Кайра иштетүү канткенде жанданат?

Кайра иштетүү канткенде жанданат?

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Баткен, Лейлек райондоруна барды. Өлкө башчы буга чейин аймактарда айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүгө адистештирилген кайра иштетүү ишканаларынын курулушун жандандыруу зарыл экенин бир нече ирет баса билгилеген. Иш сапарында бул маселеге дагы көңүл бурулары айтылууда.

Би-Би-Си “Дан Агро азыктары” ишканасынын жетекчиси Уран Ниязалиевди маекке тартып, Кыргызстанда кайра иштетүү тармагын жандандыруу үчүн алгач эмнелерге көңүл буруу керек деп сурады.