Жогорку Кеңештин эл аралык бөлүмүнүн башчысын УКМК кармап кетти

Жогорку Кеңештин бөлүм башчысынын чоң акчага байланышкан кылмышка шектүү болуп кармалышы көп жылдардан бери биринчи болуп жатат.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жогорку Кеңештин бөлүм башчысынын чоң акчага байланышкан кылмышка шектүү болуп кармалышы көп жылдардан бери биринчи болуп жатат.

Жогорку Кеңештин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров УКМК тарабынан кылмышка шектүү катары 8-февралда кармалганы белгилүү болду. Ал эки миллион сомдон ашык бюджеттик акчаны ыйгарып алган деген шек менен кармалганын Би-Би-Сиге УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине Жогорку Кеңештин аппаратынан эки миллион сомдон ашык бюджеттик акча каражатын өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча кайрылуу келип түшкөн. Анын негизинде УКМК тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, чогулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы КР Кылмыш Кодексинин 171 жана 350-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш ишинин алкагында шектүү катары КР Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы кармалды. Ал учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат",-деди УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов.

Жогорку Кеңештин өзүнүн аппаратынын кызматкерлери Арсен Закировду эмгек өргүүсүндө деп гана маалымат беришти. Бирок аппараттагы ишенимдүү булактардын берген маалыматына караганда, бөлүм башчыга козголгон кылмыш ишинде КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн каралган 30 миң АКШ доллар акчасы жөнүндө сөз болуп жатат.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Айтматов атындагы сыйлыгы 2012-жылы негизделип, 2013-жылы «Литературная газетанын» башкы редактору Юрий Поляковго, 2014-жылы Азербайжандын жазуучулар бирлигинин төрагасы Анарга, 2015-жылы армениялык котормочу Грачье Тамразянга, 2016-жылы Кыргыз эл жазуучусу Шайлообек Дүйшеевге ыйгарылган.

2017-жылы бул сыйлык кимге ыйгарылганы жана качан тапшырылганы жарыяланган эмес. Анын кандай себептери бар экенин ЖКнын эл аралык иштер боюнча комитетинде эч ким жооп айта албады.

Арсен Закиров Жогорку Кеңеште 2007-жылдан бери иштейт. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер парламент аралык кызматташтык бөлүмүнүн кеңешчиси, улук кеңешчиси, билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча бөлүмүндө сектор башчысы болуп иштегени белгилүү.

Эки миллион сомдон ашык акчаны бөлүм башчынын кандай жол менен ыйгарып алганы, тийиштүү комитет жетекчилери бул кылмышты кантип билбей калышканы жөнүндө суроолор көп. Анын баары эми тергөөнүн жүрүшүндө ачыкталууга тийиш.

Айрым маалыматтарга караганда, ири көлөмдөгү акчаны кымырып алуу үчүн жасалган документтерде парламенттеги тийиштүү комитет башчысынын дагы колу бар. Демек, бул жерде бир эле бөлүм башчы эмес, андан жогору турган кызмат адамынын дагы жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.