Төрт президент коррупция тууралуу Тургуналиевге  эмне деп жооп берген?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Төрт президент коррупция тууралуу Тургуналиевге эмне деп жооп берген?

Белгилүү коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев люстрация боюнча мыйзам кабыл алуу демилгесин кайрадан көтөрүүдө. Буга президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кенешинин жыйыныдагы коррупция тууралуу кайрылуусу түрткү болгон.

Топчубек Тургуналиев көп жылдан бери эле коррупция кылмыштарга шектелген саясатчыларды бийлик бутактарына жолотпоо керек деген демилгени көтөрүп келүүдө. Тургуналиев аталган мыйзам кабыл алынып калса, жогорку бийлик бутактарындагы коррупциянын тамырын кыркканга мүмкүн болмок дейт. Би-Би-Сиге берген маегинде Тургунулаиев буга чейинки президенттер эмнеге муну колдобой келгенин айтып берди.