Чек арада ок жеген жаран Өзбекстанга өтпөгөнүн айтууда

Ала-Бука районунда чек арада өзбек чек арачылары тарабынан ок жеген жаранга бүгүн Бишкекте операция жасалды. Жакындарынын айтымында алдыда дагы бир нече операция турат жана толук жакшы болууга эки жыл керек.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Өзбек чек арачылары тарабынан ок жеген жаранга бүгүн Бишкекте операция жасалды.

Көк-Серек айылынын тургуну Асан Үсөнбаев мамлекеттик органдар аны Өзбекстандын чек арасына өткөн деген маалыматты таратканына нааразы.

Айтымында, өзбек жоокерлери аны Кыргызстандын аймагына 800 метрдей кирип, учурашып туруп, жанынан атышкан.

“Мен эс-учуму жоготкон эмесмин. Экөө чек арадан сүдүрөп, Өзбекстандын аймагына алып өтүштү. Тез жардам чакырышты. Кийин мени ооруканага жаткырды. Ал жерге Чуст районунун прокурору келип, “силердин акимиңердин айтымында, сен Өзбекстандын аймагында жүрүпсүң” деди. Мени акимдин ушул сөзү капа кылды”, - деди Үсөнбаев Би-Би-Сиге.

Үсөнбаев чек арачылар артка келип гильзаны таба албай кетишкенин, кийин аны Кыргызстандын аймагынан кыргыз чек арачылары тапканын кошумчалады.

39 жаштагы Асан Үсөнбаевдин санына ок тийип, сөөгү талкаланган.

Алты күн мурда Ала-Бука районунун Көк-Серек айылында мал жайып жүргөндө өзбек чек арачылары ага ок чыгарган.

Image caption Ок тийип, бутунан оор жаракат алган Асан Үсөнбаев төрт кичинекей баласын, карыган ата-энесин ким карайт деп сарсанаа болууда

Бир тууган эжеси Турсунай Үсөнбаева жергиликтүү бийлик менен чек ара кызматы Өзбекстанга өтүп кетти деп туура эмес маалымат бергенине кабатыр.

Маалымат каражаттары инцидент тууралуу “кыргыз жараны Өзбекстандын чек арасына малдын артынан кирип кеткен” деп жазышкан.

Ал эми Чек ара кызматы окуя кайсы аймакта болгонун териштирүү бүткөндө гана билдиребиз деди. Кызмат бир тараптуу иликтөөлөр бүткөндөн кийин өзбек тарап менен чогуу иликтегенге аракет кылып жаткандыктан ага чейин көп жагдайларды ачык айта албайт.

Асан ок жеген чек ара аймагы такталган.

Кыргызстан-Өзбекстандын жалпы чек ара узундугу 1388 чакырымдан ашык. Тактала элеги 217,84 чакырым же 26 участок.