Ким Чен Ындын карындашынын Олимпиадага келгенине эмнеге өзгөчө маани берилди?

Ким Ё Чжон биринчи жолу Түштүк Кореяга келген Кимдердин династиясынын өкүлү болуп калды. КЭДРдин жогорку бийлик өкүлдөрүнүн бул сыяктуу иш сапары акыркы жолу 1953-жылы, корей согушунан кийин болгон экен.

Сүрөттүн автордук укугу KCNA

Эксперттер КЭДР кышкы оюндарды дипломатиялык изоляциядан чыгууга шылтоо катары колдонушу мүмкүн деп баалап жатышат. Ошондой эле Түштүк Корея менен мамилесин оңдоп алгысы келет.

КЭДРди Олимпиадага жаш, татынакай Ким Ё Чжонду жөнөтүү менен эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, жагымдуу картинканы түзгүсү келген деп баалап жатышат .

Ким Ё Чжон деген ким?

Ким Ё Чжондун саясий карьерасында 2014-жылдан тарта ташы өйдө кулап баштаган. Аны өлкөдөгү Ким Чен Ындан кийинки эле эң таасирдүү адам деп эсептешет.

Өткөн жылы 30 жаштагы Ким Ё Чжонду Эмгекчилер партиясынын саясий бюросунун мүчөсү кылып дайындаган. 2015-жылдан тарта Борбордук Комитеттин пропаганда жана үгүт бөлүмүнүн жетекчи орун басары болуп иштеп келүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Чжон КЭДРде адам укугунун бузулушуна катыштыгы бар деп АКШнын санкциясындагы тизмеге илинген жагы бар.

Ким Ё Чжон 1987-жылы туулган деп айтылып жүрөт. Ал Ким Чен Ирдин эң кичүү кызы. Агасынан төрт жашка кичүү. Мектептеги билимин агасы сыяктуу эле Швейцариядан алган.

2015-жылы Ким Ё Чжон турмушка чыкканы кабарланган. Анын жолдошу Цой Сон өлкөдөгү таасирлүү саясатчылардын бири - Эмгекчилдер партиясынын катчысы Чхве Рён-Хэнин уулу.

2013-жылы Чхве Рён-Хэ Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Пекинде жолуккан. Өткөн жылдын соңунда Түштүк Кореяга, андан соң Орусияга барды.

Агасынын саламын алып бардыбы?

Бул өтө чоң жаңылык болду. Башында КЭДР делегациясынын курамында Ким Ё Чжон дагы болушу мүмкүн деген каңшаар тараганда, чын эле ушундай болоруна эч ким ишенген эмес. Анан калса, АКШ санкциясына илинген бул кыздын кышкы оюндарга келишине жол берет дегенге дагы ишеним жок эле.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Пхенчханга КЭДРдин чоң делегациясы келди. Арасында күйөрмандар, спортчулар, журналисттер бар. Андан сырткары 140 чамалуу өнөрпоздор келди.

Карындашын жөнөтүү менен Ким Чен Ын Түштүк Корея менен мамилесин оңдоого олуттуу киришкен экен деп да чечмелеп жатышат. Чжон - ага эң жакын кишилердин бири. Демек ал Түштүк Корея президенти Мун Жэинге агасынын жашыруун дубай саламын деле алып келген болушу мүмкүн.

Пхенчханга КЭДРдин чоң делегациясы келди. Арасында күйөрмандар, спортчулар, журналисттер бар. Андан сырткары 140 чамалуу өнөрпоздор келди.

КЭДР атынан Олимпиадага 22 спортчу катышып жатат.

АКШнын КЭДРге карата позициясы өзгөрөбү?

Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY IMAGES

Кошмо Штаттарынын вице-президенти Майк Пенс АКШ Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Washington Post басылмасына берген маегинде Майк Пенс "Пхеньянга карата кысым жана санкциялар улана берет, бирок Түндүк Корея сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырса, АКШ алардын сунушун угат" деп айтты.

Көптөр АКШ Түндүк Кореяга болгон саясатын кескин өзгөртүп жаткандай деп мүнөздөшөт. Буга чейин президент Трамптын администрациясы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзөктүк курал долбоорун токтотпосо, сүйлөшүүлөргө барбайбыз деп белгилеп келген. Бирок Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиадага катышкандан кийин Washington Post басылмасына берген маегинде вице-президенти Пенс АКШ эч кандай талаптарды койбой туруп, Түндүк Кореянын режими менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин маалымдады. Пенс мырза катаал санкциялар алынбайт, бирок Пхеньян сүйлөшүүлөрдү өткөрөм десе, АКШ ага катышат деп айтты.

Трамп жана Мундун администрациясы кышкы Олимпиаданын алдында Түндүк Корея боюнча маселеде кайчылыш пикирде болду. Бирок президент Мун сүйлөшүүлөр өткөрүлсө, Түндүк Корея экономикалык же дипломатиялык пайда көрбөйт деп АКШны ынандырды окшойт деп айтып жатышат. (AbA)