Ачкачылык кармап жаткан саясатчыга апасын жолуктурушту

Бишкек шаарындагы №47 колонияда ачкачылык кармап жаткан саясатчы Бектур Асановго апасы жана жубайы, бир тууган эжеси кирип, абалын сурап чыкты.

"17 күндөн бери ачка олтурган адамдын абалын жакшы деп айта албайм. Апамды кабатыр кылбайын деп, бизге билдирбегенге аракет кылып, күлүп эле олтурду. Бирок абалы көрүнүп турат, өз алдынча деле баса албай калгандай. Дарыгерлер деле эгер ачкачылыгын уланта берсе, өтө оор абалга түшүп калышы мүмкүн экенин айтып жатышат. Биз да сурандык, жок дегенде суу ич дедик. Баш тартып койду. Үмүттүбүз эле эми Жогорку Кеңеште калды. Кечээ ал жерде Бектурдун абалы менен таанышып келген депутаттар маселе көтөрдү. Ошолор бул ишке киришсе, ачкачылыгын токтото беле деп үмүт кылып турабыз ",-деди бир тууган эжеси Жаркынай Асанова.

Абакта жаткан саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбековдун жакын туугандары абак жайга киргизүү талабы менен бийликке кайрылуу жасап жаткан эле. Ачкачылык кармап жаткан үч саясатчынын жакындары кечээ күнү парламент имаратынын алдында акция өткөрдү.

Бүгүн Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков Бишкектеги №1 тергөө абагына которулганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Александр Никсдорф Би-Би-Сиге ырастады. Бишекек шаардык сотунун чечими кучүнө киргендиктен алар тергөө абагына которулду деди Никсдорф. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы алар дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын маалымдап жатат. Апта башынан тарта абактагы Кубанычбек Кадыров суу иче баштаганын билдирген.

Бул саясатчылар соттук териштирүүлөрдүн акыйкат өтүшүн жана УКМКнын жетекчисинин отставкасын талап кылып, ачкачылык кармаган эле. Үч саясатчы 14-16 күндөн бери оозуна наар албай, суу да ичпей "кургак ачкачылык" кармап жатат.

Бектур Асанов 30-январдан баштап ачкачылык жарыялап, соттук териштирүү адилетсиз жүрүп, алардын күбөлөрү чакырылбай жатканына нааразылык билдирген. Кийин Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров дагы ачкачылык акциясына кошулган. Алар УКМК жетекчисинин отставкасын да талап кылып жатканы айтылды. Анткени сотто объективдүү териштирүүгө тоскоолдук жаратып жатат деп эсептешүүдө дейт комитет мүчөлөрү. Соттук териштирүү жабык өтүүдө.

2016-жылдын март айында Эрнест Карыбеков "мамлекетке чыкынчылык кылган" деген айып менен, ал эми Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген айып менен камакка алынган эле.

Өткөн жылдын апрель айында Бишкектин 1-Май райондук соту Эрнест Карыбековду 20 жылга, Асанов менен Кадыровду 12 жылдан эркинен ажыратты. Алар бул өкүмдү саясый негизде деп нааразылык билдирип, жогорку инстанцияга даттанышкан. (AbA)