Радионун келечеги кандай?

Кыргызстанда радио түйүндөр 1927-жылы иштей баштаган.
Image caption Кыргызстанда радио түйүндөр 1927-жылы иштей баштаган.

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк радио күнү. 1946-жылы БУУнун радиосу алгачкы жолу обого чыккан. Бул күндүн урматына ЮНЕСКО уюму 13-февралды дүйнөлүк радио күнү деп кабыл алган. Кыргызстанда радио түйүндөр 1927-жылы иштей баштаган.

Технологиянын, интернеттин өнүгүшү салттуу журналистканы дагы өзгөртүүгө учуратып, кыйын кырдаалга кептеди дейт адистер. Ушундай учурда радио кантип жашап жатат жана келечеги кандай болот?

Бүт өлкөгө адаттан тыш акциялары менен белгилүү укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун күнү радиосуз өтпөйт. Укук коргоочу катары тааныла элек учурунда Токтонасыров Би-Би-Синин активдүү угарманы катары биздин радио берүүлөрдө көтөрүлгөн маселелерге такай, дээрлик күн сайын пикирин билдирип турчу. Ал радионун өз жашоосуздагы орду тууралуу ой бөлүштү:

“Менин жеке пикиримде, радио үнү түбөлүктүү болушу керек. Ааламдашуу доорунда радионун ролун интернет аткарып калат дегенге ишенгим келбейт. Ошондой болбой эле койсо экен дейм. Анткени, алып баруучунун жандуу үнүн угуп, жаңылыктар менен таанышып, керек болсо түз байланышка чыгып оюңду айтканга эмне жетсин?”.

Бирок бул сыяктуу радио күйөрмандары барган сайын азая берет деген кооптонуулар көп. Айталы, “М-Вектор” сыяктуу кыргыз компанияларынан тарта дүйнөлүк иликтөөлөргө чейин санариптик технологиялардын өнүгүп, коомчулукка кенен жайылышы радиого тикелей эле тескери таасирин тийгизет деп белгилеп жүрүшөт.

Image caption Адистер санариптик технологиялардын өнүгүп, коомчулукка кенен жайылышы радиого тикелей эле тескери таасирин тийгизет деп белгилешет.

Радио туруктуу угармандарын жогото элек

Айкын, Бишкектин тургуну: Такай унаа айдап жүрөм. Буга байланыштуу радиого абдан көнүп калгам. Ашыкча энергияны талап кылбаганы, кай жерде болбо түркүн кабарлар айтыла бергени жагат. Менимче, мен сыяктуу айдоочулар радиону күн сайын угат.

Назира, Ысык-Көлдүн тургуну: Эч нерсеге убактым жок, бирок ошого карабастан радиого убакыт таба алам. Жаңылыктарды, музыкаларды угуп турам.

Бекбол, Жумгалдын тургуну: Жайлоого чыкканда радио алмаштыргыс шерик. Телевизор же интернет тартып-тартпай кыйнашы мүмкүн, бирок радио такай угулат. Кой кайтарган досторум дагы радиосун көтөрүп алып угат.

Маалымат булагы катары радионун эң чоң артыкчылыгы, ар кандай кызыктуу маалыматтарды планетанын кайсы жеринде болбосун байланышып, телефон аркылуу маектешип, ойлорун элге жеткирсе болот. Андан сырткары интернеттин, теленин, гезиттин “колу” жетпеген жерге радионун үнү жетет. Мисалы Кыргызстандын 90% аймыгында радио үнү чыгат дейт Коомдук телерадиокорпорациясынын жетекчи орун басары Кайрат Иманалиев.

Радио өткөн кылымдын 20-жылдарынан тарта дүйнөлүк байланыш кызматында эң негизги маалымат булагы болуп калды. Кыргызстанда радио түйүндөр 1927-жылы иштей баштаган. Учурда өлкөдө отуздан ашуун радиоканал иш алып барат. Алардын басымдуу бөлүгү көңул ачуу форматында болгону менен, көпчүлүгү саат башында жаңылыктарды айтып турат.