Мадумаров кайрадан кызматка барабы же оппозицияда калабы?

Убагында бир топ саясатчылар бириккенин жарыя кылышкан. Арасында Адахан Мадумаров да болгон Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Убагында бир топ саясатчылар бириккенин жарыя кылышкан. Арасында Адахан Мадумаров да болгон

Саясатчы Адахан Мадумаров сонку бир нече окуялар боюнча журналисттерге пикирин билдирди. Негизинен абакта ачкачылык жарыялап жаткан саясатчылар, Бишкектеги жылуулук борборундагы аварияга басым жасады. Мадумаровду азыркы бийликке теңтайлаша алган бирден-бир оппозиционер катары баалагандар да жок эмес. Бирок ошол эле учурда Мадумаровду куру чечен деп сынга алгандардын да катары калың.

Мадумаров чогулган журналисттерге, Кадамжайда берген убадасын аткарып жатканын айтты. Ал жакында эле Кадамжай районундагы "Шамбесай" алтын кенинин айланасындагы нааразылык жыйынына барып катышкан эле. Алтын кенге байланышкан маселени жалпы элге жеткирүү үчүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрөм деп сөз бергенин кошумчалады.

Мадумаровдун адаттагыдай ачуу сындары

Суроолорго жооп берип жатып, бийлик менен кошо сот бийлигин катуу сынга алды. Мындан сырткары Бишкектин жылуулук борборундагы авария - бийликтин болгон кудурети менен деңгээлин көрсөттү деген баасын берди.

Ал ошондой эле азыркы президент өз алдынча иш алып барып жатабы деген соболго да жооп берди.

«Мен шайланып турганда эмес, шайлана электе эле айткам. Ал өз алдынча саясат жүргүзгөн эмес, жүргүзө албайт. Уруксат жок. Эми кайра-кайра айта бергенден ал өзгөрүп кетеби? Өзүңөр деле көрүп атасыңар. Кадр саясатын да, экономикалык саясатты да жүргузө албайт. Экономикалык саясатты мыйзам боюнча да жүргүзө албайт. Барып башка мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзүп келип атат. Эми бул мындай, экономикалык жагдайларга тиешеси жок болгон киши менен алар кантип келишим түзөт?»,- дейт саясатчы Адахан Мадумаров.

Шайлоо учурундагы тиреш

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Адахан Мадумаров

Айрымдар президент Сооронбай Жээнбеков менен Мадумаровдун ортосундагы карама-каршылыктын тамыры бир топ эле тереңде деп боолголошот. Алар мунун ачык мисалы президенттик шайлоонун үгүт маалында интернетке тараган видео тасмада даана көрүнгөн дешет. Анда ал кездеги талапкер Сооронбай Жээнбековдун эл менен жолугушуусу башталат деген жерде, Мадумаров эл алдына чыгып, микрофонду алып сүйлөөгө аракет кылган эле. Анда эки талапкердин талашы күчөп барып токтогон.

Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров менен Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы теле-дебатка чогуу чыгат деген маалымат көптөрдүн бүйүрүн кызыткан. Бирок алып баруучулар Жээнбеков Ош шаарындагы жолугушууларынан келе албай калганын айткан эле. Мадумаров ал ирет да негизги делген талапкер келбей калганын, эң орчундуу суроолорун ал кишиге узата турганын айтканы бар.

Шайлоодон кийинки жагдай

Шайлоо жыйынтыкталгандан көп өтпөй Мадумаров «Мен макул эмесмин» деген чакырык менен бийликтин саясатына каршылыгын көрсөтүүсүн улантууда. Шайлоодон кийин саясатчы Орусиядагы мигранттар менен жолугушууларды өткөрүп келди. Талдоочулардын айтымында, Орусия аймагында иштеген кыргызстандыктар арасында Мадумаровдун салмагы жогору.

Бул сыяктуу көрүнүштөрдү эске алганда Мадумаров абдан жигердүү иш алып барып, кадыры өсүп жатат дегендер да жок эмес.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Расмий маалымат боюнча, Адахан Мадумаров соңку президенттик шайлоодо 110 284 добуш алганын, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 6,57 % түзгөн

Шайлоо жыйынтыкталганда, Мадумаров каражат сарптабай туруп, элден колдоо тапты деп куттуктаган Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз:

«Чынымды айтсам барган сайын Мадумаровго сыйым тереңдеп баратат. Анткени эч кандай трибунасы жок туруп, парламентке аракет кылды. Бирок партиясы өтпөй, кандайдыр бир бут тосуулар болду. Бирок ошого карабай саясатта өз ишмердигин токтоткон жок. Саясатта күрөш такай болуп келген. Саясатта күрөшкөн адамдар гана тарыхта аты калып, максатына жеткен. Эгер ушул калыбынан жанбай күрөшө берсе, экми парламенттик шайлоодо ал кишинин фракциясы да орун алып калышы толук мүмкүн»,- дейт.

Бирок ошол эле учурда Адахан Мадумаровду колунан иш келбеген, куру чечен катары баалагандар да жок эмес. Мадумаровду сынга алгандар сөзү менен иши дал келбеген саясатчы катары мүнөздөп жүрүшөт.

«Адахан Мадумаров көп учурда субьективдүү сүйлөйт. Реалдуу саясатка жакын эмес. Мурунку дагы, азыркы дагы өкмөттү көп сындайт. Бирок кайсы проблеманы кандай кылып чечүүнү бул киши таптакыр билбейт. Өз алдынча дагы, башкалар менен биригип дагы канча шайлоолорго катышты. Бирок Мадумаров кайда гана аралашпасын чеке жылытаарлык жыйынтык жок»,- дейт тарых илимдерини доктору, профессор Айнура Арзыматова.

Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, Мадумаров ал өз ишмердигине мындай баа берди.

«Менин кылган кызматымды эл чечип эл баалашы керек. Жоргоку Кеңеште депутат болуп турганымда мыйзам жазуу жагынан 3-4 эле депутат ат салышчу элек. Депуттаттын милдети кетмен чабуу, шагыл төгүү же завод куруу эмес. Мен кызматымды эки эсе актадым деп айта алам. Аны Жогорку Кеңеш да айтып берет. Мамлекттик катчы кызматындагы эки ишиме ыраазы болом. Биринчиси, Айтматов баштап кийин токтоп калган эл аралык «Ысык-Көл» кинофестивалы аябай жанданганы. Экинчиси, жогрку окуу жайларда ректорду шайлоо дегенди токтотком. Себеби ректор шайлайбыз деп ЖОЖдор ашмалтайы чыгып калган»,- дейт Мадумаров.

Учурда Кыргызстандагы негизги оппозиционерлердин бири катары аты аталып жаткан Мадумаров өлкөдө нагыз оппозициянын барынан күмөн санай турганын, оппозиционермин дегендердин басымдуусу кызматтан кол жууп, тарынгандар экенин да кошумчалады. Ал ошондой эле мындан аркы кадамдары тууралуу айтып жатып, эл өз ыктыяры менен колдоп, чакырган аймактарда сөзсүз шайлоолорго катышаарын айтты. Бирок кандайдыр бир кызмат сунушталса, эл кызыкчылыгы үчүн деп иштей турганын да четке каккан жок.

Тема боюнча башка макалалар