Фарид Ниязовдун күтүүсүз саясий жүрүшү

Фарид Ниязов
Image caption Фарид Ниязов мурдакы президент Атамбаевдин дагы аппаратын башкарган, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун отставкага кетүү жөнүндө арызын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алган жок.

“Президент Сооронбай Жээнбеков аппарат башчы Фарид Ниязов менен 24-февралда оозеки сүйлөшкөн. Анда Ниязов кызматтан кетүү тууралуу өтүнүчүн билдирген. Бирок өлкө башчы сунушту кабыл алган эмес. Фарид Ниязов президентке дүйшөмбү күнү кайрадан арыз менен кирген. Бирок ага өлкө башчы кол койгон эмес. Ага бир жумага эс алууга уруксат берди”, - деди Би-Би-Сиге президенттин маалымат кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева.

Фарид Ниязов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда да аппаратты жетектеп турган. Ал кызматтан кеткенден кийин Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген.

Фарид Ниязовдун отставка сураган себептерин анын өзү дагы, президенттик аппарат дагы ачык айткан жок. Ошол себептүү саясий чөйрөдө жана коомдук сайттарда ар кандай жоромол-божомолдор болуп жатат.

"Президент өзгөрсө - саясат да өзгөрөт"

Эң биринчи эле бийлик төрүндөгү саясий күчтөрдүн интригалык жүрүштөрү жөнүндө сөз болуп жатат. Президент Жээнбеков өзүнө жакын башка күчтөрдүн таасири астында, балким, өзүнүн аппарат башчысы менен көз караштары туура келбей калган болушу мүмкүн.

"Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин кырдаал башкача болуп калды. Саясатта да өзгөрүүлөр болду, дагы да болот, анын баары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Президент өзгөргөндөн кийин саясат да өзгөрөт да. Каалайбызбы, каалабайбызбы, парламенттин да конфигурациясы өзгөрүшү мүмкүн. Ички саясатта дагы башка жүрүштөр, ички тренддер болбой койбойт. Ошонун баарын карап салмактап туруп анан кетейин деп жаткан болушу мүмкүн".-дейт журналист аналитик Айбек Султангазиев.

"Президентке өзүнүн командасы керек"

Ошол эле учурда бул окуя президент Жээнбековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясий таасиринен чыгуу аракети катары дагы каралууда. Анткени, канткен күндө да Фарид Ниязов Атамбаевдин ишенимдүү кишиси, анын Жээнбековдун шайлоо штабын башкарып, кийин анын аппаратына жетекчи болуп келиши дагы Жээнбековдун өзүнүн демилгеси же каалоосу деп айтууга болбойт дешет.

Фарид Ниязов күтүүсүз жүрүш жасаганы президент Жээнбеков күч түзүмдөрүндөгү коррупцияга аесуз күрөш жарыялаган учурга туш келди. Коопсуздук кеңеши карап чыккандан кийин УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Антикоррупциялык кызматтын башчысы Дүйшөнбек Чоткараев иштен кетти. Фарид Ниязовдун отставка сураганын ушул жолдогу окуялардын уландысы катары кароо керек дейт саясий эксперт Марат Казакбаев.

"Коррупцияга каршы күрөштүн урааны менен, балким, жаңы кадрлар келип баштайт. Мына аппараттагы чоң кызмат болгон эл аралык иштер боюнча бөлүмдүн башчысы Айзада Субакожоева бошоп кетти. Кандай болгон күндө да президентке өзүнүн командасын топтош керек да. Туура, Фарид Ниязов шайлоодо Жээнбековдун штабын жетектеп иштеди. Экөө бир партиядан. Ошондой болсо да, мына АКШны деле карагыла, президент өзүнүн командасы менен келет. Фарид Аблезимович кандай болгон күндө да Атамбаевдин кадры",-дейт Марат Казакпаев.

Саясий талдоочу Марс Сариевдин баамында, Фарид Ниязов "баасын көтөрүп" жатканга окшойт, анткени Жээнбеков аны кетире албайт, анын өзүнүн күчтүү саясий технологдор командасы жок. Ошондуктан анын арызын президент кабыл албай койгону Ниязовдун позициясын ого бетер бекемдейт.

Фарид Ниязовго бир жумага ойлонууга убакыт берилди, бул убакыттын ичинде окуя ар кандай өңүттөн өнүгүп кетиши да мүмкүн. Бирок Атамбаевдин кадрынын Ак үйдөн кете турганы дээрлик чечилген маселе деп дагы жатышат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар