Коррупция: сын айтылды, чарасы качан көрүлөт?

Президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган Коопсуздук кеңешинин жыйыны сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү багытында өттү Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган Коопсуздук кеңешинин жыйыны сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү багытында өттү

Президенттин сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдары коррупция менен күрөшкөндүн ордуна өздөрү коррупцияга малынган деген билдирүүсү көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Бирок эксперттер сындын жыйынтыгы Коопсуздук кеңешинин жыйынында болуш керек дешүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Transparency International уюмунун рейтингинде Кыргызстан 176 мамлекеттен 136 орунда туруп, коррупция жоюлбай жатканын моюнга алды.

Негизги тоскоолдук ага каршы күрөшчү органдардын өзү коррупциядан чыга албай жатканында деди.

Президент сот, прокуратура, ички иштер министрлиги, финансы полициясы жана коопсуздук тармагынын ар бириндеги коррупциялык элементтерди эсептеди.

Аны козголгон кылмыш иштери менен соттолуп же жазасын алгандардын ортосундагы чоң айырма менен көрсөттү.

Президент коррупцияны өзү сая көрсөттү

Алсак, акыркы эки жылда 76 миңден ашык кылмыш иши козголсо, анын отуз пайызы гана сотко жеткен. Соттогу иштин 12 пайызы боюнча гана кылмышкер жазасын алган.

Ал эми тергөөгө да жетпей токтогон иштердин пайызы 43%. Кыскартылгандардын 85 пайызынын себеби “шектүү табылбаганында”.

656 иш кылмыштын элементи жок болгондуктан кыскарган, президент демек, ушунча иш мыйзамсыз козголгон деди.

Ушундай көрүнүш жогорудагы органдардын баарында бар.

Президент, мисалы, УКМКга караган Коррупцияга каршы кызматка токтолуп жатып, анын айрым кызматкерлери кол тийбес кастага айланып алган дейт.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президенттин айтымында, акыркы сурамжылоолорго ылайык Кыргызстандагы эң орчундуу маселе коррупция менен жумушсуздук

“Өзгөчө ири өлчөмдөгү мамлекеттик мүлктү менчиктеп алуу боюнча эки факты алып чыгышкан. Бирөө сегиз миң долларлык мамлекеттик мунара кранын сатып жиберди деп иш козгогон. Экинчи ири өлчөмдөгү тапкан иши бала бакча курулуп жатканда курулуш материалы кымбатка алынган деген факт. Бир жылда эки иш. Булар өздөрүнө коюлган тапшырмаларды аткара албай жатат. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, адалдоо иштерин аныктоо жана ага катышкан кызмат адамдарын жоопко тартуу иштери көрүнбөйт”, - деген президент Коррупцияга каршы кызматтын ишин өзгөртүп, ар бир кадрын карап чыгыш керек деди.

Президент бардык күч, коопсуздук жана укук коргоо органдарындагы ушул сыяктуу учурларды атап өтүп, Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө координатордук ролун аткара албай жатканына токтолду:

“Мисалы, 2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзгөн, анын сегиз пайызы боюнча гана кылмыш иши козголгон. Козголгон иштердин 50 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6 пайызы боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмдөрү чыккан, 1,6 пайыз, ойлонуп көрсөңөр. Анын ичинен сегиз эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган. Мына, статистика өзү көрсөтүп турат, мен ойлоп тапкан жокмун муну, текшерүүлөр бизнеске айланып калган деп өзү көрсөтүп турат”.

Ал эми соттогу коррупция жөнүндө айтып жатып, Жээнбеков канчалаган адамдар өкүмүн күтүп жылдап СИЗОдо жатканын, канчасынын иши төрт жылдап создукканын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү прокурор же башка бийлик өкүлү чеччү иш менен президентке кайрылып жатышканын белгилеп, алар элге ачык болбой калганын айтты. Ал “элди коргогондун ордуна өзүңөр жансакчылар менен жүрөсүңөр, анткени аралашкансыңар” деди.

Президент кемчиликтерди көрсөткөн соң сөзүн “мөөнөт берем, жыйынтык чыгаргыла” деп жыйынтыктады.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президент Башкы прокуратура мамлекеттик эмес, ведомстволук кызыкчылыкты коргоп калганын айтты

Жыйында сөз алган өкмөт башчы Сапар Исаков салык тармагында коррупциянын алдын алуу үчүн фискалдык мыйзам долбоору иштелип чыкканын, МАИде реформа жасалып жатканы жана мамлекеттик сатып алууларда өзгөртүүлөр жүргөнүн айтты.

