Дүйнөлүк базардан орун табууга умтулган тигүүчүлөр

"Салкын" ишканасы балдардын кийимине басым жасайт Сүрөттүн автордук укугу salkyn.kg
Image caption "Салкын" ишканасы балдардын кийимине басым жасайт

Кыргызстандын кийим тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрү Париждеги эл аралык жарманкеге катышууда. Өткөн жылдагы жарманкеде кыргыз ишканасы Disneyland менен келишим түзгөн, Германиядан заказ алган. Бул жолу да заказ алуу үмүтү бар. Бирок кыргыз кийимдерин же кездемесин экспорттоодо айрым тоскоолдуктар жоюла элек.

Париждеги Apparel Sourcing Paris эл аралык текстиль жарманкеси кыргыз фабрикасы Германиядан кардарын таап, Disneyland менен келишим түзгөн аянтча. Кыргызстандыктар ушу тапта жарманкеге экинчи жолу катышып жатышат.

Ири өлкөлөрдөн кардар табуу аракети

“Салкын” кийим тигүү фабрикасынын директору жана “Текстиль Транс” кездеме фабрикасынын негиздөөчүсү Алмаз Абдраев кыргыз товарларына кызыгуу жандуу экенин белгиледи. Былтыртан бери дүйнөлүк стандарттарга жакындоого аракет да кылышкан чыгаар.

Анын айтымында, ушул жарманкеде тапкан Германиядагы кардарына “Салкындын” пахтадан ич кийим, футболкаларын экспорттоп жатат. Ал эми Disneyland менен келишимди ишке ашыра албай калган.

“АКШга эскпорттой албай калганыбыз бизден эмес, мамлекеттер аралык келишимдерге көз каранды болуп калды. Disneyland менен келишим ишке ашпай калган себеби Кыргызстан АКШга товар киргизгендердин тизмесинде жок экен, анткени тобокел өлкө катары эсептелет. Биз муну ТИМ, Экономика министрлиги аркылуу да чече алган жокпуз”, - деди Би-Би-Сиге Абдраев.

Андан сырткары фабрика, цехтердин ачык иш алып барышына да мамлекет кызыктарлыгын көрсөткөн жери жок.

“Ачык иштегенге Соцфондго берген төлөм менен киреше салыгынын көлөмү өтө жогору. Бул боюнча да биз өкмөткө, министрликтерге кат менен кайрылганбыз. Бирок чара көрүлгөн жок”, - деп кошумчалады Абдраев.

Дүйнөлүк стандартка жетүү кыйынчылыгы

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Париждеги Apparel Sourcing Paris текстиль жарманкеси кыргызстандык кийим өндүрүүчүлөр жакшы аянтча

Экспорттун көлөмүн өстүрүүгө ички тоскоолдуктар да бар. Фабрика ээсинин айтымында, дүйнөлүк стандартка ылайык сапаттуу тигип, аны сатуу, учурунда жеткирүү жолдорун эми гана өздөштүрүп жатышат.

Парижде былтыры өткөн жарманкеде Кыргызстандын айрыкча трикотаж кездемесине көңүл бурушкан. Ал Кыргызстанда чыккандыктан кийим тигүү убактысын кыскартып, кыргызстандыктар үчүн башка атаандаштар алдында артыкчылык жаратууда.

ЮСАИДдин ушул тармак боюнча долбоорунун жетекчиси Артур Алиевдин айтымында, азыркы кардардын эң негизги талабы – кыска убакытта заказды даярдап берүү. Эгер башка кездемелерди Кытай, Түштүк Корея же Түркиядан алып келүүгө 30-45 күн сарпталса, кыргызстандын кездемесинен тигүү убакытты ошончо үнөмдөп жатат.

Артур Алиев Кыргызстандагы кийим тигүү тармагындагы негизги маселе – сапаттуу кадр табуу дейт.

“Биздеги негизги кемчилик адам ресурсу болуп жатат. Катардагы тигүүчүдөн тарта, технолог, конструктор, өндүрүштү башкарган менеджерлерге чейин кадр даярдаш керек. Сатуучулар, чет жердик кардарлар менен тиешелүү деңгээлде сүйлөшүп, иш алып бара алган продукт менеджерлер керек. Европадагы кардарлар менен англисче сүйлөшүп, тез жооп берген кадрларды даярдоо чоң проблема болуп жатат”, - деди Алиев Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption "Текстиль Транс" текстиль ишканасы 2017-жылы ишке берилген

Кадр маселесинен кийинки эле көйгөй жергиликтүү фабрикалардын, цехтердин ири жабдыктарды ала албай жатканы. Ушул багыттар боюнча ЮСАИДдин бизнести өнүктүрүү боюнча демилгелер долбоору тигүү тармагы менен иш алып барууда. Цех же ишканаларга тренингдерди өтүп, жабдык жагынан көмөктөшүүдө. Андан сырткары кийимдин дизайны, сапаты, сырткы ороосу, сатуу жолдоруна чейин үйрөтүшүүдө.

Дүйнөдөгү ири бренддер кийимдин сапатына гана көңүл бурбастан, канчалык эркин өлкөдө, кандай эмгек ресурстары менен өндүлгөнүн да карашат. Башкача айтканда алар ишкананын социалдык жоопкерчилигин, социалдык пайдасын талап кылып калды.

Ашыкча үмүт артылган жеңил өнөр жай

2012-жылдагы маалыматка ылайык, текстиль жана тигүү тармагы Кыргызстандын өнөр жайынын жети пайыздайын түзөт. Ал 14 пайыздык тамак-аш жана тамеки, сегиз пайыздык курулуш материалдарын чыгаруудан кийин кайра иштетүү тармагында үчүнчү орунда турат.

Эгемендүү Кыргызстанда анын эң өнүгүү учуру 2005-2012-жылдарга туш келди. 2013-жылдан тарта Казакстан менен Орусиядагы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн түшкөнүнө байланыштуу ылдыйлап кеткен. Бул расмий айтылган себеп.

Кыргызстандын жеңил өнөр жайы негизинен ушул эки өлкөгө экспорттойт.

Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү комитетинин жеңил өнөр жай бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулова 2016-жылдан тарта кайра жылыш байкалып жатканын айтты:

“2017-жылы алты млрд сомдук жеңил өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. 2016-жылга салыштырмалуу 111% өсүп жатат. Ал эми тигүү тармагы былтыры 13,5 пайызга өскөн. Ал эми тигүү тармагынын экспорту 2014-2016-жылы азайып, өткөн жылдын он бир айында анын көлөмү 132,2 млн сомду түздү. Башкача айтканда 94 пайызга өстү”.

Кыргызстан Евробиримдиктин ВСП+ статусу менен алты миң түр товар киргизүүгө уруксат алган. Европа өлкөлөрүнө аздыр көптүр чугууга аракет кылып жаткан “Салкын” жана “Текстиль Транс” фабрикасынан сырткары “Азиар” ишканасы бар. Башкача айтканда дүйнөнүн стандарттарына шайкеш иштегендер Кыргызстанда дале саналуу боюнча калууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар