"Ачык өкмөт" деген эмне?

  • Сапаргүл Абдинабиева
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
"Ачык өкмөттө" мамлекеттик кызмат көрсөтүү ыңгайлуу жана убакытты аз талап кылат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Ачык өкмөттө" мамлекеттик кызмат көрсөтүү ыңгайлуу жана убакытты аз талап кылат.

Кыргыз өкмөтү Индонезияга барып “Ачык өкмөт" өнөктөштүгү жыйынына катышып келди. Элүүдөн ашык өлкөнүн катышуусундагы бул жыйында кыргыз бийлиги “ачык өкмөткө” өтүү тууралуу баяндама жасады.

2020-жылга чейин ишке ашырылышы күтүлүп жаткан “Ачык өкмөт” деген эмне? Кыргызстанда анын ишке ашуусу канчалык реалдуу?

Айрымдарынын такыр маалыматы жок, кээлери чала-була билген “Ачык өкмөт” долбооруна өкмөт 2020-жылга чейин өткөнү жатат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгын онлайн режимине өткөрүп, электрондук мамлекет түзүүнү максат кылган бул долбоор 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын бир бөлүгү болмокчу.

“Ачык өкмөт” өнөктөштүгү деген эмне?

2011-жылы Бразилия, Индонезия, Мексика, Норвегия, Филиппин, Түштүк Африка, Улуу Британия жана Кошмо Штаттар баштаган өлкөлөр “Ачык өкмөт” Декларациясын кабыл алган. Учурда 75 өлкө мүчө. Кыргызстан бул өнөктөштүккө былтыр ноябрь айында мүчө болгон эле. Келишимге ылайык, ага мүчө бардык өкмөттөр өз өлкөсүндө жарандардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, бюрократия менен коррупцияны азайтуу үчүн жаңы технологияларды колдонуусу керек.

““Ачык өкмөт” өнөктөштүгү эл аралык демилге. Кыргызстан ага жакында эле мүчө болду. Жөнөкөй тил менен түшүндүргөндө бул долбоор “Таза коомдун” фундаменталдык программаларынын бири. Негизги ишке ашырчу багыттарыбыз бар: мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн оңой, жеткиликтүү болуусу, мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгы жана ачык маалыматтар. Учурда биз июль айында жасалчу баяндама үчүн план түзүп жатабыз”, - деди Би-Би-Сиге өкмөт башчынын кеңешчиси Гүлнура Торалиева.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мамлекетти же бийликти электрондоштуруу дүйнөдө ушул кылымдын башынан бери жүрүп келатат.

Мамлекеттик тейлөөнү электрондоштуруу

Электрондук же санариптик өлкөнүн жарандарга ыңгайлуу, пайдалуу жагы бийликтин ишин ачык кылганында. Ал жарандардын да, мамлекеттин да акчасын, убактысын үнөмдөйт, кызмат орундарын азайтат. Ал ишке ашса кандай болорун түшүндүргөн медиа-эксперт Мирсулжан Намазалынын оюнча, учурдагы өкмөт башка өлкөлөргө салыштырмалуу чындыгында жабык:

“Долбоор ишке ашса активист, журналист, депутаттар статистикалык маалыматтарды ачык алып, өз алдынча талдап, сунуш-көйгөйлөрдү аныктаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кыргызстанды Эстонияга салыштырсак, биз абдан жабык, бюрократиялашкан, маалымат алуу татаал мамлекет болобуз. “Ачык өкмөттү” куруу демилгеси көптөн бери сөз жүзүндө айтылып келип, иш катары жыйынтыгы боло элек. Алар иш жүзүндө ачык өлкө экенибизди көрсөтө албай жатышат”.

Эксперттер чөйрөсү да өкмөт аракет кылып жаткан бул долбоор чындыгында жакшы экенин айтканы менен аны ишке ашыруу жакынкы аралыкта мүмкүн эмес деп жатышат. Алар көп зарыл иштер жасалбай туруп, өкмөттүн бул долбоору жарнамаланып жатканына сын көз-карашта.

“Сөз эркиндигин коргоо”комитетинин төрагасы Адил Турдукулов электрондук өкмөттү түзүү бир топ татаал процесс экенин башынан көрүп келатат:

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Долбоор ишке ашса, саламаттык сактоо, билим берүү баш болгон дээрлик бардык тармак электрондошот деп жатышат.

“Бул абдан туура багыт. Бирок Кыргызстанда “Ачык өкмөттөн” мурда биз инфраструктуралык маселелерге көбүрөөк көңүл бурсак жакшы болмок. Анткени көп аппараттар, жабдыктар, жолдор эски, отуз, элүү жылдап ремонттолбой келатат. Керек болсо кайра оңдолду деген ЖЭБдеги соңку окуя бизде инфраструктуралык кайра жандануу болбогонун көрсөттү.

Андан сырткары, бизде “Ачык өкмөт” боюнча комплекстүү программа боло элек. Мурдагы бийлик, керек болсо Бакиев учурунда айтылган интернетти кеңейтүү, ачык коом түзүү багытындагы программанын уландысы болуп жаткандай. Андыктан азыркы өкмөт өзүн реформачыл команда катары рекламалап жаткандай көрүнүп жатат”.

Электрондук алдыңкы өлкөлөр

Мамлекетти же бийликти электрондоштуруу дүйнөдө ушул кылымдын башынан бери жүрүп келатат. Бириккен Улуттар Уюмунун 2016-жылдагы рейтинги боюнча электрондук мамлекет катары эң өнүккөн өлкөлөрдүн башында Британия, Австралия, Түштүк Корея, Сингапур, Финляндия келатат.

Электрондук мамлекет кээ учурда англиялык түшүнүк боюнча – electronic government - электрондук өкмөт деп которулуп, бийликтин ишин интернет аркылуу алаканга салгандай көрүп туруу, алардын чечим кабыл алуусуна катышуу жана байланыш технологиясы аркылуу бат, арзан, ыңгайлуу тейлөө деген мааниде. Ал интернетке негизделген инфраструктура аркылуу түзүлөт.