Стратегиялык максаттар эмнеге ишке ашпай жатат?

386 миллион долларга модернизацияланган Бишкек ЖЭБинде январда болгон авария энергетикадагы эгемендикти эмес эң кейиштүү абалды ашкере кылды. Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg
Image caption 386 миллион долларга модернизацияланган Бишкек ЖЭБинде январда болгон авария энергетикадагы эгемендикти эмес, эң кейиштүү абалды ашкере кылды.

Кыргызстанда ушул айда Туруктуу ѳнүгүүнүн 2040-жылга чейинки стратегиясы иштелип бүтүп, кабыл алынууга тийиш. Бирок коомчулукта мурдакы стратегиянын аткарылбай калган себептерин талдап-талкуулабай туруп, жаңы стратегияны кабыл алууга каршы пикирлер айтылууда.

Ɵсүштөр жана өксүктөр

Туруктуу ѳнүгүү стратегиясы 15-ноябрда болгон жыйында негизинен жактырылып, бирок аны толук иштеп чыгуу үчүн 15-февралга чейин мөөнөт коюлган. Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев 2013-2017 жылдарга каралган стратегия өзүн толугу менен актады деп жар салган. Ошол убакта жаңы эле шайланган президент Сооронбай Жээнбеков стратегиялык документтин аткарылышын жогору баалап сүйлөгөн.

Аталган документте каралган максаттарга жетүүдөгү оң тенденциялар катарында биринчи кезекте коррупцияга каршы системалуу күрөш башталганы, коомду бириктирүү аракеттери, шайлоо системасынын жаңы технологияларга көчүшү, сот тутумун каржылоонун көбөйүшү, куралдуу күчтөрүндөгү шарттардын жакшырышы айтылууда.

Ал эми ошол эле учурда ИДПны эки эсе көтөрүү, 350 миң жумушчу орун түзүү сыяктуу пландар орундалган жок. ИДПны 2017-жылы эки эсе көбөйтүү каралган, ал эми иш жүзүндө 1200 доллардан 1100 долларга түштү. Стратегияда коррупциядан таза болуунун индекси боюнча Кыргызстан дүйнөнүн алдыңкы элүү өлкөсүнүн тизмесине кирмек, а натыйжада 137-орунда калды.

Коррупцияга каршы күрөш бийликтин атаандаштарын куугунтуктоонун куралы болуп, сот акыйкаттыгына жетүү боюнча башталган сот реформасы аягына чыкпай тушалып калды деген дагы сын пикирлер болууда.

Ал эми 386 миллион долларга модернизацияланган Бишкек ЖЭБинде январда болгон авария "эгемен энергетиканы" эмес, эң кейиштүү абалды ашкере кылды.

"Камбар-Ата-1", "Жогорку Нарын" каскады сыяктуу ири долбоорлор токтогон бойдон турат. Аларга өкмөттүн жаңы инвестор табуу аракеттери аягы чырга айланды.

Image caption Cоңку жылдарда оппозициялык саясатчылардын иштерин караган кыргыз сотторунун чечими эл аралык укук уюмдары тарабынан олуттуу сынга алынууда.

Кризистин себептери талданган жок

Ошондуктан коомчулукта жаңы стратегияны кабыл алардан мурда эскиси эмнеге аткарылбай калган себептерин аныктап алуу керек эле деп жатышат.

"2013-2017- стратегиясынын артыкчылыктары, кемчиликтери жана аткарылбай калган себептери жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып жатат. Ал эмнеге аткарылбай калды деп анализдеп, коомчулук менен, эксперттер менен талкуулап такташып алып туруп андан кийин гана жаңы стратегияны алсак деген сунуш бергенбиз. Бирок ал сунушубуз, тилекке каршы кабыл алынбай калган",-дейт Улуттук өнүгүү стратегиясы боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү, ЖИА бизнес ассоциациясынын мурдакы аткаруучу директору Руслан Акматбек.

Мурдакы стратегияны айрым эксперттер реалдуу көрсөткүчтөргө караганда саясий амбициялар көбүрөөк мүнөздүү документ катары сынга алып келишет.

"Кырсыктуу жол"

Мурдакы стратегиядагы ишке ашпай жаткан негизги максаттардын бири катары сот реформасы айтылып жатканын жогоруда айтып кеттик. Айрыкча, соңку учурда оппозициялык ишмерлердин саясатташкан иштерин караган соттордун чечимдерине доомат күчөдү.

Сотторго ишеним жагынан соңку тенденцияларды ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев кооптуу жол деп атап жатат:

"Азыр соттор төрт эсе көз каранды. Анын эки эле себеби бар. Акыркы эки жылда кедей киши бай кишини утуп калган бир дагы мисалды таппайсыз. Жок. Аукцион да, бай киши утат. Экинчи, акыркы жылдары бийлик менен оппозиция соттошуп, оппозиция утуп алган бир дагы мисал жок. Анан кайсы адилеттүүлүктү айтабыз. Референдумдан бери биз кырсыктуу жолго түшүп алдык",

Амбициялар жана ажырымдар

Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга туруктуу өнүгүү стратегиясы "Таза коом. Жаңы доор" деп аталат. Андагы эң биринчи багыт катары мамлекеттик башкаруу системасын жана коомдун жашоосун санарипке трансформация кылуу жазылган. Эң амбициялуу индикатор катары Кыргызстан БУУнун электрондук өкмөттөрдү өнүктүрүү индексинде биринчи элүү өлкөнүн тизмесине кирет деп көрсөтүлгөн. Бирок бул канчалык реалдуу максаттар, бул жөнүндө улуттук кеңеш менен коомчулук өкүлдөрүнүн пикирлери ар башка эле эмес, чоң ажырым болуп жатканы байкалат.

Кыргызстан адам өмүрү менен укуктарын, эркиндиктерин эң жогорку нарк катары сыйлаган, экономикасы күчтүү, жашоо деңгээли жогору өлкө болот деген стратегиялык максаттарга жетүү жолу эмне үчүн тар жана тайгак болуп жатканынын себептери жөнүндө бирдиктүү түшүнүктүн жоктугунан иш-аракеттер чаржайыт болуп жаткандай.

Тектеш темалар