Кыргызстан карышкырга кой кайтартып койдубу?

Карышкырга кой кайтартуу Сүрөттүн автордук укугу rufabula.com

Коопсуздук Кеңешинде күч түзүмдөрүнүн ишмердиги катуу сынга алынгандан кийин андагы белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар талкуулана баштады. Президент Жээнбеков өзүнүн баяндамасында биринчи жолу УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын натыйжалуу иштей албай жатканын сынга алып, анын ишин жаңы форматка өзгөртүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал эми коомчулукта аталган кызматты жеген нанын актабаган орган катары ишин башка мекемеге өткөрүү же таптакыр эле жоюп салуу жөнүндө сунуштар болуп жатат.

"Кол тийгис каста"

Коррупцияга каршы кызмат түзүлгөндөн бери биринчи жолу катуу сын укту. Президент Сооронбай Жээнбеков ачык эле "анын айрым кызматкерлерин өзүнчө кол тийгис кастага айланып калды" деп айтты.

"Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, адалдоо иштерин аныктоо жана ага катышкан кызмат адамдарын жоопко тартуу боюнча АКСтын жумушу көрүнбөйт. Коррупциялых схемаларды аныктап, ачыкка чыгаруу боюнча биз талап кылгандай натыйжаларга жетишкен жок, көмүскө схемаларды билсе да, ачыкталган жок",-деди президент.

Президенттин баяндамасында айтылгандай, 2017-жылы АКС кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында 22 пара алуу фактысын аныктаган. Ири өлчөмдө мамлекеттик мүлктү менчиктеп алуунун эки гана фактысын далилдеген. Эки жылда 485 кылмыш ишин козгосо, анын төрттөн бири гана сотко жетип, кыркка жетпеген айыптоо өкүмү чыкты. Кылмыш иштеринин үчтөн бири кыскартылган.

Антикоррупциялык кызмат учурунда президенттин өзүнүн түздөн түз көзөмөлүндө болсун деген максатта Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында түзүлгөн. Анткени, коррупция бийликтин төрүнө чейин чырмап кирип кеткендиктен, ага Башкы прокуратура, ИИМ, Финансылык полиция сыяктуу кызматтардын тиши өтпөй калган.

"Сол чөнтөккө кетип жаткан миллиарддар"

Ошол эле учурда аны түзүүнүн президенттин саясий бийлигин бекемдегенден башка орчундуу максаты болгон эмес деген дагы пикирлер бар. Анткени, президентке каршы болгон оппозициялык башкы күчтөрдү коррупцияга күнөөлөп, камап, кысымга алып жаткан биринчи кезекте улуттук коопсуздук комитети болуп келатат.

"Бир эле Текебаев эмес, Канат Исаев жана башка саясатчыларга кылмыш иштерин козгогон ушулар. Ошондуктан бул өзүн актаган жок. Сол чөнтөккө кетип жаткан миллиарддарды бюджетке алып келип, ири коррупциялардын бетин ачкан орган болуш керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок",-деди Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бөкөев.

Айтмакчы, парламенттеги "Республика" фракциясы өзүнүн саясий программасында коррупцияга каршы күрөшүүчү органды Финансы полициясынын ичинде түзүш керек деп келгени белгилүү.

"Коррупцияны көбөйткөн органдар"

Чынында эле башка адистердин көз карашында деле, коррупцияга каршы күрөшүүчү атайын мамлекеттик органдар авторитардык же жарым авторитардык өлкөлөргө мүнөздүү. Ѳнүккөн мамлекеттерде атайын мындай кызматтар жок дешет. Коррупциялык иштерди экономикалык кылмыштар менен күрөшкөн кызматтар карайт.

"Мындай органдар тескерисинче коррупцияны көбөйтүп жатат. Себеби булардын колуна түшкөн киши буларга акча берет, анан сотко акча берет, эң акырында Коопсуздук кеңешинде айтылгандай, канчалык көп иш козголсо деле, камалганы бир он чакты болуп калат. Бул ошол коррупциянын натыйжасында болуп жатат. Мунун кереги эмне? Коррупция менен күрөшкөн органдарда канча каражат эмгек акыга төлөнүп, машина, иш сапар ж.б. канча чыгым кетип жатат. Анын ордуна ошол каражатты изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, реформага жумшаса, чоң натыйжа бермек деп ойлойм,- дейт аналитик Кубан Чороев.

Азырынча, президент айткандай, Антикоррупциялык кызматтын ишин жаңы форматка көчүрүү максатында кандай реформалык иштер жасалары түшүнүктүү боло элек. Анын ичинде, андагы кадрларды бир сыйра электен өткөрүү, башкача айтканда кой кайтарган карышкырлардан тазалоо иштерин жүргүзүү да кандай болору көп жагынан бүдөмүк болуп тургансыйт. Эң башкысы, анын саясий оппозицияга каршы шилтенген кылыч болбой, коррупциянын уюгун кыйратып чок салган күч болуп өзгөрө алабы деген олчойгон оор суроо турат. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар