Шаардыктар "үшүгөн күндөрү" үчүн да акча төлөйбү?

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыгып, шаардыктар жылуулуксуз калган.
Image caption ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыгып, көп шаардыктардын үйүнө жылуулук жетпей калган.

Бишкек жылуулук борборунда өткөн айда болгон техникалык авариянын себептери жарыяланды. ЖЭБдин жана мекеме баш ийген “Электр станциялары” ишканасынын жооптуу кызматкерлеринин техникалык эрежелерди одоно бузганы аварияга себеп болгон. Бул вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектеген комиссиянын чыгарган алгачкы жыйынтыгы.

Ал тапта шаар тургундарын авариянын себеби эмес, жылуулуксуз калган күндөр үчүн төлөнө турган акча көбүрөөк нааразы кылууда.

“Жылуулук 26-январдан тарта өчтү. Түндөсү сыртта -30 болуп жатканда, эки балам менен муздак үйдө калдык. Өкмөт күн сайын жылуулук берилет деп коет, кечинде кайра эле ошол абал. Ошентип 5-6 күн тоңуп калдык. Эми өкмөт ошол күндөргө жылуулук үчүн акча албайбыз деген сөзүндө турушу керек”,-дейт көп кабаттуу үйдө жашаган Уркуя.

Январь өтүп, февралдын башында Бишкектеги бардык үйлөргө жылуулук үчүн төлөнчү акчанын эсеби келди. Айрымдары беш күндүн акысы чын эле эсептелбегенин айтканы менен, кайра эле баягыдай көп сумма келгенин айтып чырылдагандар көп болууда.

“Мен декабрда 1660 сом төлөгөм, кечээ болсо январга деп кайра эле 1660 сом келиптир,- дейт Уркуя. - Демек, биз жылуулуксуз отурган күндөрүбүз үчүн дагы акы төлөшүбүз керек экен. Жаңы келген квитанцияны төлөбөй кармап отурам, балким туура эмес эсептедик деп кайра жаңы алып келишет деп. Эгер алып келишпесе, барып бир чара көрүш керек же такыр эле кыргыз өкмөтүнө ишеним калбайт!”.

Шаардын жылуулук берген мекемеси өз кезегинде 26-31-январдагы күндөр үчүн эч кандай акча эсептелбегенин айтууда. Январь айы башка айларга салыштырмалуу өтө суук болгон үчүн суммаларда айырма билинбей калган дейт, Бишкек жылуулук тармагынын оператору Гүлкан:

Image caption Буга чейин Өкмөт Бишкекте жылуулуксуз калган күндөр үчүн беш күндүк акы алынбай турганы тууралуу маалымат тараткан.

“Ар бир квартиранын өз эсеби бар. Бизге эсеп 26 күнгө гана келди. Авария болгон 26-31-январь күндөрүнө акча алынган жок. Декабрь айындагыдай эле акча келди дегендер түшүнүшү керек, январь эң суук ай болду. Андыктан жылуулук дагы көп сарпталган”.

Буга чейин Өкмөт Бишкекте жылуулуксуз калган үйлөр үчүн беш күндүк акы алынбайт деген маалымат тараткан. Премьер-министр Сапар Исаков депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, үйүнө жылуулук жетпеген жарандар үчүн өкмөт компенсация төлөө маселесин карай билдирген болчу.

Ал арада Бишкек жылуулук борборундагы техникалык авариянын себептери жарыяланды. ЖЭБдин жана “Электр станциялары” акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин техникалык эрежелерди одоно бузганы кырсыктын чыгышына себеп болгон деп маалымат таратты вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектеген комиссия. Ал эми парламенттик комиссия кырдаалдын себебин иликтөө боюнча эртең көчмө жыйын өткөргөн жатат.

Тектеш темалар