Жаңы деген тез жардам унаалары "жараксыз" болуп чыкты

Т. Батыралиев: Бул жерде баса белгилей турган бир жагдай биз донорлого же Германия өкмөтүнө эч кандай нааразычылыгыбыз жок Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Т. Батыралиев: Бул жерде баса белгилей турган бир жагдай биз донорлого же Германия өкмөтүнө эч кандай нааразычылыгыбыз жок

Кыргызстанга көмөк катары бөлүнгөн 15 тез жардам унаасы келгени менен келишмдин талаптарына жооп бербей турганы анык болду. Министирлик бир жылдай мурун келишим түзүп, Германия бөлгөн каражатка, нидерландиялык компания унаалар менен камсыз кылмак.

Би-Би-Си Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кайрылып, толук кандуу ишке ашпай жаткан келишимдин чоо жайын сурады.

Т. Батыралиев: Азыр басма сөздө тез жардам кызматы боюнча эки кеп тарап жатат. Биринчиси, тез жардам кызматын пайдаланаууда акы төлөнсүнбү же жокпу деген талкуу. Мен дароо баса белгилеп айткым келет, бул кызмат мүмкүнчүлүгү жеткен баардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да бекер болушу керек. Менин так позициям ушундай.

Экинчиси, тез жардам кызматына деп келген жаңы реаномобилдердин абалы менен сапаты тууралуу сөз. Ден-соолук программасынын алкагында Немис өнүктүрүү банкы тарабынан каралган акчага, он беш тез жардам унаасын сатып ала турган болгонбуз. Тендер Германияда өтүп, анда нидерландиялык атактуу фирма утуп алган. Дароо келишим түзүлгөн. Ага ылайык кыргыз тарап өзүбүзгө алган милдеттерди толук аткарганбыз. Аларга техникалык тиешелүү көрсөтмөлөрдүн баарын бердик.

"Кара тизме" түзүлдү, эми эмне болот?

Бирок тилекке каршы, экинчи тарап ар кандай жүйөлөрдү айтып аткарыла турган мөөнөттөн артка жылдырып келди. Эл аралык келишимде эч кандай катага жол бербеш керек. Биз ал эрежени так сактадык.

Image caption Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев

Сентябрда фирманын Бириккен Араб Эмиратындагы фабрикасына барышкан. Жаңы унаалар келгенде биз абдан сүйүндүк, эки партия менен жеткиришти. Келгенден кийин кабыл албай туруп атайын адистердин текшерүүсүнөн өткөрдүк. Бирок тилекке каршы биз келишимде так көрсөткөн талаптарга жооп бербеген жагдайлар аныкталды. Дароо ыкчам комиссия да түздүк. Бул биздин жолдорго, бейтапты алып жүрүүнүн ыңгайына эсептелген талаптар эле. Атайын комиссиянын чыгарган бүтүмүнө таянып, талаптарга так жооп бербейт экен деп фирмага кабар бердик. Жооп бериңиздер дедик. Ошондуктан биз жаңы экенине карабай атайын унааларды кабыл алган жокпуз. Мына эки ай өттү. Азырынча бизге нидерланддык фирманын жетекчилиги байланышка чыга элек. Үч күн мурун немистердин өнүктүрүү банкынын жетекчилигине жана алардын баш кеңесесиңе да расмий кат менен кайрылдым. Эгер булар убагында милдеттерин аткарбай турган болсо эл аралык уккутарга таянып, келишмди жокко чыгарабыз. Акчаны артка кайтарып бергиле деп талап кылабыз.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Т. Батыралиев: Бул унаалардын баардыгы борбор шаарга эмес аймактарга таратылып берилмек

Би-Би-Си: Сиздердин мындан аркы кадамдарыңыздар кандай болот?

Т. Батыралиев: Мен окуп калып атам. Кээ бирлер бул жардам экен, кабыл ала берсе эмне болот? Калганынын өзүбүз эптесек болбойбу деген сыяктуу пикирлерин билдирип жатат. Бул белекке келген жылкынын тишин санабайт дегендей кеп болуп жатат. Так айтам, андай болбошу керек. Башка өлкөдөнбү же донордонбу бөлүнгөн каражат болгон күндө да биз сапаттуу, талапка жооп бергендей реаномобилдер келиши керек. Биз бул акчаларды акыркы тыйынына чейин максатуу пайдаланышыбыз керек.

Би-Би-Си: Эми жоопту дагы канча убакыт күтөсүздөр?

Т. Батыралиев: Мен акыркы каттардын көчүрмөсүн да ачык көрсөтүүгө даярмын. Мен расмий түрдө күтөм. Бул жерде баса белгилей турган бир жагдай биз донорлого же Германия өкмөтүнө эч кандай нааразычылыгыбыз жок. Тескерисинче башка долбоорлор боюнча биз алар менен колдон келишинче тыгыз иштеп жатабыз. Менин оюмча бул жерде тендерди жеңип алган фирманын гана кемчилиги болуп жатат. Алар муну эл аралык мыйзамдарга ылайык чечиши керек.

Би-Би-Си: Бул тез жардам унаалары Кыргызстанда кандай болуп бөлүштүрүлмөк?

Т. Батыралиев: Бул унаалардын баардыгы борбор шаарга эмес аймактарга таратылып берилмек. Себеби жер-жерлерде бул унааларга муктаждык абдан күч. Биз ошону эске алышыбыз керек. Ооба, Бишкекте да бул маселе толук чечилип кеткен жери жок. Бирок акырындап бул маселе жайгарылып келе жатат. Мындан 40 жыл мурун мен окуп жүргөндө Бишкекте ошол эле тез жардам станциясы бар эле. Деңгээли менен дарамети деле азыркыдан көп айырмаланчу эмес. Бирок биз бир нерсени унутпашыбыз керек. Ал кезде шаардын калкы ашып кетсе 400 миңге чукул эле. А азырчы, баарыбыз борбор калаа, Чүй же чоң шаарларга топтолдук да. Шаардын чеги да, калкынын саны да кыйла өстү. Шаардык мэрия колунун келишинче бул маселеде бизге жардам берип жатат. Биз да иштеп жатабыз.

Би-Би-Синин министр Талантбек Батыралиев менен маеги жарыялангандан көп өтпөй, Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанга тез жардам унааларын жеткирген фирмадан кат алганын кабарлады. Анда келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, кемчиликтерди жоюуга убада бергени жазылган. Сөз болуп жаткан Dutch Health BV фирмасы Амстердамдан кат жолдоп, кечирим сураганын мекеме дагы бир жолу тастыктады.

Катта ошондой эле келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө атайын унааларды жеткирип бере албаганын себебин орозо учуруна дал келип калганы менен түшүндүргөн.

Тема боюнча башка макалалар