Казакстанда кармалган депутаттын казак жарандыгы тастыкталды

  • Элеонора Сагындык кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экени тууралуу казак ТИМи билдирүүдө

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экени тууралуу казак ТИМи билдирүүдө

Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Мекемеге Казакстандын ТИМи камактагы депутаттын казак жарандыгы бар экенин ырастаган расмий катты жолдогон.

Ал арада бүгүн парламентте Казакстанда кармалган кыргыз депутаты Асылбек уулу Дамирбекти сотко чейин камактан алып чыгуу сунушу берилип, депутат Тазабек Икрамов казак тарапка депутаттардын кепилдиги менен кайрылуу жолдош керек деди:

"Парламент баарыбыз кепилдик болуп, депутатыбызды сотко чейин өзүбүзгө тартып алсак. Ал качпайт эле, эки мамлекеттин көзөмөлүндө турат эле. Дамирбек Кыргызстандын желегин бир нече жолу көтөргөн, спорт жагынан ийгилик алып келген, эң негизгиси, ал парламенттин депутаты. Колдон келишинче жардам бериш керек", -деди Икрамов.

21-февралда Жогорку Кеңеш Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин ишин эл аралык эрежелердин алкагында иликтөөгө жана анын кесиптештери менен жолугуштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен казак Мажилисине кат жолдоду. Азырынча анын жообу келе элек.

"Конституциялык мыйзамдын 65-беренесинде эгерде Жогорку Кеңеш депуатында башка өлкөнүн жарандыгы тууралуу факт чыгып кала турган болсо анда ал депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз болот деген жобо бар. Эгер расмий документ келип түшсө, анын Боршайком оз отурумунда карайт", -деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайым орун басары Абдыжапар Бекматов.

Жогорку Кеңеш депутаты Казакстанда чек ара аймактарында аткезчилик менен ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операция маалында 17-февралда кармалган.

Асылбек уул Дамирбек менен операция маалында кыргызстандык дагы эки жаран: Чыңгыз Абакиров жана Уланбек Мурадилов кармалган.

Кармалгандарга Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан аткезчилик айыбы коюулуда.

Асылбек Дамирбек уулу Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин төрага орун басары болот.

Ошол эле убакта Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти.

Белгилүү комдук ишмер Эдил Байсалов Фейсбук баракчасында Дамирбек Асылбек уулу 37 эмес 39 жаштагы Динарбек Супатаев экенин жазып чыкты. Депутаттын аты-жөнүн өзгөртүүсүнө спорт себепчи болгондугу айтылат.

1997-жылы ал күрөш боюнча кадеттик дүйнө чемпионатына катышып, бирок ал жерге 16 жашка чейинкилер гана кое берилгендиктен жашы төмөндөтүлгөн. Ал таймаштарда Дамирбек Асылбек уулу коло медалга татыган.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Байсалов: Эл аралык спорт оюндарына катышуу үчун улуттук паспорттун болушу шарт

Байсалов спортчу 2001-жылы Азия боюнча дүйнө чемпионатында Казакстан атынан катышканын да жазды.

"Эл аралык чемпионаттарга катышуу үчун улуттук паспорт керек, бул шарт. Ошондуктан бир да күмөн жок ушул Дамирбек Асылбек уулу же Динар Супатаев дейбизби ошол депутатта казак жарандыгы бар экендигинде шек жок. Жарандыгы бар болгон үчүн Казакстан аны өзүнүн жараны катары соттоого толук укугу бар. Кыргызстандан уруксаат алып же маалымат берүүгө милдеткер эмес", - деди Байсалов.

УКМК жана күч органдары азырынча бул окуя боюнча комментарий берише элек.