“Бажы кызматында да реформалар башталды. Биринчи сандар көрсөтүлүп жатат. Мындан ары да токтобойбуз. Бажы кызматында дагы бир топ булактар ачылат деген ишенич бар. Кесиптештердин баары менен санарип өкмөт түзүү боюнча иштеп келатабыз. Ар бир жаранга мамлекеттик тейлөөнү бергенге даяр болуп жатабыз”, - деди Исаков.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков болсо коррупция боюнча Эсептөө палатасынын аудиттеринен жыйынтык чыкпай жатканына көңүл урду.

Президенттин сыны коррупция менен күрөшүүбү?

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы иштөөгө милдеттүү органдардагы коррупциялык фактыларды көрсөтүп, бирок анын жазасы же териштирүү боюнча тапшырма берген жок.

Алты ай, тогуз ай же бир жыл убакыт бар деди. Демек ага чейин кызматтагы адамдар жасаган кылмыштар жазаланбай тура турат.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев коомчулуктун көңүлүн президенттин айткандарынын жыйынтыгы буруп жатканын белгиледи.

“Мурда бул мамлекеттик органдарга коррупция боюнча мынчалык сын айтылган эмес. Азыркы президент баарын ачып берди, туура кылып жатат, мамлекеттик коопсуздукка биринчи коркунуч ушул коррупциядан келет. Жакшы сөздөр айтылды. Бирок бүгүнкү жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар жок болуп калды. “Ушул иштер үчүн баланчалардын жоопкерчилиги каралсын” деш керек эле. Өзүнүн милдетине кирген күч түзүмдөрү боюнча мындай кылалы, тигини кызматтан алам деген сөз болбой калды. Сын айтылып эле калып калабы деген коркунуч бар. Сын айтыла берет, коррупция менен жүргөн адамдар аны тоготуп да койбойт”, - деди Молдалиев Би-Би-Сиге.

Ал эми Башкы прокуратуранын алдындагы эксперттик кеңештин төрагасы, УКМКнын мурдагы байкоочу кеңешинде иштеген Кайрат Осмоналиев бул органдарда эбактан бери коррупция гүлдөгөнүн, ал иштеген ар кандай топтордун жетекчилерге тили өтпөй келгенин билдирди.

Мисалы, Башкы прокуратура өзүнүн алдындагы эксперттик топтун сөзүн угуп да койбойт дейт ал.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

“Менимче президенттин бүгүнкү сөзү “эгер силер коррупцияны реалдуу, натыйжалуу жойбосоңор, коомдун нааразычылыгын жокко чыгарбасаңар эч кимди кыйнабай эле өзүңөр кетип калгыла, эгер аны түшүнбөсөңөр кандай болоорун өзүңөр билесиңер” деген белги болду. Биз бул көйгөйлөрдү көтөрүп эле келатканбыз. Эми жылыш болот окшойт деп менде үмүт пайда болду. Президенттин жана Коопсуздук кеңешинин бул саясатын мен толук колдойм”, - деди Осмоналиев.

Сооронбай Жээнбеков аны эл шайлагандан кийин мыйзамдуулук бузулган учурда сотто жүрүп жаткан иштерди көзөмөлдөй турганын кошумчалады. Бирок бул дагы эмнеден кабар берери жана аны кандай ишке ашырары азыр белгисиз.

Ал эми аталган мамлекеттик органдар коррупцияны жоюу боюнча колдон келген иш-аракеттерди көрүп келатышканын айтууда.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сүйүта Соурбаева сот тутумдарында коррупциянын алдын алуу боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө деди:

“Жарандардын онлайн жана ишеним телефону аркылуу кайрылуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Ар бир каралчу иштин тизмелери, соттордун жана сот кызматкерлердин үстүнөн арыздануу жолдору боюнча маалыматтар жайгаштырылган. Сот имараттарынын ичинде, кызматтык бөлмөлөрдө жана сот отуруму өтчү залдарда видеокөзөмөлдөр коюлууда. Ишке катышып жаткан тараптардын судьялар менен аппарат кызматкерлерине жол берилбейт”.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны жаңы шайланган президенттин катышуусунда биринчи жолу өттү.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар