Ачкачылык кармаган саясатчыларды мажбурлап токтотпойбу?

Өткөн жылдын апрель айында Бишкектин 1-Май райондук соту Эрнест Карыбековду 20 жылга, Асанов менен Кадыровду 12 жылдан эркинен ажыратты
Image caption Өткөн жылдын апрель айында Бишкектин 1-Май райондук соту Эрнест Карыбековду 20 жылга, Асанов менен Кадыровду 12 жылдан эркинен ажыратты

Алды жети күндөн бери ачкачылык кармап жаткан абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Эрнис Карыбековдун тарапташтары жана укук коргоочулар нааразылык акциясы уюштурушту.

Алар үч саясатчынын укуктары одоно тебеленип, учурда баарынын ден-соолугу начарлап бараткандыгын айтышууда. Жаза аткаруу кызматы болсо ден-соолуктары канааттандырарлык деп, дарыгерлердин такай көзөмөлүндө турганын билдирди.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Абактагы үч саясатчынын саламаттыгы кандай?

"Биздин дарыгерлердин билдиргени боюнча, үчөөнүн тең саламаттыгы канааттандырарлык. Учурда тийиштүү дарылануусун алып жатат. Биздин медициналык кызмат алардын ден-соолугу кескин начарлап кетишине жол бербейт деп ойлойм. Бирок ачкачылык уланып жатат. Ачкачылык башталганга чейин алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болчу. Ал жердин дарылоочу бөлүмү болбогон соң ачкачылык башталгандан бери 47-абак жайына которушту. Бул жерде түрмөнүн ооруканасы жана тиешелүү дарыгерлер бар",- деди Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф.

Нааразылык акциясына чыккандар саясатчылардын абалы тууралуу маалымат берүүнүн талап кылып, алардын укуктары бузулуп жатканын айтып чыгышты.

Абактагы саясатчылар УКМК жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып жатканын жана түрмөдөн Жогорку Кеңеш депуттарына кайрылуу жолдошконун тарапташтары журналисттерге окуп берди. "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев ачкачылык кармап жаткандарды бийлик менен эрегише бербей мындан ары кургак ачкачылыкты токтотуусун суранды. Аргымбаев Кубанычбек Кадыров инфаркт коркунучунун алдында турат деп кошумчалады.

"Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" төрагасы Адил Турдукулов ачкачылыкты токтотушпаса, анда саясатчыларга жаза аткаруу кызматы өз алдынча эле зарыл болгон дарыларды сайып коё турганын билдирди деп кабатырланууда . Эгерде коомчулук буга кайдыгер мамиле кылса, эл аралык уюмдардын да көз жаздымында калат деп тынчсызданды активист.

Бул саясатчылардын ачкачылык жарыялашы учурда абдан кызуу талкууланган башкы темалардын бири болуп турат. Бектур Асанов 30-январдан баштап ачкачылык жарыялап, соттук териштирүү адилетсиз жүрүп, алардын күбөлөрү чакырылбай жатканына нааразылык билдирген.

Кийин Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров дагы ачкачылык акциясына кошулган. Буга чейин бул соттук иштер жабык өтүп келген.

2016-жылдын март айында Эрнест Карыбеков "мамлекетке чыкынчылык" кылган деген айып менен, ал эми Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров"мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген айып менен камакка алынган.

Өткөн жылдын апрель айында Бишкектин 1-Май райондук соту Эрнест Карыбековду 20 жылга, Асанов менен Кадыровду 12 жылдан эркинен ажыратты.

Алар бул өкүмдү саясый негизде деп нааразылык билдирип, жогорку инстанцияга даттанышкан.

Бектур Асановдун сотторго жана прокурого кайрылып, сот системасынан такыр эле түңүлүп калганын айтты деген аудио да интернетте желдей тарап жатат.

Тема боюнча башка макалалар