Коомдук сайттарды көзөмөлгө алуу мүмкүнбү?

Айрым медиа эксперттер соңку жылдары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына кабатыраланууларын билдирип келишет.
Image caption Айрым медиа эксперттер соңку жылдары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына кабатыраланууларын билдирип келишет.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешовдун “жалган маалымат таратканы үчүн” моралдык компенсация төлөө тууралуу сунушу талкууга түштү. Айрым активисттер депутаттын демилгесин сөз эркиндигине болгон кысым катары баалады. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда, коомдук сайттарда кимдир бирөөнү негизсиз каралаган же кадыр-баркка шек келтиргендер моралдык конпенсация төлөшү керек деп көрсөтүлгөн.

“Социалдык тармактардын колдонуучуларына айып пул койгон жокмун жана койбойм дагы. Бул туура эмес түшүнүк", деген Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешов, өзү сунуштаган мыйзам долбоорун коомчулукта тескери түшүнүп алышканын айтып берүүдө. Депутаттын айтымында, мыйзам долбоору адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү, жалган-жашык маалыматтарды, ээн ооздукту тескөө максатында иштелген:

“Мыйзам долбоору эки бөлүктөн турат. Биринчи, 20 миң сом бул минималдык моралдык компенсациянын өлчөмү болуп жатат. Мисалы, бирөө сотко кайрылып сумманы көрсөтпөсө минималдык 20 миң сом ала алат. Эгер андан ылдый бир же эки сом деп көрсөтсө анда ошону төлөп берет. Экинчи, жалган маалыматты таратканы үчүн соттон жеңилип калса анда пикирин ошол эле жол менен кайра төгүндөйт”

Мыйзам долбоору дароо эле алды менен интернеттин активдүү колдонуучуларынын сынына кабылып, коомдук сайттарда нааразылыктар, сын-пикирлер жарыяланып жатат.

Image caption Буга чейин активист Мавлян Аскарбеков фейсбукка жазган пикири үчүн айыпка жыгылган.

“Кыргызстанда акыркы сегиз жыл ичинде сөз эркиндигине тарыхта болбогондой чабуул болду. Ош ТВ, Вечерний Бишкек, НТС жана башка телеканалдар жабылып, мамлекеттин карамагына өттү. Маалымат каражаттары, интернет ресурстары жабылып, контролго алынды. Эми жалгыз калган интернетти колго алуу аракети көрүлүп жатат. Мына ошонун флагманы болуп алдына чыккан Дастан Бекешовдун мыйзамы болуп жатат”.

Активист Мавлян Аскарбеков коомдук сайттарга жазган пикири үчүн айыпка жыгылган жарандардын бири. Болгондо дагы жогорудагы мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан депутат Дастан Бекешев менен соттошкон. Анда депутат "жарандык активистти Фейсбук баракчасы аркылуу аброюма шек келтирди" деп сотко берген. Кийин Октябрь райондук соту Аскарбековко сөзүн төгүндөөнү милдеттендирген чечим чыгарган.

Парламент депутаттары коомчулуктагы мындай сын пикирлерге көтөрүмдүү болушу керек, -дейт “Биздин Мурас" коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек:

“Бекешовдун макулдашылбай сүйлөгөндөрдү ооздуктоого аракет кылган демилгеси алгачкы ирет эмес. Негизи саясатчы болгон киши сын-пикирге чыдамдуу болушу керек. Эгер сын жакпай атса элди да убара кылбай, өзү да убара болбой, балким саясаттан четтеп кетсе жакшы болмок. Бул эки тарапка тең жаккан чечим болот”.

Image caption Коомдук сайттарды көзөмөлгө алуу аракети коомчулукта каршылыктуу пикир жаратууда.

Айрым медиа эксперттер соңку жылдары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына кабатыраланууларын билдирип келишет. Бийлик тарабынан кысым болбогону менен мыйзамдык жактан кысмакка алуу көрүнүштөрү күчөдү дейт “Медиа Полиси Институтунун” юристи Алтынай Исаева.

“Кыргызстан “Чек арасыз кабарчылардын” рейтинги боюнча, 180 өлкөдөн болжолдуу 80-орунда турат. “Фридамхаустун” рейтингине ылайык, Кыргызстан Борбор Азияда лидер, бирок ал жарым-жартылай сөз эркиндиги бар өлкө деп эсептейт. Бирок булардын баары салыштырмалуу”, - деди Исаева.

Эл аралык уюмдардын иликтөө тыянактарында Кыргызстан сөз эркиндигинин абалы боюнча көп өлкөлөрдөн алдыда турат. Ошол эле учурда кыргызстандык айрым журналисттерди сөз эркиндигин ээн ооздук менен алмаштырып, жоопкерчиликти сезбей жатат деген дооматтар ээрчип келүүдө.