кыргызстанда Датка-Кемин электр линиясын курган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Борбордон жылуулук берүү - эскирген технология

Ал эми Дүйшөмбүдө жаңы ЖЭБ салды. Ал 2016-жылы ишке кирип, 349 млн доллар кеткен. Бул маалыматты Тажикистандын Экономика жана соода өнүктүрүү министрлигинин башкы адиси Мавжуда Ражабалиева тастыктады:

“ЖЭБдин кубаттуулугу 400 мВт, кытайлар 2012-жылы курулушун баштап, 2014-жылы биринчи кезектегиси ишке берилген. Анын кубаттуулугу 100 мВт болчу. Азыр жалпы кубаттуулук 400 мВт электр энергиясы жана саатына 235 Гкал. Көмүрдүн чыгымы өтө суук эмес сезондо, орточо 1800 тонна. Ал эми ЖЭБди курууга кеткен чыгым кредиттин үстөк пайызы менен 389 млн доллар”.

Ал эми премьер-министр менен “Электр станцияларынын” жетекчиси Тажикистандын ЖЭБи Кыргызстандыкындай кубаттуу эмес деди парламентте.

Узак Кыдырбаев тажик ЖЭБи электр энергиясын гана чыгарарын айткан.

Жообунан суроосу көп авария

Энергохолдингдин директору Айбек Калиев кызматтан кетүү арызын жазган менен ал кабыл алынган жок Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Энергохолдингдин директору Айбек Калиев кызматтан кетүү арызын жазган менен ал кабыл алынган жок

Өкмөттүн “өткөн жылы оңдолгон борбордо эмнеге авария болду деген суроого” бир канча күндүк чуручуудан кийинки жообу мындай болду: жаңы салынган бөлүк ЖЭБдин 30 гана пайызын түзөт, калган 70 пайызы 1960-жылдары курулган боюнча турат.

Башкача айтканда өкмөт анын бузулушу нормалдуу деген негизги жоопту айтып жатат.

“Баарын оңдош үчүн 386 млн долларга анда автоматтык түрдө дагы бир 600 млн долларды кошуш керек, урматтуу депутаттар”, - деди премьер-министр Сапар Исаков.

Өкмөт ошол жаңы бөлүк негизинен электр энергиясын чыгарарын ызы-чуудан кийин баса белгиледи. Бирок Кытай компаниясы муну четке кагып, жылуулук да чыгарарын, азыр шаарды камсыздап жатканын айтты.

Өкмөт башчы Сапар Исаков ошол эле учурда модернизацияланган бөлүгү Бишкекти коллапстан сактап калганын билдирди:

Көп сын айткан депутаттар өкмөт жетекчилерин кетирген жок Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Көп сын айткан депутаттар өкмөт жетекчилерин кетирген жок

“Бул абдан чоң көйгөй. Биз эмне үчүн улам эле ушул жаңы жабдык болбосо коллапс болмок деп жатабыз. Системанын баарын ушул сактап калды да. Жердин алдындагы, батирлерге кеткен бардык түтүктөрдү ушул сактап калды. Анткени ушундай суукта баары бир учурда жарылмак да, ысык барбай. Анда миллиарддаган чыгымга түшмөкпүз”.

Бирок жаңы бөлүк кандайча сактап калганы белгисиз. Анткени авария болгон күнү жаңы агрегаттар ишке киргизилген жок. Ал үч күндөн кийин гана иштетилди.

Мындан улам дагы да болсо жагдайды эл гана эмес, жада калса депутаттар боолголоп түшүнүүдө.

“Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Экмат Байпакбаев жаңы бөлүк менен эски бөлүктү чогуу иштетүүдө техникалык мүчүлүштүк бар деген ойго келген.

ЖЭБдин 70 пайызы эскирген Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption ЖЭБдин 70 пайызы эскирген

“Дагы кубаттуулукту кошкондо техникалык чынжыр бузулган деп ойлоп жатам. Анткени ЖЭБге суу алып келген канал эски кубаттуулукка ылайыкталган, совет учурунда салынган. Силер кубаттуулукту көбөйттүңөр. Ошондуктан суу жеткен жок, туурабы?”, - деген депутатка “Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси Узак Кыдырбаев андай эмес деп жооп берди.

Депутат Байпакбаев ЖЭБдеги жаңы, эски түзүлүштүн байланышын карап чыгыш керек, аны жөнгө салбаса, алдыда чоң жарылуу да болуп кетет деди. Өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБде ал гана эмес, баарын карап, үч нерсени жасоо зарылдыгын белгиледи:

1. ЖЭБдин эски бөлүгүнүн өзүн жылуулаш керек.

2. Насосторун алмаштырыш керек, бирок премьер ага кетчү көп каражатты элестете албай турганын айтты.

3. ЖЭБге атайын инструкция жана А, Б пландарын коюш керек.

Кыдырбаев айткандай, канал эки бөлүктү тең суу менен камсыз кыла алат, бирок маселе насостон чыкты. Демек насос эки бөлүккө тең иштеп жатат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Сапар Исаков: Бизди коллапстан чоң кудай сактады

Эски бөлүгүндө суу жетпегенден агрегаттар иштебей, насос оңдолгондон кийин болсо алар тоңуп калган. Ал эми жаңы тарапка суу үч күндөн кийин гана толтурулганын иликтеш керектигин премьер өзү да моюнга алды.

Мына ушул айтылгандардан кийин депутаттар демек, жаңы бөлүк иштөөгө даяр эмес деген жыйынтыкка келишти.

Бирок өкмөт өкүлдөрү модернизацияланган жаңы бөлүккө чаң жугузбай жатышат.

Модернизацияга эмнеге сууну тазалап берген химиялык лаборатория кирген эмес деген суроого "Энергохолдингдин" директору Айбек Калиев эми киргизип жатабыз деди:

“ЖЭБ сууну тазалоо системасы жакшы деген маалымат берген. Мен бул маселени былтыр июль айында билип, ишти аткарып жаткан компания менен сүйлөшүп, жаңылоого киргизгенбиз. 2018-2019 жылы жасалат. Башынан ЖЭБдин жетекчилиги туура эмес маалымат берген”.

Анткени авария ушул жерден чыккан.

Көпчүлүккө түшүнүксүз Бишкек ЖЭБи

Премьер-министр Сапар Исаков көйгөйдүн баары ЖЭБдин эски, кыргыздар иштеткен бөлүгүндө чыкты деди Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Премьер-министр Сапар Исаков көйгөйдүн баары ЖЭБдин эски, кыргыздар иштеткен бөлүгүндө чыкты деди

Жылуулук электр борборунун модернизация болгон блогунда ТВЕА сегиз буу казан менен төрт турбоагрегатты бузуп чыгарып, жергиликтүү көмүр менен иштеген жогорку басымдагы эки буу казанды жана 150 мВт кубаттуулуктагы эки турбоагрегатты орнотту.

Аны келишимге ылайык эки жыл кытайлык адистер башкарат.

Мурда ЖЭБдин электрдик кубаттуулугу 512 мВт болсо, азыр 812 мВт, жылуулук боюнча кубаттуулугу саатына 994,2 Гкал болсо, азыр 1294,2 Гкал.

Ал негизинен көмүр менен иштейт. Кошумча мазут жана газ жагылат.

Аны жаңылоонун негизги максаттарынын бири Казакстандын эмес, жергиликтүү көмүргө ылайыктоо болчу. Азыр 900 миң тонна көмүрдүн 550 миң тоннасы Кыргызстандан, калганы Казакстандан алынып жатат.

.

Тема боюнча башка макалалар