Бажыдагы сыр каткан миллиондор

Премьер-министр Сапаар Исаков жана Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg
Image caption Премьер-министр Сапар Исаков менен Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов бажы кызматын реформалоо боюнча чараларды талкуулады.

Январь айында бажы тѳлѳмдѳрү Ош бажыканасында он эсе көбөйгөнү эл үчүн күтүүсүз жаңылык болду. Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов 5-февралда премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушууда Ош бажыканасында күнүгө чогулган акча мурда бир жарым-эки миллион сом бөлүп келсе, соңку айда он беш миллионго жеткенин билдирген.

Жемкор эмес, камкор жетекчилер келдиби?

Бажы төлөмдөрүнүн көбөйүп жатышын биринчи кезекте бажы кызматындагы жетекчиликтин алмашканы менен байланыштырып карашууда. Ѳткөн жылдын этегинде Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Раим Матраимов кызматынан алынган. Көп жыл бул тармакты мыкчып турган адамдын кызматтан алынышын премьер-министр Сапар Исаковдун бажы кызматындагы жемкорлукка каршы жасаган чечкиндүү кадамы катары кабыл алышкан. Андан кийин бажы кызматынын башчылыгына мурдакы жетекчиси Кубанычбек Кулматов кайрадан коюлган. Бирок бул жетекчиге анчалык деле чоң үмүт артылган эмес.

"Карышкыр кой кайтарганда"

Бажы тармагын ѳлкѳдѳ эң коррупциялашкан тармак деп билишет, бирок андагы кылмыштардын бетин ачууга укук коргоо органдарынын тиши өтпөй келгени белгилүү. Анын себеби укук коргоо органдары өздөрү же жогорку бийлик адамдары кошо аралашып, ошол себептүү карышкырлар кошо кой кайтарышып калкалап келатат деген пикир элде кеңири жайылган.

"Ошол системага айланып калган нерсени бузабыз деп эки жолу революция болду, бирок бузулбай калды да",-дейт 2010-жылы революциядан кийин өлкөнү башкарган Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, саясатчы Эмил Каптагаев.

Коомдук сайттарда бул темадагы талкууга кошулган кээ бир окурмандар бажыдагы коррупция үчүн мурдакы президент Атамбаевге да сөз ыргыта башташты. Ошол эле учурда "Элнюс" агенттиги Сапар Исаковдун бажы кызматын коррупциядан тазалоо аракети "мурдакы өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине да корум-корум таш ыргытты" деп жазып чыкты.

Жокедеги жооптор ар башка

Бажы төлөмдөрү көбөйдү деген жаңылык чыгар менен Жогорку Кеңеште бажыканадагы пайданын көбүн мурда жеп коюп жаткан бажы кызматкерлерин таап, жоопко тартууну талап кылган үндөр жаңырды. Депутат Зиядин Жамалдинов биринчи болуп маселе көтөрсө, башка депутаттар бул сунушту колдоого алууда.

Жогорку Кеңештен ошол эле учурда бажы кирешесинин кескин көбөйүшүн коррупциянын азайгандыгы менен эле байланыштырбай, башка себептерин да караш керек деген пикир болбой койгон жок. Мындай сөз бажы кызматынан кеткен Раим Матраимовдун бир тууган агасы, болгондо да кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрага орун басары Искендер Матраимовдун өзүнөн чыгып жаткан үчүн, коомчулуктун бүйрүн кызытып койду. Аталган депутат өзү Би-Би-Сиге сүйлөгөн сөзүндө максаты инисин калкалоо эмес, маселенин түпкү себептерин туура түшүндүрүү гана керектигин билдирди.

"Мурдакы жетекчилер деле планды толугу менен аткарып жаткан. Көбөйгөнүнүн бир себеби, балким, өздөрүнүн жумушун жакшы аткарган жаңы жетекчилер келген үчүн да болушу мүмкүн. Экинчиден, Казакстан оор жүк машиналарды өткөбөй катуу текшерип жаткандыктан биздин Кыргызстанга миңден ашуун машина көп келди.Төлөм каражатынын Кыргызстанга көп түшүп жатканынын эң негизги себеби ушундадыр. Ошондой эле Ɵзбекстан менен да мамиле жакшырып жатпайбы, ошондуктан өсүш табигый түрдө башталды",-деди Искендер Матраимов.

Бажы төлөмдөрүнүн көбөйүп жатышынын чынында эле коррупциядан башка да себептери болушу мүмкүн, бирок эл оозундагы сөз биринчи кезекте баары бир жемкорлук жөнүндө болуп жатат. Болгондо да, Башкы прокуратура менен УКМКнын Антикоррупциялык кызматы кандай реакция кылат деп күтүп калгандай. Анткени, бул тармактагы кыңыр иштерди чукуса сасыган көп кылмыштар чубалып чыгышы турган иш дешет.

Бирок мурда кийин бийликте турган таасирлүү төбөлдөрдүн кызыкчылыгы менен байланышкан иштердин бетин ачканга укук коргоо органдарынын эрки жетеби деген суроо турат. Ошол эле учурда Баш прокуратура, УКМК баш болуп укук коргоо органдары өкмөт башчыга түздөн түз баш ийбей турганын да эске алуу керек.

Тектеш темалар