"Кара тизме" түзүлдү, эми эмне болот?

Статком жыйынтыкты соңку көрүнүштөр менен тикелей байланыштырууда. Маселен түрмөдөн качып чыккандардын окуясы адамдарга өтө терс таасир эткен Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Статком жыйынтыкты соңку көрүнүштөр менен тикелей байланыштырууда. Маселен түрмөдөн качып чыккандардын окуясы адамдарга өтө терс таасир эткен

Улуттук статистика комитети соңку алты айга карата мамлекттик мекеме, органдарга элдин ишеними канчалык экенин аныктап чыкты. Бул ишеним индекси атайын сурамжылоонун негизинде даярдалган.

Эл ишеними төмөн же жогору экенин аныктоо үчүн атайын маалымат жана суроолор даярдалган. Мурдагы жыйынтыктарга салыштырганда бул ирет кандайдыр бир өзгөрүүлөр бар экенин байкоого болот. Мисалы Жазаларды аткаруу жана Бажы кызматы эл ишенбей турган кызматтардын сап башына чыкты.

Ачкачылык кармагандардын айыбы күчүндө калды

Статком муну соңку көрүнүштөр менен тикелей байланыштырууда. Маселен түрмөдөн качып чыккандардын окуясы адамдарга өтө терс таасир этип, жаза аткаруу кызматынын кадырын төмөндөткөн.

"Индексти аныктоодо илимий тандоонун негизинде тандалып алынган 400 үй-чарбасынан респонденттер жооп берди. Методиканын негизинде төмөнкүдөй суроолор берилди: кандай деңгээлде ишенесиз, коррупциянын көрсөткүчү жана ишинин жыйынтыгына канааттанасызбы? Биз ушуга таяндык",- дейт үй-чарбасынын статистикасы боюнча адис Рыскан Калымбетова.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Мамлекттик кызматтарга элдин ишенимин азыркы система менен жогорулатауу ого эле кыйын дегендер да жок эмес

Бул иликтөө жарым жыл сайын өтүп келет. Элдин ишенимин аныктоо боюнча мурдагы көрсөткүчтөрдө Билим берүү, Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министирлиги сыяктуу министирликтерге элдин ишеними төмөн экенин көрсөткөн.

Бул министриликтер башкы саптан ылдыйлаганы менен тизмеден четте калган эмес. Алсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул жолу да элдин купулуна толбой тургандыгы көрсөтүлгөн.

"Сыркоолунун талабы жөнөкөй нерселерге аябай курч болот. Жаны кашайып ооруп турса, туалет таба албай сырттан издеп жүрсө же лифт эле иштесечи. Анан кандай болот? Ошону көргөн киши мага же биздин системага ырахмат айтабы? Мына ушундай болбогон нерселер менен элдин көңүлүн калтырып алып жатабыз. Баардык күчтү жумшап, кемчиликтерди жоюу зарыл. Биз бул багытта ишти тынымсыз улантабыз. Батыралиев туалеттен башканы карабайбы деп кээ бирлер сырттан туруп сындап атканы да ошол",- дейт Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев.

Image caption Статком ишеним индексин ар бир алты айда бир жолу даярдап, аны Стратегиялык изилдөө институна тапшыраарын билдирди

Министр ошондой эле башка олуттуу маселелерди чечүүгө комплекстүү киришүү зарылдыгын кошумчалады.

Би-Би-Си шаар көчөлөрүн аралап, кайсы тармактын иши аксап жатат, эмне үчүн ишенбейсиз деген суроо узатты. Негизинен бир кылка пикир жок. Бирок басымдуусу Транспорт министирлигине да нааразылыгын айтты.

Мамлекттик кызматтарга элдин ишенимин азыркы система менен жогорулатауу ого эле кыйын дегендер да жок эмес.

"Демократия деп коюп эле мамлекетти эле карап отурмай. Качан жасап берет, бала төрөсөк ага акча берет деп коюп жүрөбүз. Ошентип бул система элди абдан бузуп бүттү. Нагыз демократияда андай болбойт. Анда мыйзамдын диктатурасы орнойт. Ой келди иш кыла бергенге мыйзам жол бербейт. Эл мыйзамга гана таянат. Соттор, милиция түз иштейт. А бизде анын баары паракор болуп, эл ишенбейт. Ишкерлер да түк ишенбейт. Баары акча албаган күндө да алардын бюрократиясы көкөкөйгө көк таштай тиет. Аны шылуундар эле буйтап өтпөсө, жөнөкөй элдин колунан келбей турган иш",- дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов.

Статком ишеним индексин ар бир алты айда бир жолу даярдап, аны Стратегиялык изилдөө институна тапшыраарын билдирди. Ал жактан аны атайын корутундулап, өкмөт менен президенттин аппаратына тапшырат. Статкомдон Би-Би-Сиге билдиргендей жыйынтыкты жогорку бийлик чыгарат.

Тема боюнча башка макалалар