Башы бар, аягы жок комиссиялар

Парламентте Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган комиссия ишин баштады Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Парламентте Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган комиссия ишин баштады

Парламентте Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган комиссия ишин баштады. Көпчүлүк түзүлгөн комиссияны кезектеги элди соротуу инструменти катары кабылдап, андан жыйынтык чыгарына көздөрү жетпей турат.

Себеби буга чейин олуттуу маселелер боюнча түзүлгөн толгон-токой комиссиялардин иликтөөлөрүнөн майнап чыккан эмес.

Дача-Суу, Белизгейт, "Мегаком" жана башка улутташтырылган объектер жана башка маселелерде түзүлгөн депутаттык комиссиялардан тыянак чыккан күндө деле тийиштүү органдардын аракетсиздиги менен иш бүтүп калган учурлар кадыресе көрүнүш болуп калгандай.

ЖЭБ боюнча депкомиссия ишин баштады

Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин иликтей турган атайын комиссия ишин баштады. 12 депутаттан турган комиссия бир ай ичинде борборду модернизациялоого кеткен 386 миллион доллардын изин да иликтейт.

"Чынын айтканда буга чейинки көп эле депутаттык комиссиялар күткөндөй жыйынтыкка келген жокпуз. Бул депутаттык комиссия иши кантип бүтөт мен кепилдик бере албайм. Мен сизге ал жерде төрт КСДПнын өкүлү бар деп бекер айткан жокмун. Бул жерде көпчүлүк коалицияга кирген да адамдар отурат. Бирок биз комиссия түзүлгөндөн кийин бул ишти аягына чейин жеткиришибиз керек", -деди аталган комиссия мүчөсү Исхак Масалиев.

Депутаттык топко КСДПдан төрт: Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Улан Примов, Аалы Карашев; "Республика - Ата Журттан" үч: Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов жана Үмбеталы Кыдыралиев; "Кыргызстандан" эки: Исланбек Сарсейитов менен Алмазбек Токторов; "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен" менен "Бир болдон" бирден депутат: Исхак Масалиев, Сайдулла Нышанов, Мыктыбек Абдылдаевдер киришти.

Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Исхак Масалиев Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча түзүлгөн депкомиссиянын мүчөсү

"Күзүндө өкмөт парламентке келип кышкыга даяр экенин мактанып кеткен. Жогорку Кеңешке убада берип кетишти эле, биринчи суукта эле чыдабай кетти бул система. Эгер коррупциялык из тапсак өкмөт башчынын, мамлекеттик бийик кызматтагы адамдардын жоопкерчилигин көрсөтөбүз", -деди Масалиев.

"Коммунист коммунистти түшүнөт"

Ал арада саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев социалдык желе аркылуу депутаттык комиссияга, анын ичинде конкреттүү Исхак Масалиевге кайрылып, ЖЭБди жаңылоого бөлүнгөн акчанын максаттуу колдонгону тууралуу маселени иликтөөдө кытай компанияларын кошо текшерүүгө чакырды.

"ЖЭБди модернизациялаган бул кытайдын мамлекеттик компаниясы. Алар кредитти мамлекеттик банктан алышты. Эгер чын эле ошол жерде коррупция болсо, анда ошол кытайлык компаниялар аркылуу гана болушу мүмкүн. Биздикилер өздөрү эле жасап, тигилер билбей калышты деген мүмкүн эмес",-деди саясат таануучу.

Акматалиев депутаттык комиссияга киргендер ичинен эмне үчүн Исхак Масалиевге кайрылып жатканын деп негиздеди.

"Биринчиден ал комиссиянын мүчөсү болду. Масалиев азыр башка партия атынан депутат болуп отурса дагы Кыргызстандагы Коммунисттик партиянын башчысы. Ал эми Кытайда ушунча жылдан бери коммунисттер бийликте, алар аныктаган стратегиялык багыт менен бара жатышат. Коррупцияга каршы күрөш дагы ошол багыттын негизинде жүргүзүлүп атат. Ошон үчун мен азыр Масалиевде уникалдуу шанс бар деп ойлойм. Коммунист катары комунисттерге чыксын",- деп кошумчалады Алмазбек Акматалиев.

Комиссия артынан комиссия

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун айтымында 2017-жылы Жогорку Кеңеште баш-аягы беш-алты депутаттык комиссия түзүлдү. Чулгандуу, коомдо резонанс жараткан окуялардан тышкары парламенттеги кылмыш иши козголгон ар бир депутат боюнча да депуттатык топтор түзүлүп келет.

Башында ашып кетсе 1,5 ай иш алып бара турган комиссия иштери ар кандай жагдайларга байланыштуу кээде жарым жылга чейин иш алып барып, корутундусу коомчулукка кенен тарабай, бүдөмүк калып калган учурлар көп.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Парламентте Бишкек ЖЭБде болгон техникалык кырсык боюнча өкмөт 31-январда түшүндүрмө берген

Былтыр 6-мартта ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев парламент кайра-кайра депутаттык комиссия түзүп, ызы-чуу басылбай жатканын сындаган.

"Комиссия артынан комиссия түзүлөт, ызы-чуу токтобойт. Мына, ураган "Боингде" Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон, Атамбаевдин Кипрде акчасы бар, Атамбаевдин аялынын эсебинде акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон деген ушактар парламенттин трибунасынан сүйлөнүп жатат...Ачык айтайын, Жогорку Кеңеш барган сайын мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып бара жатат", -деген эле экс-президент.

Расмий маалыматка таянсак, 2010-2015-жылдар аралыгы эле парламентте 45 депутаттык комиссия түзүлгөн.

Тектеш темалар