Сот Чолпон Жакупованын коттеджин сатууну чечти

Чолпон Жакупова, Нарын Айып,

Октябрь райондук соту экс-депутат Чолпон Жакупованын коттеджин сатуу чечимин чыгарды. Райондук сот андан сырткары журналист Нарын Айыптын батиринин үчтөн бир бөлүгүн сатыкка коюу боюнча ишти карады. Ал тапта сот тармагын эркин кылуу боюнча талкуулар уланууда.

Октябрь райондук сотунда 14-фералда Чолпон Жакупованын жана Нарын Айыптын мүлкү боюнча эки башка иш каралды.

Моралдык компенсация үчүн мүлкүн алуу

Сот мурдагы депутат, “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттеджин сатуу чечимин кабыл алды.

Жакупова кийинки инстанцияга арызданмакчы.

Экинчи сотто экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков “Занозада” мурда иштеген журналист Нарын Айыптын батиринин үчтөн бирин сатыкка коюну талап кылды.

Ал айыпкер соттун чечимин аткарууга каалосун билдирген жок деди:

“Октябрь райондук сотунун 2017-жылы 3-июлдагы Нарынбек Айыпович Идиновдун келтирген моралдык зыяны үчүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге тогуз миллион сом компенсация төлөө боюнча чечимин аткаруу жолу менен тартибин өзгөртүүнү сурайбыз. Ал үчүн Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсүндөгү батиринин үчтөн бир бөлүгүн сатыкка коюуну сурайбыз”, - деди сотто Сыдыков.

Сүрөттүн автордук укугу SCREENSHOT
Image caption Чолпон Жакупова Алмазбек Атамбаевдин беделине шек келтирген деп үч миллион сом доого жыгылган

Прокурор дагы Атамбаевдин өкүлүн колдоп, соттон ушул чечимди кабыл алууну сурады.

Ал дагы айыпкер соттолуучу соттун мурдагы чечимин аткарбаганын белгиледи.

Ал эми үй өзүнө гана эмес, үч кишиге таандык экенин айткан Нарын Айып чогулган каражатын жөнөтүү үчүн доогер даректи ушуга чейин берген жок деди.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Журналист Нарын Айып "Занозага" чыгарган макалалары боюнча тогуз млн. сом доого жыгылган

“Биринчиден, биз банк эсебиңерди бергиле, ошого компенсацияны которо берели деп кайрылганбыз, бербей жатпайбы. Экинчиден, сотко атайын кайрылып, бөлүп төлөөнү өтүнгөнбүз, ага тыюу салып койду. Бөлүп төлөгөнгө макул болбойт, ошол эле учурда батирди алабыз дейт, ал болсо баары бир жетпейт. Бул жерде принципиалдуу карама-каршылык болуп жатат”, - деди Нарын Айып Би-Би-Сиге.

Доогер кыймылсыз мүлктөрдү сот аткаруучулары сатыкка койсун деп суранды.

Пикир билдирген үчүн миллиондук доолор

Октябрь райондук сотунун “Заноза” басылмасы менен экс-депутат Чолпон Жакупованын мүлкүн сатыкка коюу боюнча экинчи гана жыйыны өттү. Биринчисинде жөн гана жылдырылган. Алмазбек Атамбаевдин өкүлү алардын мүлкүн сатууга коюу арызы менен сотко кайрылган. Айыпталуучулар соттон утулуп, компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген эле.

Жакупова тегерек үстөлдө айткан сөзү боюнча айыпталып үч миллион сом, Нарын Айып макалалары боюнча тогуз миллион сом, “Заноза” 15 млн сом, анын мурунку жетекчиси Дина Маслова үч миллион сом айыпка жыгылган. Башкы прокуратура алар Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирген деп сотко былтыры кайрылган.

Беш доонун үчөө боюнча Жогорку Соттун айыптоо чечими чыккан. Экөө уланууда.

Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин сотторго өкүлү катышууда.

Нарып Айып эл аралык уюмдарга кайрылууга даярданып жатышканын билдирди.

Сот мыйзамды коргоп жатабы же...

Сүрөттүн автордук укугу SCREENSHOT
Image caption Нарын Айыптын мүлкү боюнча ишти карап жаткан судья Альбина Жээнбекова

Ал тапта сот бийлигинин көз карандысыздыгы тууралуу талкуулар уланууда.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова медиага карата доолор да саясий негиз менен, саясий талааны тазалап, сөз эркиндигин муунтуу максатында жасалганы баарына көрүнүп турат деди:

“Бийликти эркин сындап жаткандарды жөн гана жок кылуу максаты турган. Жана муну алар жасай алды. Эң өкүнчүтүүсү – көз карандысыз бийлик бутагы болгон соттор аркылуу ишке ашырышты. Бийлик деген эмне? Алар Жогорку Кеңеш, өкмөт сыяктуу эле көз карандысыз бийлик болуш керек эле. Бирок бүгүнкү күнү алар вертикалдуу көз карандылык түзүлүштө, биринчиден президенттик аппаратка баш ийет”.

Анткен менен президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду. Ал сот, укук коргоо, көзөмөл тармагындагы коррупция менен күрөшүү боюнча жыйындын чечими.

Андагы негизги багыттардын бири боюнча сотторго чара көрүү каралган. Кызматтык жана экономикалык кылмыштар, менчикти уурдоого байланыштуу кылмыш иштерин караган судьялардын мыйзам бузуу фактыларын Тартип комиссиясы карайт деп жазылган.

Жарандык активист, сот системасын сындап келген Рита Карасартова президенттин аракетинен жыйынтык чыгарына ишенгибиз келет дейт.

“Ушуга ишенейин деп жатам. Бирок сөздөн кийин иш да жасалыш керек. Эстетип турабыз, айтканына бир жума болду, эки жума болду, эмне өзгөрдү, кимде жакшы жаңылык бар деп сурайбыз. Үч жума, төрт жумадан кийин жылыш болбосо ал ошентип кете берет”, - деди Карасартова.

Ал эми Жогорку Соттун басма сөз кызматы ички коррупцияны жоюу боюнча кабыл алынган чаралардын негизинде иш алып барып жатышканын айтты.

Президент жылдап адилеттикке жете албагандар, күнөөсүз камалгандар көп деп соттогу коррупцияны белгилеген. Бирок медиага же саясатчыларга каршы иштер боюнча оюн айткан жок.

Жээнбеков жакында 24.kg маалымат агенттигине беш миллион сомдук доосун кечти.

Ал арада журналист Элнура Алкановага кылмыш иши козголду. Ал банктагы сыр маалыматты алууга шектелүүдө. Бул ишти териштирүүнү өкмөт башчы Сапар Исаков прокуратурадан өтүнгөн.

Тема боюнча башка макалалар